Сооронбай Жээнбеков Бишкек кандай шаар болушу керектигин айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Сооронбай Жээнбеков. Архив
Президент Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент куттуктоосунда Бишкек Кыргызстан элинин турмушунда өзгөчө орунду ээлей турганын белгиледи.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды жана борбор калаанын тургундарын Бишкек шаарынын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков куттуктоосунда Бишкек Кыргызстан элинин турмушунда өзгөчө орунду ээлей турганын белгиледи.

"Бишкек "жашыл калаа" деген өзүнүн мурдагы даңкын кайтарышы керек. Таза аба, бак-дарактар шаардын башкы байлыгы болушу абзел. Бишкек — келечекке умтулган шаар. Биз заманбап стандарттарга шайкеш келген шаарды курушубуз керек. Келечекте биздин борбор шаарыбыз Евразия чөлкөмүндөгү ири эл аралык кызматташтык борборлордун бирине айланарына шек жок. Биздин ордо калаабыз азыркыдан да таза, коопсуз жана жашоого ыңгайлуу шаар болот деп ишенем", — деди мамлекет башчы.

Президент, андан сырткары, ар бир үй-бүлөгө кут, береке, тынчтык жана байгерчилик каалады.

Белгилей кетсек, бүгүн, 29-апрелде, кечки саат 19:00дө Бишкек шаарынын күнүнө карата борбордук "Ала-Тоо" аянтында майрамдык концерт өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0