18:34 19 Бештин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8381
  • EUR79.6224
  • RUB1.0406
Нурмила Курбанкул кызы

Өзгөчө кыз-келиндердин чүрөктөй сүрөтү менен жүрөк тилген баяны

© Фото / Бакдоолот Каламбекова
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Гүлдана Талантбекова
193220

Бул айымдардын кээси тубаса, кээси кырсыктан улам ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген. Ар биринин баянын угуп отурсаң жүрөк ооруйт. Тагдырдын сыноосуна сынбай, арасында коомдук иштерге активдүү катышып, кол өнөрчүлүк жана чыгармачылык менен алектенгендери бар.

Алардын бири Гүлзана Жаркынбаева майып кыздардын башын бириктирип, "Биз барбыз" жана "Кыргызстанда гүлдөгөндөр" аталышындагы фотодолбоорлорду ишке ашырып келет. Ал кесипкөй визажист жана фотографтардын жардамы менен кыз-келиндерди сулуулап сүрөткө тартып, интернетке жайгаштырат.

Долбоордун максаты — өлкөдөгү майыптардын жашоосуна элдин көңүлүн буруу. Мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн ыңгайлуу жолдордун курулушун, пандустардын коюлушун, коомдук транспорт, жумуш орундарынын болушун жана башка шарттарды камсыздоо.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги фотодолбоордун каармандарынын баянын жазып алды.

Гүлзана Жаркынбаева, 40 жашта

Пострадавшая в автоаварии Гульзана Жаркынбаева
© Фото / Эржан Кадырбеков
Гүлзана Жаркынбаева үч жыл мурда автокырсыкка учурап баспай калган

Өзгөчө Гүлзана болгонума үч жыл толду. Алматыдагы жеке компанияда сатуу иштери боюнча менеджер болуп иштечүмүн. Үйдөгүлөргө учурашайын деп Бишкекке келе жаткам. Мен негизи жолдон уктабайм. Күзгүнү карасам, айдоочунун көзү сүзүлүп баратат. Мен ага "эмне сиз уктап баратасызбы?" десем, сарсанаа болбошумду айтып жолун улаган. Андан ары эмне болгонун билбейм. Көзүмдү ачсам, ооруканада экенмин. Кийин биздин унаа автобус менен бетме-бет кагышканын айтышты. Айдоочу ошол жерде жан берген экен. Мага Казакстандын аскердик ооруканасынан алгачкы жардам беришти. Омурткам, кабыргам сынып, өпкөм тешилип, бир бутум сынган. Кудайым чоң эле сактады. Ошондон бери баспайм. Төштөн ылдый жан жок, тиштесеңер да, ийне сайсаңар да сезбейм. Бишкекке келгенде омурткама конструкция койдуруп, биринчи топтогу майыптыкты алдым. Бирок өзүмдү мунун баары убактылуу деп жооткотуп келем. Маалы менен чет мамлекетке чыгып дарыланам. Кудайга ыраазымын. Оор күндөрдө апам, кызым, жакын туугандарым, досторум колдоосун аяган жок.

Казакстанда иштеп жүргөндө Бишкектен үй алуу үчүн акча топтоп жүргөм. 2014-жылы кызым экөөбүз үй алалы деп бир курулуш компанияга акчабызды бергенбиз. Алгачкы төлөмүнө 8 миң доллар төгүп, анан ай сайын 600 доллардан берип турганбыз. Аз калганда же үйдөн жок, же акчадан жок, орто жолдо калдык. Компания акчабызды кайтарып берсе, өзүбүзгө ылайыктуу үйдү куруп деле алат элек. Арыз жазып артынан жүргөнүбүзгө көп болду. Укканыма караганда компаниянын ээси абакта экен. Аялы болсо биздин батирди башка бирөөгө сатып жиберген, бирок акчадан дайын жок. Аягына чейин чыгабыз деп ишенем. Азыр апам, кызым менен инимдин үйүндө жашап жатабыз.

Өзүмө окшогон кыздарга жардам берүү максатында "Биз барбыз" жана "Кыргызстанда гүлдөгөндөр" фотодолбоорлорду ишке ашырууну эп көрдүм.

Бегимай Дөөлөтбек кызы, 21 жашта

Страдающая сколиозом позвоночника Бегимай Доолотбек кызы
© Фото / Бакдоолот Каламбекова
Бегимай Дөөлөтбек кызына омуртка тутуму менен бут сөөктүн сколиозу деген диагноз коюлган

Ата-энемдин айтымында, эки жашымда араң бутум баса баштаптыр. Үйдөгүлөр санааркап дарыгерге алып барышса, толук баскан учурда деле бир бутум экинчисинен кыскараак болуп каларын айтышат. Мага омуртка тутуму менен бут сөөктүн сколиозу деген диагноз коюлуп, ошондо эле сөөктөрдө кальцийдин жетишсиздигин айтышкан. Ата-энемдин мени айыктырам деп алып барбаган жери калган жок. Эсимде, 7-8 жашымда кезектеги дарыгерге барсак, "кандай болсоң ошол боюнча каласың, дарылагандан майнап чыкпайт" дегенде, апамдын маанайы түшүп абдан ыйлаган. Анткен менен медициналык жайларга алып барганын токтоткон эмес. 4-классымда таяк менен басканга өттүм. 2011-жылы бутума алгачкы ирет операция жасашты. Операция жасатайын деген ой жок болчу, кокустан жыгылып кетип бутумду сындырып алдым. Мындай оор учурда жан дүйнөм кыйналып, ыйлап, өзүмдү жек көрдүм. Бирок бутумду укалап эртерээк сакайганга аракет жасадым.

Боюм кичинекей болгондуктан мектепке сегиз жашымда бардым. Катардагы балдар сыяктуу мамиле кылып, билим берген мугалимдерге ыраазымын. Классташтарым ар дайым жардам берүүгө даяр болчу. 9-класска чейин окуп, андан кийин кирпик чаптаганды өздөштүрүп үйдөн иштедим. Учурда IT-Академиясында программист бөлүмүндө окуп, социалдык ишкерлик мектебине барып жатам. Ушундай долбоорлор бар экендиги сүйүндүрөт. Биз деле өлкөгө салымыбызды кошуп жатабыз деп эсептейм, бул үчүн майыптарга шарт түзүп берүү керек. Соңку сөз, тагдырдын жазганына чөкпөш керек. Жашоо бир нерсени кем кылса, ордуна андан артык нерсе берет.

Роза Бегалиева, 43 жашта

Пострадавшая в автоаварии Роза Бегалиева
© Фото / Эржан Кадырбеков
Роза Бегалиева 27 жашында кырсыктаган

Казакстандын базарында тиричилик деп жүргөн убак. Унаа өткөн жолдо жайгашкан жол чырак менен жөө адамдар өтүүчү чийинди көзгө илбей ортосунан өтө калайын дегем, "дүңк" эле дей түштү. Көзүмдү ачсам, ооруканада экенмин. Машине артыман сүзүп, натыйжада кабыргам сынып, алар ички органдарды тешип, жүлүнүм кысылып калыптыр. Операцияда көк боор толук алынып, калган органдар жарым-жартылай кесилиптир. Бир суткадан кийин өзүмө келе баштадым. Эмнегедир бутумду сезген жокмун…

Ата-энем Бишкектен дарылатмай болуп Казакстандан алып кетишти. Бул жактан дарыгерлер начар карады, 10 күн бою жылдырбай жаткыра берип жамбашымды жара кылып салышты. "Ал айыкмайынча бел омурткага операция жасаганга болбойт" деп капталдатып жаткырып коюшту. Ошону күтүп үч ай жатып калдым, жүлүн болсо биротоло кысылып калыптыр. Кийин операция жасатканым менен бутум баскан жок. Ошентип коляскага отуруп калдым. 27 гана жашта болчумун!

Түпкүрүңдө өзүңдү майыпмын деп кабыл алуу кыйын экен. Төрт жыл үмүтүмдү үзгөн жокмун. Элдик дарыгер, бүбү-бакшы, молдо дегендердин бардыгына кайрылдык. Кийин атамдын өлүмү үмүттү үздү окшойт.

Зерикккенде токуганды үйрөнүп, интернет аркылуу жарнамалап сатканды үйрөндүм. Кырсыктагандан бери 15 жыл үйдө болдум. Беш-алты жыл мурда интернет аркылуу өзүмө окшогон Гүлзар аттуу кыз менен таанышып, майып кыздардын жөө жүрүшүнө катыштым. Көрсө, мага окшогон кыздар толтура тура, кийингендерин, боенгондорун көрүп оозум ачылды. Азыр ар кандай темадагы тренинг, семинарлардан калбайм. Токуу боюнча адис болдум деп ойлойм, учурда каалоочулар үчүн курс ачып жатам. Жакында эле өзүм мүчөлүк кылган "ЛОВЗ принт" бирикмесинен визиттик карточка менен видеомонтаж жасаганды үйрөндүм. Айтор, пландар көп.

Үмүтай Садабаева, 33 жашта

Страдающая от неизлечимой болезни Умутай Садабаева
© Фото / Бакдоолот Каламбекова
Үмүтай Садабаеванын айтымында, ата-энесинин каны бири-бирине дал келбейт

Мага оору бала кезимен илээшти. Апам менен атамдын каны дал келбейт экен. Бириники терс болсо, экинчисиники оң көрсөткүчкө ээ экендигин дарыгерлер айтышыптыр. Төрт жашыман тарта үйдөгүлөр Ак-Суу санаторийине алып барып ден соолугумду чыңдап турушту. 13 жашка чейин мектепке барган жокмун. Андан кийин "Родничок" билим берүү борборунда тарбияландым. Үйдө отуруунун кажети жок экендигин түшүнүп тренинг, семинарларды издеп, катыша баштадым.

Учурда кечки мектепте окуйм. Жеңил атлетика жана бий менен алектенем. Келечекте мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн машыгуу залын ачкым келет. Чет өлкөгө чыгып эл-жер көрүүнү максат кылчу элем, тилегим орундалып Индонезияга барып келдим. Курбуларым менен экобаштык тигип өткөрөбүз.

Гүлзар Дүйшөнова, 41 жашта

Пострадавшая в автоаварии Гульзар Дуйшонова
© Фото / Шевченко Юлианна
Гүлзар Дүйшөнова мас айдоочу убалына калганын айтат

2002-жылы мас айдоочунун айынан кырсыкка учурагам. Анда 25 гана жашта элем. Омурткам, кабыргам сынып, жүлүнүмө доо кеткен. Башым жарылып, тизелерим жанчылган. Он алты жылдан бери араба менен жүрөм. Алты саның аман жүрүп эле бир күнү майып болуп калуу оор экен. Реабилитацияга беш жылдай убакыт кетти. Кырсыктаганым аз келгенсип, сүйүктүү жолдошуман ажырап, катуу стресс болдум.

Кырсыктаганда Кант шаарынын ооруканасына жеткиришкен. Ал жерден милиция менен тергөөчү арыз жаздырып кетишти. Үч жылдан кийин Ысык-Көл районунун аймактык бөлүмүнө кайрылып арызымды таппай койдум, тергөөчү иш козгобоптур. Башкы прокуратурага чейин кайрылганым менен майнап чыкпады. Кызыгы, менин убалыма калган айдоочу мага чейин дагы мас абалында мотоцикл менен кырсыкка учурап, жанындагысы каза таап, өзү аман калган экен. Эки адамдын тагдырын талкалап, суудан кургак чыккан айдоочу жазасын албай дагы деле арагын ичип жүрөт. Бирок мен каргаган жокмун. Билем, жашоо бумеранг, Кудайга койдум. Айдоочуларга, жөө жүргүнчүлөргө айтаарым: шашпагылачы, өзүңөрдү, үй-бүлөңөрдү ойлогула, ден соолук алмашкыс нерсе. Мас болуп эч убакта рулга отурбагыла!

Нурмила Курбанкул кызы, 22 жашта

Страдающая мышечной атрофией Нурмила Курбанкул кызы
© Фото / Бакдоолот Каламбекова
Нурмила Курбанкул кызы булчуңдардын шал оорусу (мышечная атрофия — ред.) менен жабыркайт

Беш жашыма чейин чуркап эле жүргөн кыз экенмин. Анан эле ден соолугумда олуттуу өзгөрүүлөр башталып, ата-энем мени айыктыруунун айла-амалын издеп жүрүп 17 жыл кетти. Дарыгерлер мага булчуңдардын шал оорусу (мышечная атрофия — ред.) диагнозун коюшту. Бул тукум кууган дарт. Азыркы медицина оорууну айыктырууга алсыз. Мезгили менен дарыланып туруудан башка жол жок.

Окуган ар дайым жагат. 4-классымда окуум үзгүлтүккө учураганы эсимде. Биринчиден мектеп алыс, жолдор таштак, унаа жок болсо, экинчиден, жыгылып, кулап калган учурларым болду. Мугалимдер жоопкерчилик алгандан корктубу, ата-энеме арыз жаздырып мектептен чыгарып алуу сунушун берди. Үч жылдан кийин кайра окууга алышты. Бирок мен мурдагыдай өз алдымча басып бара албай калгам. Ошентип 9-классты эптеп бүттүм. Эч кимге нааразы эмесмин. Мектептен калем кармап, окуганды үйрөнүп, курбу таптым. Жадакалса ыр жазууга шыгым окуучу кезде ойгонгон. Ийгиликтин эрте-кечи жок дегендей, учурда колума калем кармап ыр жазып, коомдук иш-чараларга, сынактарга катышып байге алып жүрөм. Жакында эле "Элим барсыңбы?" коомдук фондусунун 10 жылдыгына карата уюштурулган конкурста ыр жана эссе жазуу боюнча 1-орунду ээлеп, Дубайга жолдомо утуп алдым. Кудай буюрса, жаз айларында эс алууга сапар алганы турам. Келечекте китеп чыгарсам деген оюм бар. Айтор, максаттар көп. Жашоо ушунчалык кыска, өмүр ушунчалык кымбат. Кээде аны эч арзыбаган нерсе үчүн коротуп жаткан адамдарды көрүп зээниң кейийт.

Айнагүл Тургунбаева, 47 жашта

Пострадавшая в автоаварии Айнагуль Тургунбаева
© Фото / Эржан Кадырбеков
Айнагүл Тургунбаева дагы автокырсыктан жабыркаган

Токмок шаарындагы маданият колледжин кызыл диплом менен аяктап, Таластын Бакай-Ата районундагы маданият үйүн беш жыл жетектегем. Министрдин Ардак грамотасы менен да сыйлангам. Жолдошум эки кызым менен таштап кеткенде каржы маселесинен улам Тараз шаарындагы базарда иштегенге туура келди. Там салып алыш керек болду. Ал тилегим бүгүнкү күнгө чейин орундалган жок. Он жыл мурда Казакстандан дүңүнөн жашылча-жемиш ташып келе жатып, Чычкан капчыгайынан айдоочу уктап кетип кырсыкка учурадык. Айдоочунун кылыгын сот кокустук деп баалап, моралдык жана материалдык чыгым чегерген. Бирок ал бүгүнкү күнгө чейин төлөбөй качып жүрөт.

Кырсыктаганда жашап кетүүгө мүмкүнчүлүк жок дешкен. Моюн омурткамдын 6-7си кадимкидей майдаланып, жүлүн менен өпкө нандай эле жанчылыптыр. Тогуз сааттык операциядан Кудай деп чыктым. Дарыгерлерге алкыш! Бирде сүйүнсөм, бирде күйүп кетем. Тамга чогулткан акчамды ден соолугумду калыбына келтирүү үчүн жумшадым. Мен Кудайдын кудурети жана жакшы адамдардын жардамы менен кайрадан басарыма ишенип, үмүт артып келем.

Эки чычкандай кызым менен жашайм. Ар дайым жардамга муктажмын. Реабилитациядан өтүү үчүн Россияга, Казакстанга барып турушум керек. Анын баары оңбогондой акча. Жараткан ар бирибизди бөөдө кырсыктан сактаса экен деп тилейм.

Айдана Ниязбекова, 22 жашта

Родившаяся со сломанным позвоночником Айдана Ниязбекова
© Фото / Бектур Байсекеев
Айдана Ниязбекованын боюнун өсүүсү 3 жашынан тарта начарлай баштаган

Аман-соо эле төрөлүп, үч жашыман тарта боюмдун өсүүсү кечеңдей баштаптыр. 16 жашымда дарыгерлер омурткам сынык төрөлгөн дешти. Кыязы ошондон боюм өспөй калса керек. Жашоодо дем берген — апам. Атамдын башка үй-бүлөсү бар. Ал биз кыйналып жатканда өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып таштап кеткен. Ошондо апам менен эжем Москвага иштегени кетип, мени таежемдикине калтырышкан. Кудайдан "ушул күндөр бат өтүп, жакындарым аман-эсен келсе экен" деп тиленчүмүн.

Мектепке кеч кирдим. Классташтарым жардамын аяган жок. Быйыл экономика жаатында орто билимге ээ болдум. Эми кийинки жылы жогорку окуу жайга тапшырууну ниет кылуудамын.

Суусар Таалайбек кызы, 23 жашта

Страдающая мышечной атрофией Суусар Таалайбек кызы
© Фото / Шевченко Юлианна
Суусар Таалайбек кызына балдардын шал оорусу илээшкен

11 айга толуп эми басайын деп калганда оору жабышат. Дене табым жогорулап ыйлаганым басылбай коюптур. Дарыгерлер балдардын шал илдети диагнозун коюшат. Ата-энем бейтапканалап жүрүп үмүтүн үзүшүптүр. Бутум баспай калды… Бала кезимде башкалардай жүгүрүп ойногум келчү. Мектепке барган жокмун. Эс тартканда оорумдан уялып, достор менен телефон аркылуу сүйлөшчүмүн. Турмушка чыга элекмин. Келечекте сулуулук салонун ачсам дейм.

Марина Богатырева, 42 жашта

Ставшая инвалидом после падения Марина Богатырева
© Фото / Бектур Байсекеев
Марина Богатырева бассейнден кулап эле майып болуп калган

2011-жылдын 11-июну кадимкидей эле күн болчу. Үй-бүлө, бала-чака, ата-эне, жай турмуш дегендей… Кечке жуук эне-атам менен бакчадагы бассейнди жууп тазалап коелу деп суу жиберип жатканбыз. Мен бассейнден чыгып келе жатып кокусунан чалкалап кетип, артка кулап түштүм. Натыйжада омурткам менен кабыргам сынып, майып арабасына отуруп калдым. Жакындарымдын санаасын сөз менен айтып берүү кыйын. Алардын колдоосу менен жашаганды үйрөндүм. Иш менен ден соолукту калыбына келтирүүнү айкалыштыруудамын. Кийизден буюм жасоо курсун окуп алгам. Жасагандарды интернет аркылуу сатам. Катардагы адамдардай эле жашайм, болгону бутум баспайт. Кудайга күч-кубат бергени үчүн ыраазымын. Жакын адамдарым маңдайымда, эки уулум чоңоюп келе жатат.

Сейил Сатыкулова, 17 жашта

Инвалид с рождения Сейиль Сатыкулова
© Фото / Бектур Байсекеев
Сейил Сатыкулова төрөлгөндөн бери баспайт

Төрөлгөндөн бери баспайм. Ай-күнүмөн эрте жарыкка келиптирмин. Башында дарыгерлер дени-кардым соо экендигине ишендиришкен экен. Убакыттын өтүшү менен үйдөгүлөр бутума тура албай, башымды да кармай албай жатканымды байкашат. Эмдөөгө барганда деле дарыгерлер оору тууралуу үн катпаптыр. Ата-энем ден соолугумдан күмөн санашса, алар "буттун учу менен турса, балерине болуп туулган турбайбы" деп коюшуптур. Анткен менен башка балдардай отуруп же жөрмөлөй алчу эмес экенмин. Жети айлыгымда Жалдагы "Эне жана баланы коргоо" борборуна алып барышса, невролог балдардын шал оорусу диагнозун коюп, "дарылаганга кеч болуп калды, төрөлгөндө эле алып келиш керек болчу" деп айтыптыр. Маалы менен ошол ооруканага, Ак-Суудагы реабилитациялык борборго барып турдум. Жети жашымда араң отуруп баштасам, сегизимде жаш баладай жөрмөлөдүм. Сүйлөөм начар эле. Ден соолугумду калыбына келтирүү үчүн көп каражат сарпталчу. Апам жалгыз тытынып иштейт эле. Мен ага абдан ыраазымын, ал менин жашоомдогу тирегим. Атам мен тууралуу уккандан кийин таштап кеткен. 12 жашымда ходунокко отуруп, басканды үйрөндүм. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын мектебине барып окуганды, жазганды өздөштүрдүм. Учурда интернет аркылуу үйдөн билим алам. Алты ай сайын саламаттыгымды чыңдап турам. Операция жасоого кепилдик жок болгондуктан жакындарым кооптонуп жүрөт.

Гүлбарчын Исаева, 41 жашта

Ставшая инвалидом после вируса грипп Гульбарчын Исаева
© Фото / Шевченко Юлианна
Гүлбарчын Исаеваны сасык тумоо эле майып арабасына отургузган

Бала чагымда сасык тумоого кабылып оору өтүшүп кетиптир. Бутум баспагандан бери өмүрүмдүн көп бөлүгү үйдө өттү. Аялзатына тиешелүү кол өнөрчүлүк менен алектендим. Эс тартканда жан дүйнөм чыгармачылыкка тартылып, поэзияга кызыгып, комуз черткенди үйрөндүм. Комуз жашоомдун эрмеги болду. 36 жашымда жашоомду башка нукка бурдум. Тааныштар аркылуу мүмкүнчүлүгү чектелген кыздардын фондусун таап кошулдум. Алардын жардамы менен чыгармачылык жаатта фестивалдарга катышып, ар темадагы тренинг, семинарларга бардым. Тырмак, кирпик чаптаган курстарды өздөштүрдүм. Майып адамдардын ыры бириккен "Тагдыр каармандары" аталышындагы китеп чыгардык. Поэзия кечесинде белгилүү өнөрпоздор менен бир сахнада болгонума кубандым. Мурда үйдө жүргөндө аларды телевизор аркылуу көрүп, "мен дагы ушинтип чыксам" деп кыялданчумун. Көрсө, кыялдар орундалат экен. Ал үчүн ишеним жана убакыт керек экендигин түшүндүм. Майып адамдарга айтаарым: өзүңөрдү эч убакта чектебегиле!

Саида Шерказы кызы, 28 жашта

Страдающая мышечной атрофией Саида Шерказы кызы
© Фото / Бакдоолот Каламбекова
Саида Шерказы кызы ай-күнүнөн эрте жарыкка келген

Жети айлык болуп төрөлүпмүн. Акушерлер 2-3 күндөн кийин апама "бүгүн балаңыз түндөн чыгышы күмөн, абдан алсыз" деп айтышыптыр. Үч күн жүрөгүм токтоп, төртүнчү күнү жашап кетиптирмин. Үйдөгүлөр оорум тууралуу деле сезбей, кечирээк басат го деп ойлоп жүрө беришиптир. Үч жашымда дарыгерлер балдардын шал оорусу диагнозун коюшат. Мектептен да окубай калдым. Биринчи класста мугалим келип сабак берип жүрчү, андан кийин дайынын билдирбей кетти. Иним менен жарышып окуганды үйрөнүп алдым. Мүмкүнчүлүк болсо, сулуулук салонун ачкым келет. Кыздардын аруу тилеги болсо керек, турмушка чыгып сүйүктүү жар, мээримдүү эне болсом дейм.

Азиза Иминова, 31 жашта

Сотрудница общественных фондов Равенство и Назик кыз, инвалид Азиза Иминова
© Фото / Шевченко Юлианна
Азиза Иминова жүлүндөгү шишикти туура эмес алдырганы үчүн дарыгерлерге наалат айтат

Тогуз жашымда жүлүнүмдө шишик бар дешти. Операция учурунда дарыгерлер аны туура эмес алганы үчүн майып болуп калдым. Албетте, башында өзүмдү жек көрүп, кайгырдым. Кийинчерээк өзүмдү кандай болсом ошондой кабыл алдым. Бишкек гуманитардык университетинин психология бөлүмүн аяктагам. Эл катары маршрутка менен барып окучумун. Өзүм дагы, коляскам дагы жеңил болгондуктан ага оңой эле батар элем. Анткен менен жүргүнчүлөрдүн жактырбай, ыңгайсыз абалда болгону билинчү. Үйгө ыйлап келе берчүмүн. Факультеттин деканы сырттан окуу тууралуу сунушун айтты эле, мен окуйм деп туруп алдым. Курсташтарым мага абдан жакшы мамиле жасап, бири дагы эмнеге майып болуп калганымды сураган эмес. Ата-энем, туугандар бөтөнчө мамиле жасабай, башка балдардай жумуш жасатчу. Бул менин өз алдымча болума абдан жардам берди. Учурда "Равенство" жана "Назик кыз" коомдук бирикмесинде эмгектенем.

Тема боюнча

Рак илдетин жеңген кыргызстандык айымдардын укмуштай кулпурушу
Оорумду укса апамдын көзү көрбөй калат. Ракка чалдыккан беш аялдын тагдыры
Белгилер:
аял, шал, унаа, майыптар, ден соолук, кырсык, Сүрөт, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ