ЖКККББдин айрым кызматкерлери жүрүм-турумунан улам иштен алынды

© Sputnik / Нурис АлымбаевГарнизонный развод-инструктаж столичной милиции на площади Ала-Тоо
Гарнизонный развод-инструктаж столичной милиции на площади Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир катар кызматкер иште жетишкен ийгиликтери үчүн ардак грамоталарга татыды.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) 2018-жылдын 3-кварталынын жыйынтыгын чыгарып, ишинен өзгөчөлөнгөн бир катар кызматкерлерди ардак грамота менен сыйласа, бир катарын ишиндеги кемчиликтери үчүн сөгүш берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Жыйынга ЖКККББдин жетекчиси Канат Жумагазиев, анын орун басарлары, шаардык жана облустук милициянын жетекчилери катышкан.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: аткаруу бийлигинде иштегендер жүрүм-турумун көзөмөлдөш керек
Кара-Балта шаарында 4,5 килограмм баңгизатын кармоого жана өз жанын кыям деп жаткан окуучу кызды сактап калганы үчүн Чүй облусу менен Бишкек шаарынын ЖКККБдин беш кызматкери ардак грамота менен сыйланган.

Андан сырткары, өз милдеттерин так аткарбаганы, жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо жаатында чала жасалган иштери үчүн ИИМ ЖКККББдин борбордук аппаратынын бир катар жетекчилери жана Нарын, Талас облустук милициясынын бөлүм башчылары дисциплинардык айыпка тартылды. Айрымдарына сөгүш берилсе, бир катары кызматынан алынды.

Ошондой эле жыйында 2018-жылы 4-октябрда YouTube сайтына "Инспектор пара алып жатат" деген видео жарыяланган. Бул боюнча кызматтык иликтөө жүрүп, Чүй облусундагы Сокулук районунун ЖККБдин ага инспектору милициянын капитаны Б.Касымбеков жумушунан бошотулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0