05:03 25 Жетинин айы 2020
Түз эфир
  • USD84.7900
  • EUR100.6754
  • RUB1.1184
Коом
Кыскача шилтеме алуу
276 0 0

Балдарына атагы чыккан футболчулардын ысымын ыйгаргандар бар.

БИШКЕК, 9-мар — Sputnik. Кыргызстанда белгилүү футболчулардын ысымы коюлган адамдар жашайт. Sputnik агенттигинин кабарчысы биометрикалык маалыматтын негизинде аларды тизмектеп чыкты.

Республика боюнча бир Роналду бар экендиги белгилүү болду. Балким ал португалиялык футболчу Роналдунун же бразилиялык форвард Роналдонун (толук аты Роналду Луис Назариу ди Лима) ысымын алган болушу ыктымал.

Ошондой эле өлкөдө эки Зидан жашайт. Белгилей кетсек, Зинедин Зидан дүйнөдөгү эң мыкты оюнчулардын бири. Футбол боюнча дүйнө чемпиону (1998) жана Европа чемпиону (2000). "Реал Мадрид" клубунун машыктыруучусу болгон.

Мындан тышкары, дагы эки жаран Марадонанын атын алып жүрөт, анын бирөө кыз. 

Дагы сегиз кишинин аты Яшин же Яшинбек. Алар советтик атактуу дарбазачы Лев Яшиндин ысымын алган деп болжолдоого болот.

Белгилер:
ысым, Криштиану Роналду, Зинедин Зидан, футбол, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ