04:26 26 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR78.1272
  • RUB1.0811
Чалгынчы А. Овечкин 13-жашар баласы Николай менен Улуу Ата-Мекендик согушта. Архивдик сүрөт

Чолпонбайдын эрдигин кайталаган өспүрүм. Полктун унутулгус уул-кыздары

© Sputnik / Александр Фридлянский
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Алмаз Батилов
Улуу Жеңиштин 74 жылдыгын белгилөө (24)
584 0 0

Улуу Ата Мекендик согуштун учурунда фашисттик Германия менен анын өнөктөштөрүнө каршы согушка 6 жаштан баштап 16 жашка чейинки 300 миңге жакын өспүрүм катышкан. Дал ушул жаштардын эрдиги тууралуу колумнист Алмаз Батилов айтып бермекчи.

Жаш балдар партизандык отряддар менен Кызыл армиянын жана аскердик деңиз флоттун курамында согушуп, көпчүлүгү медаль жана орден менен сыйланган. Бул өспүрүмдөрдүн айрымдарына кан майданда баатырларча курман болгондон кийин өзгөчө эрдиги үчүн "Советтер Союзунун баатыры" деген наам берилген. Ошол эле убакта өспүрүмдөр тылда да күнү-түнү уйку бетин көрбөй талаада, завод-фабрикаларда жана аскердик госпиталдарда иштеп, Улуу Жеңишке зор салымын кошкон. 

Полктун уул-кыздарынын пайда болушу

Самый маленький солдат Красной Армии во время ВОВ Сережа Алешков
© Фото / предоставлено Курским музеем юных защитников Родины
Улуу Ата Мекендик согуш учурунда советтик армиядагы эң кичинекей жоокер, 6 жашар Сережа Алешков болгон. Сталинграддагы салгылашууда Сережа командиринин өмүрүн сактап калат. Баланын мындай эрдигин уккан 8-гвардиялык армиянын аскер башчысы, даңазалуу генерал Василий Чуйков, ага “вальтер” тапанчасын белек кылат. Мамлекет болсо “Күжүрмөн эрдиги үчүн” медалы менен сыйлайт.

1941-жылы 22-июнда фашисттик Германия менен анын өнөктөштөрү СССРге кол салып, Улуу Ата Мекендик согуш башталат. Фашисттердин мыкаачылыгынан советтик балдардын көбү ата-энесинен жана бир туугандарынан айрылган эле. Өспүрүмдөр партизандар жана Кызыл армиянын катарына баскынчылардан өч алыш үчүн кошулган. Тарыхчылардын пикиринде, дал ушул өспүрүмдөр айрым учурларда фашисттик Германия жана анын өнөктөштөрү басып алган аймактарда партизандык кыймылдарды уюштурганга түрткү болгон. Алар артка чегинген советтик аскердик бөлүктөр менен немистердин таштап кеткен курал-жарагын чогултуп, токойго катып, кийин партизандарга беришкен.

Партизандык отряддар жана полктун уул-кыздарынын каармандыгы

Ветеран ВОВ Конченков Иван, который воевал с 15 лет в партизанском отряде
© Фото / предоставлено Курским музеем юных защитников Родины
Иван Конченков 1942-жылы 15 жашында Курск аймагындагы партизандык Чкалов атындагы отряддын катарына туруп, немис баскынчыларына каршы согушкан. 1943-жылы 605-аткычтар полкунун уулу болуп, Курск менен Орел салгылашуусуна катышкан. Оор жарадар болуп, дарылангандан кийин Ыраакы Чыгышка аскердик кызматка которулган. Конченков 1945-жылы август жана сентябрь айында Японияга каршы согушка да катышкан. Иван Улуу Ата Мекендик согуштун I жана II даражадагы ордендери жана “Эрдик”, "Улуу Ата Мекендик согуштун партизаны" медалдары менен сыйланган. Бүгүнкү күндө Конченков Челябинск облусунун Копейск шаарында жашайт.

Расмий маалыматка таянсак, Улуу Ата Мекендик согушка өспүрүм курактагы 300 миңге жакын балдар менен кыздар катышкан. Анын ичинен белорус партизандык кошуундарда 74 500 уул-кыздар курал көтөрүп, немистерге каршы согушкан. Өспүрүмдөр мусапыр болуп же мал кайтарган бала өңдөнүп, душмандын тылында чалгын иштерди жүргүзгөн. Мындан сырткары, алар чоңдор менен катар немистердин тылында темир жол, көпүрөлөрдү жардырып жана башка диверсиялык жумуштарды жасашкан. Ал эми туткунга түшкөндөрдү фашисттер дароо эле кыйнап өлтүрүшкөнү белгилүү. Мындай эрдиги үчүн Леня Голиков, Валя Котик, Марат Казей, Александар Чекалин өңдүү өспүрүмдөргө курман болгондон кийин "Советтер Союзунун Баатыры" наамы берилген. 

Ветеран ВОВ Котельников Петр, который в 15 лет защищал Брестскую крепость
© Фото / предоставлено Курским музеем юных защитников Родины
Петр Котельников. 333 жана 44-полктун тарбиялануучулары 15 жаштагы Петя Клыпа менен 12 жаштагы Петя Котельников Брест чебин коргоого катышкан. Бул эрдиги үчүн Котельников “Кызыл “Жылдыз” жана “Улуу Ата Мекендик согуштун” ордендери менен сыйланган.

1944-жылы өлкөбүз Чекалиндин баатырлыгына жогорку баа берип, Тула облусунда жайгашкан мурдагы Лихвин шаарына анын ысымын ыйгарган. Александрдын иниси Виктор да полктун уулу эле. Ал "ага лейтенант" наамында Жеңишти Берлинден тоскон. Көпчүлүк учурда фронт өткөн жерде жетим балдар жана кыздар көп болгондуктан советтик жоокерлер менен суучулдар боору ооруп, ал балдар менен кыздарды асырап алышкан. Мындан сырткары, өспүрүмдөр фашисттерге каршы күрөшүш үчүн атайын фронтко качып да келишчү. Ал эми кээ бир офицерлер балдарын тылга таштай албай, фронтко алып кеткен. Тарыхта бул өспүрүмдөрдү полктун уулдары менен кыздары деп аташчу. Аскердик деңиз флотунда мындай балдарды юнга деп коюшчу. 

Ветеран ВОВ Сергей Пятовский, который с 13 лет работал санитарным врачом в военном вагоне
© Фото / предоставлено Курским музеем юных защитников Родины
Сергей Пятовский (ортодо). Сергей 1943-жылдын 1945-жылдын 12-августуна чейин өз ыктыяры менен аскердик дарыгер атасына кошулуп, 13 жашында аскердик вагон ооруканада санитар болуп иштеген. Сергей дагы Жеңишти Берлинден тосуп, фашисттик Германиянын символу болгон Рейхстагда “Биз жеңдик” деп кол тамгасын калтырган.

Полктун балдарын аскердик бөлүктөр толугу менен камсыз кылып, аларды ар түрдүү чарбалык иштерди аткарганга чектечү. Кыздар госпиталдарда санитар болуп иштечү. Мисалы, атактуу советтик актриса Элина Быстрицкая 13 жашында өз ыктыяры менен 1941-жылдан 1944-жылга чейин аскердик вагон ооруканасында адегенде санитарка, андан соң медайым болуп иштеген. Мындай күжүрмөн эрдиги үчүн "Улуу Ата Мекендик согуштун экинчи даражадагы" ордени менен сыйлаган. 

Ветеран ВОВ Марлен Топчиян, который в 9 лет ушел в фронт (в центре)
© Фото / предоставлено научно-популярным журналом иллюстрированный междисциплинарный журналом Новосибирского академгородка
Марлен Топчиян. 1943-жылы 9 жашар Марлен фронтко качып келип, авиацияны камсыздоочу полктун катарына кабыл алынат. 1945-жылы Топчиян Жеңишти Берлиндин жанындагы Зюненвальд кыштагында тоскон. Марлен “Улуу Ата Мекендик согуштун” II даражадагы ордени менен сыйланып, согуш бүткөндөн кийин илимий жолду тандап алган.

Советтик армиядагы эң кичинекей жоокер 6 жашар Сережа Алешков болгон. Согушка чейин Сережанын үй-бүлөсү Калуга облусунун Грынь айылында жашачу. Согуш башталганда атасы менен эки агасы фронтко кеткен. Атасы кан майданда каза болот. Айылын немистер басып алып, Алешковдун энесин жана 10 жашар агасы Петяны партизандарга жардам бергени үчүн өлтүрүшөт. Сережа фашисттерден токойго качат. Адашып, бир жума ачка калат. Ошондо аны кокусунан 142-гвардиялык аткычтар дивизиясынын чалгынчалары таап алышат. Аянычтуу абалын көргөн дивизиянын 47-гвардиялык аткычтар полкунун командири, жаш майор Михаил Воробьев кичинекей баланы бөлүктө калтырат. Ошентип Сережа полктун уулу болуп калат. Алешковдун эң башкы милдети — жоокерлерге ок жана үйдөн келген каттарды ташып берүү эле. Тыныгуу учурунда ал аскерлерге ырдап берчү. Сережа бүт дивизиянын сүймөнчүгү болсо да майор Воробьев аны өз баласындай көрчү. Кийин ал Алешковду асырап алат. Сталинграддагы салгылашууда Сережа экинчи атасынын өмүрүн сактап калганы да маалым. Баланын мындай эрдигин уккан 8-гвардиялык армиянын аскер башчысы, даңазалуу генерал Василий Чуйков ага "вальтер" тапанчасын белек кылат. Ал эми мамлекет Сережанын каармандыгын баалап, "Күжүрмөн эрдиги үчүн" медалы менен сыйлайт. 

Ветеран ВОВ Саша Подобед, который в 12 лет присоединился к партизанскому отряду Лазо в Белоруссии
© Фото / предоставлено Курским музеем юных защитников Родины
Саша Подобед. 1942-жылы ал 12 жашта эле. Белоруссиядагы Лазо атындагы партизандык отрядга кошулуп, чалгынчы болгон. Каармандыгы үчүн Саша “Эрдик” медалы менен сыйланган. Согуш бүткөндөн кийин аскердик окуу жайга тапшырып, окуган. Подобед өмүрүн өлкөбүздүн коопсуздугуна арнаган.

Полктун уулдары менен кыздары жоокерлердин өмүрүн сакташ үчүн курман да болгон. 17 жаштагы Маша Щербак Курск салгылашуусунда оор жараат алган аскерге медициналык жардам берип жаткан учурда жанына снаряд жарылат. Маша жарадар болгон жоокерди коргоп, аны денеси менен жаап курман болот. Ал эми 1944-жылы 23-июнда 13 жашар Петя Филоненко Гомель Бобруйск трассасында жердешибиз Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдигин кайталайт. Петя денеси менен дзоттун амбразурасын жапкан. Эң кызыгы, ал оор жаракат алса да тирүү калган эле. Жарым жылдын ичинде дарыгерлер ага 12 операция жасап өмүрүн сактап калышкан. Филоненко ооруканадан чыккандан кийин кайра катарга кошулуп, полку менен Берлинге чейин жеткен. Петяга окшоп полктун далай уулдары Жеңишти Берлинден тосуп, фашисттик Германиянын символу болгон Рейхстагда "Биз жеңдик" деп кол тамгасын калтырышкан. 

Ветеран ВОВ Иван Суржиков, который в 14 лет присоединился к 105 полку 65-ой армии СА (в центре)
© Фото / предоставлено Курским музеем юных защитников Родины
Иван Суржиков. 1943-жылы 14 жашында 65-армиянын 105-полкунун катарына кошулат. Башка жоокерлер сыяктуу өмүрүн тобокелге салып, согушта ар түрдүү тапшырмаларды аткарчу. Бирок Суржиков фронтто убактылуу тынчтык болгондо аскерлердин алдында ырдаганды жакшы көрчү. Өзгөчө анын ырдаганын атактуу аскербашчы Рокоссовский абдан жактырчу. 1949-жылы Иван советтик армиядан демобилизация болгондон кийин Рокоссовский ага өнөрүн улантканга жардам берген. Суржиков совет элинин сүймөнчүктүү ырчысына айланды.

Ошол эле учурда өспүрүмдөр тылда да күнү-түнү уктабай талаада, завод-фабрикаларда жана аскердик госпиталдарда иштеп, Улуу Жеңишти жакындатканын унутпашыбыз керек.

"Эгер мен өлүп калсам..."

1944-жылы белгилүү советтик жазуучу Валентин Катаев "Полктун уулу" аттуу повестин жазат. 1943-жылы ал кан майданда аскердик корреспондент болуп иштеп жүрүп, аскердик бөлүктө советтик жоокердин формасын кийген өспүрүмгө көзү түшөт. Катаев бала жөнүндө полктун командиринен сурайт. Командир ал баланы чалгынчылар токойдогу жер төлөдөн таап келгенин айтат. 

Ветеран ВОВ Клара Рябова открыла первый музей детям полков в городе Курск
© Фото / предоставлено Курским музеем юных защитников Родины
Клара Рябова. Курск шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Рябова 1977-жылы февралда СССРде биринчи жолу Курск шаарында полктун уулдары менен кыздарына арнап музей ачкан. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө да мындай музей бүткүл постсоветтик аймакта жок.

Катаев фронтто мындай полктун уулдары менен кыздардын далайын көрөт, бул көрүнүш полктун уулдары жөнүндө чыгарма жазууга түрткү берет. Автор чыгармасында полктун уулу өспүрүм Ваня Солнцевдин тагдыры тууралуу жазат. Ванянын атасы фронтто курман болот, энесин фашисттер өлтүрөт, чоң энеси менен карындашы ачкачылыктан каза болот. Солнцевди немис жандармериясы балдар изоляторуна камайт. Бирок Ваня ал жактан качып, Полесьянын чер токойлорунда айла жоктон тентип, башынан азап-тозокту өткөрөт. Аны жер төлөдөн советтик чалгынчылар таап, асырап алышат. Ошентип Солнцев полктун уулу болуп калат. Ваняны чалгынчылардын командири, капитан Еникаев өз уулундай көрөт. Солнцев мал кайтарган бала сыяктуу кийинип, немистер ээлеген аймактарга чалгынга барып, баалуу маалымат таап келчү. Бир жолу фашисттер Ванядан шексинип камап салганда чалгынчылар аны куткарып алышат. Тилекке каршы, капитан Еникаев бир кагылышууда курман болот. Анын чөнтөгүнөн "Каза болсом Ваняга көз салып, кийин мыкты офицер болушуна жардам бергиле" деген өтүнүч катын табышат. Еникаевдин керээзин аткарып, Солнцевди полктун командири жаңы ачылган Суворов атындагы окуу жайына окууга жиберет. Ваняны полктон чалгынчылар узатат. 

Ветеран ВОВ Виталий Смирнов, который присоединился к Красной Армии в 1942 года в 12 лет.
© Фото / предоставлено МИД Республики Беларусь
Смирнов Виталий Степанович. Ал 1942-жылдын март айында 12 жашында Кызыл Армиянын катарына кошулуп, 1944-жылдын сентябрь айына чейин немис баскынчыларына каршы күрөшкөн. Виталий эрдиги үчүн “1941-1945 жылдары Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңиши” медалы менен сыйланган. Смирнов Беларус ССРнин БУУда туруктуу өкүлү, андан кийин Пакистан жана Бангладеште СССРдин элчиси болуп иштеген.

Катаевдин повестинин негизинде 1946-жылы биринчи жолу, андан кийин 1981-жылы экинчи жолу "Полктун уулу" аттуу көркөм тасма тартылган.

Полктун уулдары жана кыздары үчүн ачылган окуу жай

1943-жылы генерал-лейтенант Алексей Игнатьевдин демилгеси менен СССРде согушта каза болгон аскерлердин балдары жана полктун уул-кыздары үчүн Суворов атындагы тогуз аскердик окуу жайы ачылат. Бул окуу жайдан көрүнүктүү офицерлер, космонавттар, илимпоздор, жазуучулар, мамлекеттик жана маданий ишмерлер чыккан. Алардын арасында космонавттар Константин Феоктистов, Владимир Шаталов, генерал-майор Сергей Грязнов, даңазалуу маршал Константин Рокоссовскийдин жардамчысы, ырчы Иван Суржиков, дипломат Виталий Смирнов, жазуучу Валентин Пикуль жана окумуштуу Марлен Топчиян бар.

1977-жылы февралда СССРде биринчи жолу Курск шаарында полктун уулдары менен кыздарына арналып музей ачылат. Мындай музей башка постсоветтик аймакта жок.

Тема:
Улуу Жеңиштин 74 жылдыгын белгилөө (24)

Тема боюнча

2 млн. жылкы өлгөн... Улуу Жеңишке Монголиянын кошкон салымы
Белгилер:
жай, окуу, командир, Улуу Ата Мекендик согуш

ЭҢ МААНИЛҮҮ