Кыргызстандын жарандыгынан 366 адам чыкты. Жарлык жарыяланды

© Sputnik / Жоомарт УраимовВыдача биометрических паспортов в КР
Выдача биометрических паспортов в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алардын арасында 4-5 балалуулар болгон.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Пакистандын президенти Ариф Алви менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Пакистан президенти уулун ала албай жаткан кыргыз келиндин ишин карамай болду
Ага ылайык, 366 адам (анын ичинен 295 — чоң адамдар жана 71и — балдар) Кыргызстандын жарандыгынан чыгарылган.

Тизмеде кыргыз, орус, өзбек, казак, дунган, азербайжан, күрд, уйгур, немис, татар, украин, корей улутундагы адамдар бар. Алардын арасында 4-5 балалуу мекендештер да болгон.

Жарандыктан чыккандардын тизмесин президенттин сайтынан табууга болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0