00:33 27 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR78.1272
  • RUB1.0811
Электрондук урна. Архив

БШК жергиликтүү депутаттарды шайлоо үчүн бюллетендерин региондорго жөнөттү

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
126 0 0

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо ушул жылдын 19-майына белгиленген.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөлөрү жана кызматкерлери жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүү үчүн 54 783 шайлоо бюллетенин региондорго өткөрүп берди. Бул туурасында БКШнын маалымат кызматы билдирди.

Бюллетендерди өткөрүп берүү "Учкун" ААКынын имаратында 7-май күнү өттү. Жергиликтүү кеңеш шайлоосу ушул жылдын 19-майына белгиленген. Шайлоого катышуу үчүн 569 талапкер катталган.

Бюллетендер Баткен (13 721), Нарын (1 825), Ош (22 821), Талас (8 409) жана Чүй (8 007) облустарынын аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүп берилген.

Тема боюнча

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу боюнча мыйзамга өзгөрүү кирди
Белгилер:
бюллетень, жергиликтүү кеңеш, депутат, шайлоо, БШК

ЭҢ МААНИЛҮҮ