Жээнбеков балдар үйүн ачууга мораторий киргизүүнү колдоду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков шейшемби күнү "Балдардын укугун коргоо лигасы" коомдук фондунун директору, балдар үйлөрүн жана интернат тибиндеги мекемелердин системасын реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун орун басары Назгүл Турдубекова менен жолугушту.
Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков шейшемби күнү Балдардын укугун коргоо лигасы коомдук фондунун директору, балдар үйлөрүн жана интернат тибиндеги мекемелердин системасын реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун орун басары Назгүл Турдубекова менен жолугушту. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президентке балдарды коргоо багытында жүргүзүлө турган реформалар тууралуу маалымат берилди.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда интернат тибиндеги балдар үйүн ачууга мораторий киргизүү пландалып жатат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков шейшемби күнү "Балдардын укугун коргоо лигасы" коомдук фондунун директору, балдар үйлөрүн жана интернат тибиндеги мекемелердин системасын реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун орун басары Назгүл Турдубекова менен жолугушту.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков шейшемби күнү "Балдардын укугун коргоо лигасы" коомдук фондунун директору, балдар үйлөрүн жана интернат тибиндеги мекемелердин системасын реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун орун басары Назгүл Турдубекова менен жолугушту.
Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков шейшемби күнү Балдардын укугун коргоо лигасы коомдук фондунун директору, балдар үйлөрүн жана интернат тибиндеги мекемелердин системасын реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун орун басары Назгүл Турдубекова менен жолугушту. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков шейшемби күнү "Балдардын укугун коргоо лигасы" коомдук фондунун директору, балдар үйлөрүн жана интернат тибиндеги мекемелердин системасын реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун орун басары Назгүл Турдубекова менен жолугушту.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАлар баланы үй-бүлөдө сактап калуу үчүн интернат тибиндеги мекемелерди реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун ишмердигинин натыйжалары жана топ аркылуу өлкөнүн өкмөтүнө даярдалган сунуштарды талкуулашты.
Алар баланы үй-бүлөдө сактап калуу үчүн интернат тибиндеги мекемелерди реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун ишмердигинин натыйжалары жана топ аркылуу өлкөнүн өкмөтүнө даярдалган сунуштарды талкуулашты. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Алар баланы үй-бүлөдө сактап калуу үчүн интернат тибиндеги мекемелерди реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун ишмердигинин натыйжалары жана топ аркылуу өлкөнүн өкмөтүнө даярдалган сунуштарды талкуулашты.
1/2
Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков шейшемби күнү "Балдардын укугун коргоо лигасы" коомдук фондунун директору, балдар үйлөрүн жана интернат тибиндеги мекемелердин системасын реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун орун басары Назгүл Турдубекова менен жолугушту.
2/2
Алар баланы үй-бүлөдө сактап калуу үчүн интернат тибиндеги мекемелерди реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун ишмердигинин натыйжалары жана топ аркылуу өлкөнүн өкмөтүнө даярдалган сунуштарды талкуулашты.

Алар баланы үй-бүлөдө сактап калуу үчүн интернат тибиндеги мекемелерди реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун ишмердигинин натыйжалары жана топ аркылуу өлкөнүн өкмөтүнө даярдалган сунуштарды талкуулашты.

Турдубекованын айтымында, үч айдын ичинде жумушчу топ балдар үйлөрүндөгү жана интернаттардагы абалды, балдардын бул жайларга келип калышынын себептери жана балдардын үй-бүлөдө жашоо кызыкчылыгын көздөбөстөн түрдүү донорлук уюмдарга интернат тибиндеги мекемелерди ачууга жол берген мыйзамдарга дагы анализ жасаган.

Насилие над детьми в КР - Sputnik Кыргызстан
Атасы кызын өзү менен ала кетип, зордуктап жүргөн. Балдар үйүнүн башчысы менен маек
Ошондой эле балдар үйлөрүнүн жана интернат мекемелеринин системасын реформалаган, бул мекемелерди жаап, баланын өз үй-бүлөсүндө же багып алган үй-бүлөдө, үй-бүлөлүк типтеги үйлөрдө жашоого шарт түзүп бере алган жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердин тажрыйбасы дагы изилденгени айтылды.

Эксперттик жумушчу топтун ишмердигинин натыйжасында иштелип чыккан сунуштар өкмөткө жиберилет.

Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков эксперттик жумушчу топтун өкмөттүн 2017-жылы бекитилген үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо 10 жылдык (2018-2028-жылдары) планына киргизиле турган социалдык кызмат көрсөтүү жана инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү планын иштеп чыгуу зарылдыгы тууралуу сунушту колдоду.

Бул 9 жылдык план интернат тибиндеги жаңы балдар мекемелерин ачууга мораторий киргизүүнү камтыйт.

"Пландын алкагында коюлган бардык максаттар жана милдеттер балдардын кызыкчылыктарына каршы келбеши, укугун бузбашы керек. Реформаларды жүргүзүүдө бир дагы бала запкы чегип калбашы зарыл. Ар бир баланын тагдыры баалуу жана маанилүү. Реформаны ишке ашыруу дайыма менин көңүл борборумда болот", — деп президент Сооронбай Жээнбеков белгиледи.

Эксперттик жумушчу топтун сунуштарынын бардыгы өкмөткө жөнөтүлөт. Андан кийин интернат тибиндеги балдар мекемелеринин системасын реформалоо боюнча тиешелүү жумуштар өкмөт тарабынан жүргүзүлөт.

Эксперттик жумушчу топ 2018-жылдын 27-июлунда түзүлгөн, курамына коомдук уюмдардын, эксперттик коомчулуктун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0