Новопокровкада дайынсыз жоголгон 88 жаштагы карыя табылды

Жазылуу
Ал 13-майда түштөн кийин үйүнөн чыгып кеткен болчу.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Новопокровкада 13-майда түшкү саат 14:00дөр чамасында үйүнөн чыгып кеткен 88 жаштагы Капас Бакбаев 14-майдын таңында табылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине карыянын жакындары билдиришти.

14-майда таңкы саат 4:00дөр чамасында Новопокровкадагы май куюучу жайдын жанында жүргөн карыяны ошол жерде иштеген балдар таанып, милицияга кабар беришкен.

"Ал жерде иштеген балдар интернетке чыккан жаңылыктан улам таанып, милицияга кабар беришиптир. Милиция бизге айтып, үйгө алып келдик. Абалы жакшы", — дешти туугандары.

Ал ортодо Токмок шаарынын милициясы 80 жаштагы карыяны карактап кеткендерди кармады.

Жаңылыктар түрмөгү
0