БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. 2019-жылдын ажылык иштери жакындап калганына байланыштуу Кыргызстандын муфтияты зыяратчыларды ажылыкка ташуу үчүн атамекендик жана саударавиялык авиакомпаниялар арасында конкурс жарыялайт.
Ага ылайык, сынак 28-декабрдан 28-январга чейин өтөт.
Конкурска катышууну каалаган авиакомпаниялар коюлган талаптар тууралуу кенен маалыматты муфтияттан ала алышат.
Белгилей кетсек, 2018-жылы кыргызстандык зыяратчыларды Сауд Аравиясынын Flaynas авиакомпаниясы ташыган.