Чек арадагы айылдарда жашагандардын пенсиясы менен маянасын көтөрүү сунушталды

Жазылуу
Депутат чек арага жакын жайгашып, статус алган айылдарды салыктан бошотуу керектигин кошумчалады.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев чек арага жакын жайгашып, статус алган айылдарда жашагандардын пенсиясы менен айлыгын жана башка төлөмдөрдү эки эсеге көбөйтүү керектигин парламенттин жалпы жыйынында айтты.

Депутат өз сөзүндө кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан кийин жергиликтүү калк менен жолукканын, алар эгер мамлекет коопсуздукту сактай албаса бардык органдарды чыгарып кетиши керектигин, жерди өздөрү сактаганга кудурети жете турганын жана ага даяр экенин билдиришкенин айтты.

Тиллаев, андан сырткары, 2010-жылдан бери айрым жерлер коңшуларга өтүп кеткенине токтолуп, Көк-Таш, Өрүктү, Максат айылдарындагы жерлер тууралуу айтты.

"2010-жылдан бери Баткен районунда Таш-Тумшук айылында 103 үйдүн 43ү кошуна тажик жарандарына сатылган. Көк-Ташта 28 үй, 62 жер тилкеси кетти. Ак-Сайдын жанында 37 үй курулду, бир ашкана, самсыкана, наабайкана менен машина жууй турчу жай салынды. Лейлек районундагы Максат айылында 31 гектар жер өттү, Сады айылында 9 гектар, Кулунду айыл өкмөтүндө 28 гектар өттү. Биздин 620 гектар жайытты тажик жарандары пайдаланып келе жатат. Биз алардын 160 гектарын колдонуп келебиз", — деди ал.

Депутат, андан сырткары, чек арада статусу бар айылдарды салыктан бошотуп, чечкиндүү кадамдарга баруу зарылдыгын кошумчалады.

Последнее заседание Жогорку Кенеш V созыва - Sputnik Кыргызстан
Чек ара чыры: депутаттар өкмөттүн отставкасын талап кылууда
Депутаттар март айынын ортосунда кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү менен биргеликте жабык эшик артында карашууда.

Эске салсак, Баткен районундагы Ак-Сай менен Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын жашоочуларынын арасындагы чатак 13-мартта чыккан. Эртеси, 14-мартта, эки тарап бири-бирине таш атып, чыңалуу күч алган. Каршылашуунун себеби Кыргызстан тараптан Ак-Сай — Тамдык айланма жолунун курулушу болгондугу айтылган. Вице-премьер Жеңиш Разаков эки тараптуу жолугушууда бир кыйла макулдашууларга жетишилгенин айткан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0