Бишкектин Кайгуул милициясына кантип жумушка орношсо болот? Талаптар

© Sputnik / Табылды КадырбековКайгуул милиция кызматкери. Архив
Кайгуул милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул макаланы ИИМдин жаңы кызматында иштегиси келгендер сөзсүз окушу керек.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Кайгуул кызматынын башкармалыгында иштейм деген талапкерлерге коюлган талаптардын тизмесин жарыялады.

Сынак 6-май күнү жарыяланган. Жаңы башкармалык ЖКККБнын ордуна келип жатат. Учурда аталган кызматта начальниктин орун басарынан кичи түзүмдүн кызматкерлерине чейин жалпы 871 бош орун бар. Сынакка жөнөкөй жарандар да катышса болот.

Талапкерлерге коюлган талаптар:

— Кичи башкаруучу түзүмдүн кызматына талапкерлердин жашы 19 жаштан ылдый эмес, 30 жаштан жогору болбошу керек. Ал эми улуу башкаруучу түзүмдө иштейм дегендердин курагы 21 жаштан ылдый эмес, 35 жаштан өйдө болбошу зарыл.

— Буга чейин соттолгон эмес;

— "В" категориясындагы айдоочулук күбөлүк;

— аскердик күбөлүк (эркектерге);

— офицерлик кызматтарга иштейм дегендерге жогорку билими тууралуу аттестат, катардагы кызматтарга кирүүчүлөрдүн орто билими тууралуу күбөлүгү болушу шарт;

— эркектердин бою — 170 сантиметрден, аялдардыкы 165 сантиметрден ылдый болбошу керек.

Кандай документтер керектелет?

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтердин көчүрмөлөрү талап кылынат:

— кайсы кызматка талапкерлигин көрсөтүп жатканы белгиленген арыз;

— туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана паспорт;

— Эгер никеде турса, үйлөнгөндүгү тууралуу күбөлүк;

— Эгер балдары бар болсо, алардын туулгандыгы тууралуу күбөлүк;

— аскердик билет (аялдарга сөзсүз эмес);

— тийиштүү билим алгандыгын, квалификациядан өткөнүн же кошумча билим алгандыгын тастыктаган документтер;

— Эки түрдө жазылган автобиография (колдон жазылган жана компьютерге терилген);

— толтурулган анкета;

— "В" категориясындагы айдоочулук күбөлүк;

— Мүнөздөмө, сунуштама (эгер бар болсо);

— 9х12 түрүндөгү сүрөт (бир экземпляр) жана 3х4 форматындагы сүрөт (төрт экземпляр).

Тест

Талапкерлердин сабаттуулугун текшерүү үчүн "Текстти окуп түшүнүү" деген тест өткөрүлөт. (Ал орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн жалпы республикалык тестирлөө системасы боюнча акы төлөп өткөрүлөт). Тесттин үлгүсү менен testing.kg сайтына кирип тааныша аласыздар.

Заместитель начальника ГУПМ МВД КР Ыманалы Саркулов - Sputnik Кыргызстан
Айдоочуларды кур тагынууга чакырган Саркулов күлкүгө калды. Видео
Ошондой эле аталган кызматка кирем дегендер аскердик-дарыгерлик комиссияга барып дене тарбия боюнча даярдыктан өтүшөт. Эркектер 100 метрге жана 3 чакырымга чуркашат. Турникке тартылып, жерден түртүнүшөт. Ал эми аялдар 100 метр жана бир чакырымга чуркап, далысы менен жерге жатып, тулку боюн өйдө көтөргөн дене тарбия көнүгүүсүн жасайт.

Сынактан өткөн талапкерлер ИИМдин академиясынын алдындагы үч айлык курста окуйт. Окуу аяктагандан кийин экзаменден өткөн талапкерлер милициянын Кайгуул кызматынын башкармалыгында иштеп баштамакчы.

Документтерди кабыл алуунун акыркы мөөнөтү ушул жылдын 6-июнунда аяктайт. Документтер иш күндөрү Валиханов, 1а көчөсүндө кабыл алынат.

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефон номерлерине чалсаңыздар болот:

(0312) 63-09-01, (0312) 63-02-53.

Жаңылыктар түрмөгү
0