Бүгүн Дача СУ айылында болгон учак кырсыгына туура эки жыл болду. Каргашалуу окуя учак алдында калгандарды издеген куткаруу кызматкерлеринин да эсинен кетпейт.
39 адамдын өмүрүн алган кырсыктагы издөө иштери тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына ошол учурда куткаруу тобун башкарып жүргөн Дастан Женгенбеков айтып берди.
— Жергиликтүү тургундар ӨКМ кызматкерлери кеч келишти деп айтышты эле. Учак кулаган жерге канчада бардыңар? Ошол учурдагы алгачкы көрүнүштү айтып берсеңиз?
— 15-январдан 16-январга караган түнү мен башкарган команда нөөмөттө болчу. Таң атпай туруп тамактанып, техниканы кийинки топко өткөрүп берели деп жатсак эле диспетчерде отурган кыз "Дача СУ деген айылда учак кулаптыр" деди. Дароо оюма "балким жалган маалыматтыр, диспетчер кыз туура эмес түшүнүп алган жокпу?" деген ой келди. Тактадым, чын экен. Башында биз калк жашаган аймакка кулаганын деле билген эмеспиз. Дароо алты кишиден турган топ чыгып кеттик. Ал күнү көзгө сайса көрүнгүс туман болчу. Унааны катуу ылдамдыкта айдай алган жокпуз. Ошентип кырсык болгон жерге 8ге аз калганда жеттик. Биз барган учурда аэропорттун эки өрт өчүрүүчү унаасы менен эки тез жардам бар экен. Экинчиси жаңы эле келгенин айтышты.
"Бул жерде бала бар болчу" деп төрт-беш киши айланчыктап жүргөн жерди казсак, жашы 25тер чамасындагы жигиттин сөөгү табылды. Бир убакта экинчи топ "бир адамды тирүү алып чыктык, бак басып калыптыр" деп келди. Жакшы жаңылык деген жакшы жаңылык да, "тирүү адамдар бар экен" деген үмүт менен издөө иштерин ыкчамдаттык.
— Иш деген иш деңизчи, ошентсе дагы мындай апаат силерге деле катуу таасир берсе керек?
— Ооба, ошентсе да бул апаат катуу таасирлентти. Жергиликтүү тургундар айткан жактарды казып жүрсөк, бир киши "аялым, балдарым бар эле" деп нес болгон абалда бир үймөктү айланчыктап жүрүптүр. Үстү өрттөнүп жаткан баягы үймөктү каза баштадык. Учактын темирин ала койсок эле аппак жууркандын алдында 2-3 жашар баласын кучактаган келин жатыптыр. Ойго жаман нерсе келбейт экен, дароо эле "тирүүдүр" деп тез жардам чакырттык. Көрсө, кеч болуп калыптыр…
Дагы бир эсимде калган учур. Издөө иштери аяктап бир аялдын дайыны чыкпай жатат деп калышты. Көрсө, күйөөсү 5 жашар кызын бакчага алып кеткенде үйүнө учак кулаптыр, кош бойлуу келинчеги үйдө калыптыр. Жолдошу тамынын тушун көрсөтүп берди. Үйү түптүз болуп пайдубалы да билинбей калган экен. Тиги кишини сооротуш үчүн "балким аялыңызга бирөө чалып чыгып кеткендир, тирүүдүр" деп жубатып жаттык. Табылбай койду. Көрсө, келинди учак бир топ жерге чейин сүйрөп кетиптир. Аял өрттөнүп, түйүлдүк жарылып кеткенин көрдүк…
— Аялды тапкан учурда жолдошу силердин жаныңарда беле?
— Ооба, өзү көрсөтүп берип жүргөн да…
— Окуя болгондон кийин моралдык, психологиялык жактан ооруп, кыйналган жоксуңарбы?
— Бул эми биздин жумуш да. Куткаруу кызматкерлери кан, өлүм-житимди көп көрөт. Анын баарын жакын албаганга аракет кылам. Бул кызматка жаңы келгенде көпкө чейин кыйналып жүрдүм. Бара-бара көнөт экенсиң. Негизи куткаруу кызматына моралдык жактан күчтүү жана дене-бою чымыр балдарды алышат. Жүүнү боштор бул кесипке чыдай албайт да. Бир-эки кырсыкка чыкканда эле куткаруучу болуп иштей алар-албасы билинип калат.
— Учак алдында калгандардын сөөгү бир күндө эле табылдыбы?
— Ооба. Эң акыркы болуп жанагы кош бойлуу келиндин сөөгүн таптык. Ошол учурда убакыт болжол менен төрт болуп калган. Адамдардын сөөгү ар кандай убакытта табылып жатты. Кээ биринин сөөгү үйүнүн тушунан эмес, башка жактан чыкты. Аларды учак сүрүп кетиптир. Издөө иштери бүткөнгө чейин биз деле "балким тирүү чыгып калаар" деген үмүт менен жүрдүк.
Эртеси күнү ӨКМге келген гуманитардык жардамдарды жыйнаганга жардам бердик. Ошол учур да жашоого болгон көз карашымды өзгөрттү десем болот. Ага чейин "21-кылымда адамдар бири-бирине жардам бербей калды" деп ойлой берчүмүн. Бирок бир литр варенье, бир килограмм шекерин көтөрүп келген чоң энелерди көргөндө, чоң ата, чоң апасын жетелеп оюнчугун алып келген бөбөктөрдүн оюнчугун алганда өлкөдө боорукер адамдар көп турбайбы деп ойлоп калдым.
— Кулаган учак телефон жүктөп баратыптыр, аларды куткаруучулар терип алышты деген кептер да айтылды эле…
— Көп эле жалтырак-жултурак көрдүк. Алардын арасында телефон, чехолдор бар болчу. Бирок топтогу балдарыма дароо эле "албагыла, тийбегиле, мындай нерсе буйрубайт, ар бирине жооп берип каласыңар" деп түшүндүрдүм.
— Экипаждын мүчөлөрүн да силер таптыңарбы?
— Алар учактын тумшугуна жабышып калыптыр. Экскаватор менен тумшугун жылдырып араң алып чыкканбыз. Учактын канаты, тумшугу эле калбаса калган бөлүгү чачырап, кыймылдаткычы өрттөнүп кеткен экен. Башында туманда көп билинген эмес, кийинчерээк бир топ жер кыйраганын көрдүк.
— Куткаруу кызматында иштеп жатканыңызга канча убакыт болду?
— 2015-жылы сентябрь айында киргем. 2017-жылдын август айынан баштап Бишкек шаардык башкармалыгына которулдум.
Негизи кичине кезимде деле аскер адамы болсом деп кыялданчу эмесмин. Бирок эл керегине жараган, ата-энем сыймыктанып, чоң иш жасаган адам болсом деп ойлочумун.
Мектепти бүткөндөн кийин политехникалык окуу жайынын машина куруу факультетине тапшырдым. Ал жакта окуп жүргөндө "айлыктан айлыкка жашаган жумушта иштебейм, чет өлкөгө барып иштеп, бутума туруп, бизнес ачам" деп максат койгом.
— Анан кантип куткаруучу болуп калдыңыз?
— Окуу жайды бүткөндөн кийин убактылуу иштеп туруу үчүн жумуш караштырып, өзүмдү сынап көрүү максатында ӨКМге дагы резюме таштап койгом.
Текшерип, кабыл алышты. Анда деле "убактылуу иштеп турам да" деп жүрдүм. Андан кийин офицер болдум. Аскер адамы болгондон кийин мамлекетке кызмат кылыш керек деген түшүнүк калыптанып калат экен. Ошентип ой-максаттарым түп-тамыры менен өзгөрдү.
— Азыр чет өлкөгө баргыңыз келбей калдыбы?
— Иштеп келүү үчүн эмес, эс алып, жөн гана көрүп келсем деген ойлор бар. Аскер адамы болгондон кийин жашоого болгон көз караш да өзгөрүп, адам өзүнөн-өзү тарбияланат экен. Мисалы, ар кандай өлүм-житим, кырсыктарды көрүп "эртең ким бар, ким жок" деп ойлоп бүгүнкү, азыркы жашоо менен жашап калдым.
— Куткаруу кызматында иштеп жүргөндө ар кандай окуяларга туш болсоңор керек…
Ал тургай нике шакегин колунан чыгара албай калып кайрылган адамдар да болот. Колдору шишип кетип шакекти чыгара албай жатам деген чакыруулар түшөт. Бир жолу колу шишип кеткен келин келиптир. "Дарыгерлерге барсам колуңду кесиш керек" деп айтты, сиздер жардам бере аласыңарбы?" деп. Акырын кесип чыгаралы десек ыйлап, шакек мен үчүн баалуу, кеспей эле чыгарып бергилечи" дейт. Айла кеткенде күлдүк эле…