Ошто март айынын башында мал союучу 7 цех жабылды

© Sputnik / Зульфия ТургуноваОш шаарында 7 мал союучу жай жабылды
Ош шаарында 7 мал союучу жай жабылды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарында орто эсеп менен мал союучу жайларда 100дөн ашык бодо мал союлат.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын Ош шаары боюнча башчысы Сүйүмбай Абдуллаев ишиндеги кемчиликтерди жойгонго чейин 7 мал союучу жай жабылганын билдирди.

Ага ылайык, инспекциянын адистери аталган мал союучу жайларга санитардык-экологиялык жана ветеринардык нормаларды бузганы үчүн 3 жыл бою эскертүү берип келген. Бирок аларды бир да жай аткарган эмес.

"Шаардык кеңештин тапшырмасы жана тийиштүү комиссиянын чечими менен алардын ишмердиги убактылуу жабылды. Эреже бузуулар оңдолмоюнча цехтердин иштөөсүнө уруксат берилбейт. Бул жерде биз жарандардын кызыкчылыгын коргоп жатабыз. Канча киши ооруп жатат, алар ооруга каршы эч кандай процедураларды жасабайт", — деди Абдуллаев.

Ал ошондой эле Ош шаарынын четинде заманбап эт комбинаты бар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0