Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Кыргызстандык окуучу кыздар бизнес-долбоор жазып, мобилдик тиркеме түзүүдө

© Sputnik / Досхан НусупбековSputnikBilim долбоорунун алкагында өткөн мастер-класстын катышуучулары
SputnikBilim долбоорунун алкагында өткөн мастер-класстын катышуучулары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынактын алкагында кыздар маркетингдик иликтөөлөрдү жүргүзүп, бизнес-план жазып жатышат. АКШда өтө турган конкурстун финалына чыгып, акчалай сыйлык алууга толук мүмкүнчүлүктөрү бар.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кыргызстандын окуучу кыздары эл аралык Technovation Kyrgyzstan сынагына катышуу менен бизнес-долбоорлорду жазып, мобилдик тиркеме иштеп чыгышууда.

Бул тууралуу SputnikBilim долбоорунун алкагында өткөн мастер-класс учурунда белгилүү болду.

Республика Technovation кыймылына 2017-жылы кошулган, бул убакыт аралыгында 10 жаштан 18 жашка чейинки 500 кыз окуудан өткөн.

Долбоордун аймактык өкүлү Алтынай Нуркамилова программанын алкагында кыздар коомчулуктун социалдык көйгөйүн чечүүгө багытталган мобилдик тиркемелерди иштеп чыгып жатышканын айтып берди.

Маркетингдик иликтөөлөрдү жүргүзүп, бизнес-план жазышууда.

"Сынактын негизги максаты — кыздарга глобалдуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн жаңы технологияларды пайдаланууну үйрөтүү. Катышуучулар бир нече ай менторлордун жетекчилиги алдында командаларда иштешет. Аймактык конкурстун жыйнтыгы менен жеңүүчү Калифорнияда өтө турган финалдык бөлүккө катышат. АКШда биринчи орун алган кыз долбоорун ишке ашыруу үчүн акчалай сыйлыкка ээ болмокчу", — деди ал.

Программа 2019-жылдан тартып республиканын региондорунда иштей баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0