Бишкекте эл ташыган маршрутка аласалып кетти

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүТез жардам унаасы. Архивдик сүрөт
Тез жардам унаасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык Рыскулов менен Кулуев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Бишкекте жүргүнчү ташыган маршрутка жеңил автоунаа менен кагышып, аласалганын күбө Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Уголовное ответственность на нарушение ПДД - Sputnik Кыргызстан
Жол кырсыктан соң из жашырып кеткен айдоочу Бишкектен табылды
Анын айтымында, кырсык 1-майда саат 7:20лар чамасында Рыскулов менен Кулуев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Маршрутка Honda Fit автоунаасы менен кагышкан.

Бишкек шаардык жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кырсык болгонун ырастады. Бирок окуянын чоо-жайы тууралуу кийин толук маалымат берилет деп ишендирди.

Жол кырсыктан жабыркаган беш киши ооруканага жеткирилген. Жаракат алгандардын арасында балдар жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0