16:50 23 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.3856
  • RUB1.1660
Коом
Кыскача шилтеме алуу
1385 0 0

Олимпиадага барууга 1200 доллар керектелет, эгер демөөрчүлөрдүн колдоосу болбосо, Айсанат быйыл катыша албай калышы мүмкүн.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Былтыр Дубайда өткөн менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк олимпиадада биринчи орунду алган Айсанат Жеңишева быйыл да Анталиядагы олимпиадага жолдомо алды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине окуучу кыздын апасы Мээрим Бейшекеева билдирди.

Эгер демөөрчүлөрдүн колдоосу болбосо, Айсанат быйылкы дүйнөлүк олимпиадага бара албай калышы мүмкүн. Анткени кызды энеси жалгыз тарбиялагандыктан каражатка чама-чаркы жетпейт. Апасынын айтымында, Анталияга барып-келүүгө 1000 доллар керектелет, ага чейин олимпиадага катталууга дагы 200 доллар талап кылынат.

Эскерте кетсек, Бейшекеева былтыр да таланттуу кызын олимпиадага жөнөтүүгө шарты болбогондуктан коомчулуктан көмөк сураган. Бул боюнча материал Sputnik Кыргызстан агенттигине чыккандан кийин жардамга кол сунгандардын катары калыңдап, тиешелүү каражат чогулган. Мунун жардамы менен ал Дубайга барып дүйнөлүк олимпиадага катышып биринчи орунду уткан

© Фото / Мээрим Бейшекеева
Былтыр Дубайда өткөн менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк олимпиадада биринчи орунду алган Айсанат Жеңишева

"Кызым республикалык олимпиададан чемпиондордун чемпиону болуп утуп чыккан. Дүйнөлүк олимпиадага жолдомо алганыбыз менен ага кетчү чыгымдарды жаныбыздан төлөшүбүз керек. Айсанат быйыл тогуз жашта, менталдык афирметиканын 10-баскычына жетип жыйынтыктайт. Бул жаатта соңку олимпиадасы да болуп калышы мүмкүн. Андыктан катышууга ынтызар болуп жүрөт. Марттын аягына чейин каттоого 200 доллар төлөшүбүз керек. Аны да төлөй элекпиз", — деди окуучу кыздын апасы.

Менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк олимпиада Түркиянын Анталия шаарында ушул жылдын июнь айында өтөт.

Айсанаттын менталдык арифметика жаатындагы жөндөмү тууралуу таанышкыңыз келсе, буга чейин даярдалган материалга баш багыңыз.

Тема боюнча

Менталдык арифметика: эл аралык сынакта 15 окуучу 15 медаль менен кайтты
Жалгыз бой эне таланттуу кызын Дубайдагы дүйнөлүк олимпиадага жөнөтө албай убара
Белгилер:
Айсанат Женишева, менталдык арифметика, жардам, колдоо, олимпиада, Анталия

ЭҢ МААНИЛҮҮ