БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мүмкүн болсо кызматтык жана коррупциялык кылмыш иштеринде "тергөөнүн купуялуулугу" деген норманы алып коюуну сунуштады.
Эл өкүлүнүн айтымында, коомчулук тергөө иштери кандай жүрүп жатканын жакшылап байкап турмак.
Учурда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов мекеменин 2018-жылы жасаган иши тууралуу Жогорку Кеңеште отчет берүүдө.
Өз кезегинде Жамшитов эгер ошондой мыйзамды депутаттар кабыл алып берсе, алар аткарууга даяр экенин айтты.
"Эгерде Кылмыш процессуалдык кодексте ушул нерселер ачык болсун деп кабыл алып берсеңер, биз аткарабыз", — деди башкы прокурор.
Жамшитов учурда прокуратура органдары ишкерлер менен тыгыз иштешүү боюнча атайын долбоорду карап жатканын айтты.