БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев туулган күнүн үй-бүлөсүнүн курчоосунда өткөрөт. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Бүгүн, 20-январда, Абылгазиев 51 жашка чыкты.
"Премьер-министр бул күндү жакындары, үй-бүлөсү менен өткөрөт. Башка салтанат деле пландалган эмес", — деп айтты өкмөт башчынын маалымат катчысы Султаналиев.
Буга чейин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Мухамедкалый Абылгазиев тууралуу фактыларды топтогон.