21:54 21 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.8618
  • RUB1.0823
Чачын кармаган жигит. Архивдик сүрөт

Жаштардын чачын эмнеге ак басып кетет? Окумуштуулардын жообу

CC BY 2.0 / William Brawley / "this hair needs to go!"
Коом
Кыскача шилтеме алуу
607410

Адистер 30 жаштан 60 жашка чейинки 54 миң адамдын саламаттыгына байкоо салышкан.

БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Испаниянын окумуштуулары кээ бир адамдардын чачын эмнеге эрте эле ак аралап кетерин аныкташканын "Известия" жазды.

Адистер 30 жаштан 60 жашка чейинки 54 миң адамдын саламаттыгына байкоо салышкан. Анын натыйжасында, ак чачтын пайда болушу организмдин карышына байланыштуу эмес экени аныкталды.

Окумуштуулардын айтымында, чачтын түсүнө глутатион пигменти жооп берет. Организм аны оор илдеттер менен күрөшүү үчүн дагы колдонот.

"Жүрөк-кан тамыр оорулары жана Альцгеймер дарты пайда болор алдында организм аны менен күрөшүү максатында глутатион затын чачтан алат. Мындан улам чачка ак түшүп кетет", — дешти изилдөөчүлөр.

Мындан сырткары, генетикалык өзгөрүүлөргө байланыштуу дагы чач агарып кетери белгиленди. Ал эми "стресс дагы чачты агартат" деген божомолду окумуштуулар четке какты.

Тема боюнча

Чала уйку менен иштеги стресс адамдын кайсы органын жабыркатары айтылды
Белгилер:
чач, Окумуштуулар, Испания

ЭҢ МААНИЛҮҮ