00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ачык кеп
Хирургиянын малоинвазивдик методдор
15:05
43 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Акнеттин" чуусу. Жактоочу менен түптөөчүлөрүнүн бири түшүндүрмө берди

© Sputnik"Акнет" ААКсынын сайты
Акнет ААКсынын сайты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Финансы полициясынын кызматкерлери компаниянын башкы кеңсесиндеги документтерди алууда. Түптөөчүлөр арасында мүлккө байланыштуу талаш чыкканы айтылып жатат.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. "Акнет" ААКсынын адвокаты Амантур Абдрахманов жана түптөөчүлөрдүн бири Руслан Абдумажитов компания рейдерликке туш болду деген маалыматты төгүндөштү.

"Бишкек сегодня" Telegram тайпасына катталгандардын бири компаниянын басып алуучулукка тушукканы тууралуу айтылган кайрылуунун сүрөтүн жүктөгөн. Кадрды ал телевизордун экранынан тартып алган.

Абдумажитов компанияны үч киши түптөгөнүн, ар биринин 33 пайыздан бирдей үлүшү бар экенине токтолду. Компания жетекчилиги анык кирешени жаап-жашырып жатат деген күмөн саноо пайда болгондуктан ал Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка кайрылганын айтып берди.

"Мен компаниянын президенти Кубан Ажимүдүновго кайрылып, киреше тууралуу документтерди көрсөтүүсүн өтүнгөм. Бирок ал баш тартты. Мындан улам бухгалтерия боюнча маалыматтарды алуу үчүн Финполго кайрылууга аргасыз болдум. Теледеги рейдерлик тууралуу кайрылууну Ажимүдүнов алып чыкты. Эч кандай басып алуучулук болгон жок", — деди ал.

Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Вечерний Бишкектин" ээси Александр Рябушкин кармалды. Чоо-жайы
"Акнет" ААКсынын жактоочусу Амантур Абдрахманов тинтүү тууралуу токтомду Биринчи май райондук соту бергенин түшүндүрүп кетти. Кызматкерлерге "Акнеттин" бардык филиалдарындагы документтерди алууга укук берилген. Адвокаттын айтымында, 221-берененин 1-бөлүгүнүн ("Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин укугунан аша чаап пайдаланышы") негизинде кылмыш иши козголгон.

Иш козгоого түптөөчүлөрдүн талашы себепкер экенин айткан жактоочу бул кадам мыйзамсыз болгонун белгиледи.

"Жарандык укук талаасында чечиле турган чарбалык талаш боюнча кылмыш ишин козгоонун зарылдыгы жок эле. Азыр документтердин баары алынып жатат, бирок бири да каттоого алынган жок. Кагаздардын баарын баштыктарга салып эле алып кетишүүдө. Ар бир документти каттоого алгыла деген талапка тергөөчүлөр реакция кылган жок", — деди Абдрахманов.

Адвокат эртең, 23-ноябрда, компания Финпол кызматкерлеринин аракети канчалык мыйзамдуу болгондугу боюнча маселе көтөрө турганын кошумчалады.

Ал эми Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы окуя боюнча эч кандай комментарий берген жок, бирок мекемедеги булактар учурда компаниянын кеңсесинде Финполдун кызматкерлери иштеп жатканын тастыктады.

Жаңылыктар түрмөгү
0