Бишкекте учактын 4,5 саатка кармалышынын себеби айтылды

© Sputnik / Азат АкаевМодернизация международного аэропорта "Манас"
Модернизация международного аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күтүү учурунда эки жүргүнчү учуудан баш тарткан.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Air Manas ("Пегасус") авиакомпаниясы эртең менен Бишкек — Түркия багыты боюнча уча турган учак эмнеге кармалганы тууралуу маалымат таратты.

Буга чейин социалдык тармактарда каттам 4,5 саатка кармалганын жазышкан. Эртең менен эрте уча турган самолет саат 11:42де асманга көтөрүлгөн.

Авиакомпаниянын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиришинче, эртең менен учактын тоңуу боюнча абалына жооп берген индикаторлорунун бири иштеген. Кышында мындай учурлар авиацияда көп кездешет.

"Учуунун коопсуздугун камсыздоо үчүн авиакомпаниянын техникалык кызматы керектүү болгон бардык аракеттерди көрдү", — деп Air Manas авиакомпаниясынан кабарлашты.

В аэропорту Домодедово - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте учак коюу туман учурунда конду. Жүргүнчү нааразы болууда
Күтүү учурунда эки жүргүнчү учуудан баш тарткандыктан, алардын жүгүн түшүрүүгө да убакыт талап кылынган.

"Жүргүнчүлөргө тамак жана суусундуктар берилди. Учуудан баш тарткандардын билетинин акчасы кайтарылат. Учак жарандык авиациядан уруксат алгандан соң Стамбулга учуп кетти", — дешти компаниядан.

Авиакомпания жаралган оңтойсуз абал үчүн жүргүнчүлөрдөн кечирим сурайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0