15:58 21 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.9212
  • RUB1.0831
Актер Талгат Нигматулин. Архив

"Советтик Брюс Линин" өмүрү жана азаптуу өлүмү. Талгат Нигматулин тууралуу 9 факты

© Sputnik / РИА Новости
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (284)
4273 0 0

Талгат Нигматулин кыска жашоосуна карабастан советтик кинонун легендасына айланууга жетишкен. Чыгыш уруш өнөрлөрүн мыкты өздөштүргөн актер бүтүндөй союз өлкөлөрүндөгү жаш балдардын сүйүктүү каарманына айланып, күйөрмандары аны "экинчи Брюс Ли" деп аташкан.

Жаштайынан эле киного кызыккан Талгат Нигматулин өзү көптөн бери эңсеп жүргөн популярдуулукка 1980-жылдан баштап гана жетише баштаган. Көбүнчө терс каармандардын образын жараткан актер чыныгы жашоосунда абдан жөнөкөй, ак көңүл жана шайыр болгонун айтышат. Эми гана жалпы журтка тааныла баштаган кезинде, 35 жашында кылмышкерлердин колунан каза тапкан. Sputnik Кыргызстан агенттиги актер тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Оор турмушта өткөн балалык. Талгат Нигматулин 1949-жылы 5-мартта ошол кездеги Ош облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында жарык дүйнөгө келген. Ошол эле учурда анын Ташкент шаарында төрөлгөндүгү, ал эми Кыргызстанга төрт жашында үй-бүлөсү менен бирге келгендиги тууралуу да маалыматтар бар. Болочоктогу актердун татар улутундагы атасы көмүр кенинде иштесе, өзбек кызы болгон апасы мектепте мугалим болгон. Актердун балалыгы кыйынчылыктар менен коштолот. Эки жашында шахтада иштеген атасы кырсыктап каза болот. Ал эми мектеп мүдүрү болгон апасынын айлыгы көп нерсеге жетпей, жакыр турмуш кечиришет. Оор абалга кептелген Талгат өспүрүм кезинен баштап эле ар кандай кара жумушта иштейт. Жашоонун оордугунан улам төрт бала менен кыйналган апасы кичинекей Талгатты убактылуу балдар үйүнө тапшырууга аргасыз болот.

Кадр из фильма Седьмая пуля. Режиссер Али Хамраев. Киностудия Узбекфильм. 1972 г. В роли Максумова - актер Суйменкул Чокморов (в центре), в роли Айгуль -Дилором Камбарова (слева) в роли пастуха Исмаила -актер Талгат Нигматулин.
© Sputnik / РИА Новости
"Жетинчи ок" тасмасы 1972-жылы режиссер Али Хамраев тарабынан "Өзбекфильмде" тартылган. Нигматулин фильмде малчы Исмаилдин ролун аткарган.

Алсыз баладан чымыр денелүү жигитке айлануу. Нигматулин кичинекей кезинде ден соолугу начар, алсыз бала болуп чоңоёт. Жаш кезинде итий дартына чалдыгып, анын запкысын кийин да көп тартат. Бул оорудан улам бир буту ийри болгон. Актер өзү курактуулар менен жакшы тил табыша албай, эч кимге ачылбаган, тартынчаак экен. Көп учурда башкалардан таяк жеген бала өз денесин өзгөртүү үчүн болгон аракетин жумшай баштайт. Чымыр денелүү жигитке айланууга бел байлап, алгач бий жана жеңил атлетика, андан соң каратэ менен машыгат. Талыкпаган аракетинен улам мурдагы алсыз баладан из калбай, келишимдүү, күчтүү жигитке айланат. Актер кийин жогорку окуу жайды бүтүп, Ташкентте иштеп жаткан кезинде да спортту таштабай, каратэге күнүнө 6 саатын арначу. Спорттун бул жаатында Өзбекстандын биринчилигинде алтын медаль тагынып, СССРдин чемпионатында алтынчы орунду ээлеген жайы да бар. Окуучулук кезинде адамдарга аралашууну жактырбаган актер бош убактысын үйүндөгү китепканада өткөрө баштайт. Мындан улам чыгармачылыкка болгон кызыгуусу артып, адамдар менен мамилеси жакшырып, мурда такыр билбеген орус тилинде шар сүйлөгөндү үйрөнөт.

Терс каармандын образы жарашкан актер. Талгат Нигматулиндин кичинекей кезинен бери эңсеген бир кыялы бар эле. Ал — кинорежиссер болуп, тасма тартуу болчу. Мектепти аяктаган соң Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтуна (ВГИК) окууга тапшырып, ага өтө албай калат. Ошентсе да Москвадан кеткиси келбеген жигит шаардагы цирк жана эстрада өнөрү окуу жайына тапшырат. Чымыр денелүү шамдагай актерду дароо эле кабыл алышат. Ушул жерде окуп жүргөн кезинде кинодогу тушоосу кесилет. 1967-жылы алгачкы тасмасы "Комиссар жөнүндө балладада" терс каарман болгон ак гвардиячынын ролун жаратат. Бирок бул образы актердун болочок карьерасына зыянын тийгизет. Терс каарманды мыкты ачып бергендигинен улам алдыдагы карьерасы боюнча режиссерлор ага жалаң гана "жаман адамдарды" ойноону сунуштай башташат. Талгат Нигматулин 1968-жылы экинчи жолу ВГИКке ийгиликтүү тапшырат. Окуу жайды 1971-жылы аяктаганы менен Москвада киного тартылуу сунуштары түшпөй калат.

Кадр из фильма Волчья яма. Режиссер Болотбек Шамшиев. Актер Талгат Нигматулин в роли Самата (справа) и актер Кененбай Кожабеков в роли Мусы Шарипова. Киностудия Киргизфильм, 1983 год.
© Sputnik / РИА Новости
Болот Шамшиевдин "Бөрү зындан" тасмасынан бир ирмем. Андагы башкы каарман Самат Касымовдун ролун Нигматулин жараткан. Актер жалпысынан кыркка жакын киного тартылган.

Жараткан ролдору. Талгат Нигматулин ВГИКти бүтүргөн соң Ташкентке келет. "Өзбекфильм" киностудиясынын эшигин аттап, алгач эпизоддук каармандарды ойнойт. Аны көпчүлүккө тааныткан ролу 1972-жылы чыккан Али Хамраевдин "Жетинчи ок" тасмасы болот. Фильмге кыргыздын чыгаан актерлору Сүймөнкул Чокморов жана Болот Бейшеналиев менен бирге тартылат. Жагымдуу, келбеттүү жана таланттуу актерго убакыт өткөн сайын майда ролдордун артынан чоңдору да келе баштайт. "Сиявуш баянындагы" Тулан, "Атууга уруксаттагы" капитан, "Бөрү зындандагы" Самат жана "Том Сойер менен Гекльберри Финндин жоруктарындагы" Жо алардын бир бөлүгү гана. Нигматулин жалпысынан кыркка жакын киного тартылган.

"ХХ кылымдын каракчысы". Талгат Нигматулиндин актердук карьерасынын туу чокусу СССРдин алгачкы боевиги атыккан "ХХ кылымдын каракчылары" тасмасы болот. Биринчи жолу каратэ өнөрү көрсөтүлгөн советтик фильмде актер каракчы Салехтин ролун жаратат. Алгач катардагы эпизоддук ролго катышуу үчүн барган актердун чыгыш өнөрүн мыкты билгендиги режиссерго жагып, ага негизги терс каармандын ролун берет. Тасмага тартылуу үчүн катуу даярданган актер керек болсо каскадерсуз эле трюктардын баарын өзү аткарат. Бул образ ага болуп көрбөгөндөй популярдуулук алып келет. Балдар Талгаттай болууну самап, каратэ менен машыккандардын саны көбөйөт. Ал эми тасма 1980-жылы экранга чыгып, ошол эле жылы аны 90 миллионго жакын адам көрүп, кинотеатрлардын алды кезекке толот. 1990-жылга чейин жалпысынан 120 миллион киши көргөн "ХХ кылымдын каракчылары" СССРдин тарыхындагы эң көп каражат тапкан киного айланат.

Кадр из фильма Седьмая пуля. Режиссер Али Хамраев. Киностудия Узбекфильм. 1972 г. В роли пастуха Исмаила - актер Талгат Нигматулин (в центре).
© Sputnik / РИА Новости
Нигматулин "Жетинчи ок" тасмасына кыргыздын чыгаан актерлору Сүймөнкул Чокморов жана Болот Бейшеналиев менен бирге тартылат.

Актердун эл билбеген дагы бир таланты. Жаштайынан эле чыгармачылыкка жакын болгон Талгат Нигматулиндин эл билбеген дагы бир таланты болгон. Ал аңгеме жана ыр жазчу. Ташкентте анын кээ бир чыгармалары чыгып, аңгемелер топтомунун басылуусу да пландалган. Белгилүү кинодраматург Одельша Агишев актердун эмгектерин окуп көрүп, анын бул жааттагы талантын баалап сценарист жана режиссерлукка окушун сунуштайт. Анын кеңеши менен Нигматулин СССР мамлекеттик киносунун алдындагы сценаристтик жана режиссердук курска тапшырып, аны 1978-жылы ийгиликтүү аяктайт. Ошентип бала чагынан бери кыялы болгон кино тартууга дагы бир кадам жакындайт.

"Төртүнчү жол" сектасы. Талгат Нигматулин ар дайым өзүн-өзү руханий жактан өнүктүрүүнү, жашоонун акыйкаттыгын табууну эңсеген. Мындан улам ал каратэ менен машыгууга да өзгөчө көңүл буруп, чыгыш философиясына да кызыгып жүргөн. Анын мындай кызыгуулары 1980-жылдары Фрунзенин тургуну Абай Бөрүбаев жана каракалпакстандык экстрасенс Мырза Кымбатбаев башында турган "Төртүнчү жол" деп аталган сектага мүчө болуусуна алып келет. 1970-жылдардын аягында республика боюнча ар кандай жаңы агымдарга болгон кызыгуу күчөй баштаган эле. Өзүн пайгамбар атаган Мырзага журналисттер, жазуучулар жана сүрөтчүлөр сыяктуу коомдун каймактары келишчү. Ишенчээк кыялы бар актер бул агымга баш-оту менен кирген. Болгон байлыгынын баарын аларга карматып, айтканынан чыккан эмес. Жада калса агымдын башчыларынын буйругу менен Ташкенттин көчөлөрүндө дубана кийимин кийип кайыр сурагандыгы да айтылат. Ошол эле кезде белгилүү актер "Төртүнчү жолдун" кандайдыр бир деңгээлде жарнамалык жүзүнө да айланган. Жакындары үчүн анын эмнеге мындай кадамга барганы дале болсо сыр бойдон кала берет.

Актеры Фархад Юсуфов (справа) и Талгат Нигматулин. Кадр фильма-сказки Сказание о Сиявуше по мотивам поэмы Абулькасима Фирдоуси Шах-Наме. Студия Таджикфильм, режиссер Бенсион Кимягаров. Репродукция.
© Sputnik / РИА Новости
"Сиявуш баяны" жомогунан кадр. Нигматулин бул тасмада Туландын образын жараткан.

Катуу ур-токмоктон каза болгон. 1985-жылы Абай менен Мырзанын "руханий мектебинде" ажырым пайда болот. Вильнюс шаарында жашаган бир нече окуучусу секта менен мамилесин үзүүнү чечишет. Абай баш ийбеген окуучулары менен сүйлөшүүгө Талгат Нигматулинди Литвага чакырат. Ал актерго бөлүнүп кеткендерден акча талап кылууну жана аларды жазалоону буюрат. Бирок окуянын чоо-жайын уккан Талгат Нигматулин рэкетчилик кылуудан баш тартат. Буга жинденген сектанттар 10-февралдын түнүндө Вильнюс шаарындагы үйлөрдүн биринде актерду аёосуз тепкилешет. Ур-токмок 11-февраль түшкү убакытка чейин созулуп, качан гана ал жан бергенде токтойт. Каратэ боюнча кара курдун ээси болгон актердун кылмышкерлерге эч кандай каршылык көрсөтпөгөнүнүн сыры азыркы убакка чейин чечиле элек. Актердун денесинен 119 жаракат табылат. Сот Абай Бөрүбаевди 14 жылга кесип, ал 1988-жылы оорудан улам түрмөдө өлгөн. 10 жылга кесилген Мырза Кымбатбаев жазасын өтөп бүтүп, 2006-жылы эркиндикке чыгат. Ал өмүрүнүн аягына чейин табыпчылык жана көз ачыктык менен алектенүүнү уланткан. Алган жараатынан улам таанылгыска айланган актердун денесин жубайы Венера өрттөөгө уруксат берет. Анын күлү Ташкент шаарындагы "Чилонзор Ата" мүрзөсүнө коюлган.

Үй-бүлөсү. Талгат Нигматулин үч жолу үй-бүлө курган. Алгач ВГИКти бүтүп Ташкентке келген кезинде өз убагында "Ялла" тобунун мүчөсү болгон ырчы Лариса Кандаловага үйлөнөт. Жаш үй-бүлө 1976-жылы Урсула аттуу кыздуу болушат. Мындан бир жылдан кийин Халима Хасановага үйлөнүп, чогуу жети жыл жашашат. Экөө 1980-жылы Саид аттуу уулдуу болушат. Халима Хасанованын айтымында, актердун аны менен ажырашуусун "Төртүнчү жол" сектасы талап кылган. Актер үчүнчү өмүрлүк жары казак актрисасы Венера Ибрагимова менен кыргыз режиссеру Мелис Убукеевдин "Элеттеги сүйүү" тасмасына тартылып жүрүп таанышат. 33 жаштагы Талгат 19га жаңы чыккан Венерага бир көрүп ашык болот. Чогуу түтүн булатууну чечкен чыгармачыл үй-бүлө 1983-жылы Линда аттуу кызды болушат. Азыркы учурда Саид менен Линда ата жолун жолдоп актерлук менен алектенишет.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (284)

Тема боюнча

Кыргызды ачарчылыктан сактап калган. Жусуп Абдрахманов тууралуу 9 факты
Атасы 60 жашында көргөн тун бала. Төлөгөн Касымбеков тууралуу 8 факты
Белгилер:
кылмыш, факты, кино, актер

ЭҢ МААНИЛҮҮ