09:53 23 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7961
  • EUR77.4597
  • RUB1.0636
Манас эпоснун каарамандары чагылдыралган шахмат фигуралары. Архив

Манастын колуна кыргын салып... Калк энеси Каныкей тууралуу 15 факты

© Sputnik / Мамадалиев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Абдыкерим Муратов
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (295)
85330

"Манас" эпосунда "үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган" Каныкей Манас баатырдын жары гана эмес, сулуулуктун, уздуктун, акылмандыктын символу катары кыргыз кыйырында кылымдар бою аялзатына идеал катары жашап келет.

Биз бүгүн ошол каарман тууралуу 15 факты сунуш кылабыз.

Санирабигадан — Каныкейге. Бул каармандын өз аты Санирабига болуп, Манаска жар болгон соң кыргыздар арасында Каныкей аталып калат, бул "хан никейи", "хандын никедеги аялы" дегенди туюндурат.

Улуту жана кимдин кызы экендиги тууралуу маалыматтар ар түрдүү. Айтуучулардын айрым варианттары боюнча ал Кыйба же Кейип хандыгынын ханы Атемирдин кызы, кээ бир варианттарда Темиркан кызы, дагы бирөөлөр Карахан (Каракан) кызы деп айтышат. Бардык эле варианттарда белгилүү элбашынын бойго жеткен кызы болгон. Аны Букар ханынын кызы, улуту тажик дегендер да, жөн гана ошол жакка сүрүлгөн кыргыз хандарынын биринин кызы, атүгүл өзбек кызы деген пикирлер да айтылып жүрөт. Тажик президенттери, жазуучулары расмий жыйындарда да биздин кыз, Манас биздин жезде деп айткан учурлар бар.

Жакып хандын жактырган кызы. Баласы Манаска кыз издеп элден эл, жерден жер кыдырып жүрүп Жакып бир күнү суу боюна келген суйкайган сулууларга назары түшөт. Алардын бирин мындай деп жактырат: "Жыла сүйлөп, шыңк этип, акыл толгон кези экен", "Оюн терең жиберип, оң жагынан имерип", "Үзүлгөнүн улаган", "Жеткире акыл ойлогон, тереңдик жайы бар экен", "Кылган иши баары амал, кызылдай бою сарамжал". Бул кызды тапканы — Жакып хандын көрөгөчтүгү. Хан Жакып ага куда түшмөккө камынат. Кыздын атасы Жакып ханды качырып, оңбогондой арбын, эч кимдин күчү жетпес калың сурайт.

Кыргыз тарыхында эң кымбат калың төлөнгөн кыз. Хан Жакып болочок келини үчүн эч нерсе аябайт. Алтымыш нар комдотот, ага сомдогон алтын жүктөтөт, он алты төөдө ак күмүш, калыңга делген алты сан малды алтымыш миң киши айдайт. Жолдо малга жапайы жаныбарлар кошулуп, Букарды малдын баары, жандын баары басып калат. Анан Жусуп Мамайдын варианты боюнча бай Жакып мындай дейт:

Кадырлуу куда, сыйлуу сөөк,
Биз болобуз, Карахан.
Кылыгың түздө, кыз үйдө,
Сен болосуң, Карахан.
Асмандагы жылдызды,
Сууда жүргөн кундузду,
Башымдагы чачымды,
Оозумдагы тишимди,
Сага арнадым Карахан.

Ушундай байлык менен Жакып кыз калыңын берип, макулдук алат.

Кыргыз колуна кыргын түшүргөн кыз. Санирабига Манас чоролору менен теңсинбей келгенде "өрүмдөн чачы өтө элек, өзү бала секелек" болсо да, Чубак менен жекеме-жеке чыгып, намыс талашат, эрдик, баатырдык кылып, "Букарды төрт жолу курчоодон" куткарат. Атүгүл түн ортосунда уруксат сурабай үстүнө кирип барган Манастын билегине канжарын тартып ийип, болочок жарын жарадар да кылат.

Каныкейдин акылмандыгы. Каныкей Манас баатырдын бала төрөп берген жары гана эмес, анын акылгөй кеңешчиси. Ал бир нече жолу Манасты акылмандыгы, көрөсөндүгү, сабырдуулугу менен ажалдан арачалап калат. Манасты Көзкамандар алдап алып барып, ууктуруп, жок кыла турганын билип калып, эч кимдин алы келбей жатканда Каныкей өңөрө качып, өлүм коркунучунан аман алып чыгып кетет.

Манасчылардын Каныкейге берген баасы. Аны эпосто "Ал Каныкей капыры, адамдан бөлөк акылы... ", "Оюн терең жиберип", "Үзүлгөнүн улаган", "Ыраазы кыла сөз айткан", "Кылган иши баары амал", "Он асыйга тең экен", "Акылга дыйкан даанышман", "Тула бою нур экен", "Боюнда жалгыз арстан", "Көкүрөк жайык келишкен", "Алакан жайык, колу ачык", "Ак көрпө жайыл ургаачы", "Жабылуу катар кара инген", "Жакшысы элге билинген", "Манасты Манас кылган Каныкей", "Алты айчылык кырсыкты алдын ала айта алат" ж.б. саптар менен мүнөздөйт. Саякбай Каралаев "Узун чачтын ыктуусу, ургаачынын мыктуусу, кең көйнөктүн тазасы, ургаачынын паашасы" деп сүрөттөйт. Каныкей — кара сурдун сулуусу, ала жипти аттабаган аруу ургаачынын мыктысы, жакшылык менен жамандыкты алдын ала көкүрөк көөдөнү аркылуу билген олуя, жети өлчөп бир кескен даанышман, окуя-кырдаалдын кайда агып баратканын билген көрөгөч, бүт баарын алдын ала жасап койгон сарамжалдуу, эл башына күн түшүп турганда, атүгүл, айлакер. Мындай оң сапаттары эпопеянын "Көкөтөйдүн ашы", "Чоң казат", "Каныкейдин жомогу" бөлүмдөрүндө, Манастын сөөгүн жашырууда, ага арнап атайын күмбөз салдырууда, беренден калган туягын душман колуна салып бербей алып качууда, аны бөтөн журтта тарбиялоодо, Тайторуну чабууда өзгөчө көрүнөт.

Театр жана кино актрисасы, СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреты Даркүл Күйүкова(солдон биринчи). Архив
© Фото / из семейного архива Абдубачаевых
Уздугу даңаза катары азырга чейин даңкталып келет. Бээжинге согушка жиберерде кырк жигитке Каныкей баштаган канизектер бүт керектүү кийимдерин даярдап берет. Эпосто алардын ар биринин даярдоо технологиялары, курамы, кийүү мезгили так көрсөтүлөт. Мисалы, эгерде калпак Каныкейдин билимине, кол өнөрчүлүгүнө чейин териден эле жасалып кийилген болсо, Каныкей кырк бийкеч менен кырк күн узанып отуруп, кийиз калпакты ойлоп тапкан, анын аппак тоо сыяктуу башка кийгизилген жагынын чокусуна кыпкызыл чок тагылган, астына капкара кең кыр салынган. Жусуп Мамайдын варианты боюнча бул калпакты кырк күн кийип жатсаң кыргагына кыр жукпайт, тигишине бит турбайт, Анжияндын ак шайысын, Наменгендин сурпун пайдаланат, кандагай менен каптатат, тармал ириктин жүнүн төрт талаа кылып кийизин жасатат, тигишине милте чаптырат, тышынан чыраш тарттырат, ичинен шайы ичтетет, жээгине кара карматат, борго кошуп болоттон, арасына ширетет, "бүйүрмөлүү оозу бар, бапык таккан боосу бар", "мылтык атса ок өтпөс, милте жанса чок өтпөс, чапса кылыч кесе алгыс, сайса найза теше алгыс" баш кийим болот. Каныкей мына ушул баш кийимди ойлоп таап, аны согуштук-аскердик максатта пайдаланууга ылайыктайт да, "ак калпак" деп ат коёт. Аскерлердин жоого ак калпак кийип кирген учурлары болгон, ак калпакчандар душманын сүрүп, алыстан эле аппак болуп калпактары көрүнгөн, дал ошол калпак алардын маанайын көтөрүп, кубат берген. Ак калпактарды көргөндө душман апкаарып турган. "Ак калпак" кыргыз аталган. Эпосто Каныкей ойлоп тапкан калпактын бир топ түрү менен кездешебиз: 1. Манас калпак. 2. Бакай калпак. 3. Чоролордун калпагы. 4. Семетей калпак. 5. Аксакалдардын, байлардын калпагы. Демек, Каныкей ак калпакты ойлоп тапканда ар бир адамдын мансап-даражасын, зоболосун эске алып, баш кийимдин бычымын ошого ылайыктаган. Каныкей кышка кийүүгө деп жигиттерге тумак тигет. Ал тумактын ичи суусар, тышы буулум (сооттой калың кездеме) менен тышталат, үч талаа кылып бычтырат, алкым бүчүсүн айкаштыра түйүүгө ылайыктайт, баргек чоктолот. Ак кийими кирдесе жигиттердин көңүлү чөгөт деп Каныкей ар бирине "Он эки көйнөк, он дамбалдан, ак чүчтө көйнөк, суп дамбалдан" камдап берет, атүгүл, чоң куржундун түбүнө кокус кез келсе өлүм башына деп кепин тонун кошо салат. Узун сүлгү, кыска сүлгү, чопкут берет. Андан кийин кырк жигиттин тондору, шым чалбары, кош жылаажын салдырган өтүгү, кемер куру, оттугу, бычагы, белбоосу, милтеси, тинтеси ж.б. даярдалган.

Каныкейдин дарыгерчилиги. Манас жараланып, жарасы улам ырбап жатканда Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Каныкей үзүктөй калпак эр Шуутуну Мысыр менен Багдатка жиберип апы, үпү деген дары алдырат, Желпиништи чалдырып, кайнатма кара дары таптырат, анан: "Кайнатма кара дарыдан, баягы кайран катын Каныкей, жарасына салды эми, ар чириктин баарысын, кузгундатып тептирип, тышынан сууруп алды эми, кырма кызыл дарыны, жеңең ичинен баса берди эми, ошондо ооруган жери басылып, кабылан султан каныңдын, умачтай көзү ачылып, кубаттанып тирденип, ошондо, курган төрө ирденип", кайра Таласка көчүп кетүүгө жарайт. Чоң Казатта Алмамбет катуу жараланган учурда да Каныкей ага дары берип, урушка кайра кирүүгө даярдап чыгарат.

Кошой кийген кандагай. "Манас" эпосундагы эң эле трагедиялуу да, оор да учурлардын бири Кошойдун Жолой менен күрөшө турган учурунда кие турган шым таппай айла куруп турган кез. Муну алдын ала билген Каныкей ага чактап кандагай шым тигип койгондугу, аны кийип Кошойдун Жолой дөөнү жеңип чыгышы ар бир кыргыздын канын дүргүтөт.

Саяпкерчилиги. Каныкейдин бул өнөрү Аккуланы таптаган учурда көрүнөт, ага "күрүчтөн күндө жем берет, күндө терин алат". Кийин төлгө кылып Семетей таята журтунда жүргөндө Тайторуну байгеге таптап, аламанга кошот жана жеңишке жетет.

Кайып болуп кетүү. Каныкей трилогиянын үчүнчү "Сейтек" бөлүмүндө да Сейтектин чоң энеси катары көрүнөт. Анан манасчылар сүйүктүү каармандарын өлүмгө ыраа көрбөгөндүктөн Каныкей Бакай, Семетей, Айчүрөк менен кошо кайып болуп кетет.

Эң биринчи диссертация. "Манас" эпосу боюнча биринчи кандидаттык диссертация Каныкейдин образына байланыштуу жазылган. 1962-жылы корголгон бул эмгектин автору Самар Мусаев, ал "Каныкейдин образы" ("Манас" эпосунун элдүүлүк проблемасына карата") деп аталат. Андан кийин С.Байгазиев "Аялзаттын тунугу, ак жоолуктун улугу Каныкей — Ала-Тоолук кыздардын руханий-адептик маягы", Неля Бекмухамедова "Эволюция женских образов эпоса "Манас" ж.б. китептерин жазышат. Роза Кыдырбаева: "Манасчылар Каныкей тууралуу жогорку нота менен гана айтат, "үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган" деген салттуу формуланы аны менен көп жолу кошо кайталап айтып турушат", — деп белгилейт.

Каныкейге байланышкан жер-суу аттары: 1. Каныкейдин үңкүрү. Нарын облусунун Ат-Башыдан Ак-Сай өрөөнүнө аша берген Ичке жана Таш-Рабат ашууларындагы бир үңкүргө Каныкейдин үңкүрү деген ат берилген. Ал жерге Каныкей түнөп кеткендиги уламыштарда айтылып келет. 2. Каныкейдин булагы. Каныкей булак же Каныкей апанын булагы Таластагы Манастын күмбөзүнүн түштүк-батыш жагында жайгашкан жана ага келген зыяратчылардын аягы такыр үзүлбөйт. 3. Каныкейдин Кең-Көлчүк. Жаш кезинде ал кыздар менен сейилдеп жүргөн жер. 4. Каныкейдин Көтөрмө. Бул Үч-Кошойдун оюндагы жердин аты.

Каныкейдин образы искусство чыгармаларында. Бул образ "Саякбай", "Манастап ураан чакырып... " ж.б. кинофильмдерде, Жалил Садыковдун "Айкөл Манас", "Манастын уулу Семетей", "Сейтек" драмаларында, "Манас" операсында, Теодор Герцендин иллюстрацияларында, Кадыркул Орозматовдун "Жер-Эне" (1983) деген сүрөтүндө, Тургунбай Садыковдун улуттук филармониянын алдына койгон скульптуралык комплексинде (1981), Ош шаарына кире бериштеги айкелде ж.б. эмгектерде чагылдырылган. Алардын баарында Каныкей баатырды баатыр кылган, кыргыздардын баарына эне болгон, сулуулуктун, акылмандыктын, жарына берилгендиктин символу катары көрсөтүлгөн.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (295)

Тема боюнча

Манастын 40 чоросу жөнүндө фактылар. Алар кимдер, максаты, орду жана озуйпасы
Белгилер:
саяпкер, манасчы, Каныкей, Манас эпосу

ЭҢ МААНИЛҮҮ