Роналду Италияда дарыланган кыргызстандык кызга учурашып, абалын сурады. Сүрөт

© REUTERS Massimo PincaФорвард Криштиану Роналду
Форвард Криштиану Роналду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
“Ювентустун” оюнчулары Кыргызстандын эки жараны дарыланып жаткан онкологиялык ооруканага барышты.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Португалиялык белгилүү футболчу Криштиану Роналду рак менен ооруп Италияда дарыланып жаткан кыргызстандык кызга барып, абалын көрдү. Бул тууралуу Facebook баракчасына Улуттук онкология жана гемотология борборунун балдар онкологиясы бөлүмүнүн илимий кызматкери Дамира Байзакова жазды. 

Жаңы жыл алдында италиялык “Ювентус” клубунун оюнчулары Турин шаарында жайгашкан онкологиялык ооруканага барышкан. Кичинекей бейтаптарга Роналду менен Паоло Дибала жана Хуан Куадрадо да барып учурашкан.

Кыргызстан информатиктер ассоциациясы коомдук бирикмесинин төрагасы, профессор Уланбек Мамбетакунов - Sputnik Кыргызстан
Рак болгон аялымды "төркүнүнө жеткирип сал" дешкен. Бишкектик мугалимдин маеги
Байзакованын айтымында, Кыргызстандан барган кыздын аты Юна, аталган дарттан сөөгү жабыркаган. Дарылануунун эң оор этаптары артта калды. Наристе химиотерапияны Кыргызстандан алып, андан кийинки дарылануу үчүн Туринге келген.

Ошол эле ооруканада дарыланып жаткан Нурпазыл аттуу кыргызстандык баланы туриндик полиция кызматкерлери барып көрүп, белек берип кайтышкан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0