19:52 03 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.1102
  • EUR86.6140
  • RUB1.0938
Коом
Кыскача шилтеме алуу
1371 0 0

Сооронбай Жээнбеков Темир Жумакадыровго ыйгарылган Жаматтык коопсуздук келишим уюмунун II даражадагы Ардак белгисин жакындарына тапшырды.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-октябрда, 2017-жылы октябрь айында каза болгон Темир Жумакадыровдун ата-энеси жана жубайы менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

  • Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-октябрда, 2017-жылы октябрь айында каза болгон Темир Жумакадыровдун ата-энеси жана жубайы менен жолугушту
    Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-октябрда, 2017-жылы октябрь айында каза болгон Темир Жумакадыровдун ата-энеси жана жубайы менен жолугушту
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Жээнбеков Темир Жумакадыров жөнүндө эскерүүлөрү менен бөлүшүп, премьер-министр кезинде аны менен тыгыз байланышта иштешкенин белгиледи
    Жээнбеков Темир Жумакадыров жөнүндө эскерүүлөрү менен бөлүшүп, премьер-министр кезинде аны менен тыгыз байланышта иштешкенин белгиледи
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Өлкө башчы Темир Жумакадыровго ыйгарылган Жаматтык коопсуздук келишим уюмунун II даражадагы Ардак белгисин анын ата-энеси менен жубайына тапшырды
    Өлкө башчы Темир Жумакадыровго ыйгарылган Жаматтык коопсуздук келишим уюмунун II даражадагы Ардак белгисин анын ата-энеси менен жубайына тапшырды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Маектешүүнүн жүрүшүндө маркумдун жубайы күйөөсүнүн ишин улантуу максатында анын ысымындагы коомдук фонд түзүлгөнүн айтып өттү.
    Маектешүүнүн жүрүшүндө маркумдун жубайы күйөөсүнүн ишин улантуу максатында анын ысымындагы коомдук фонд түзүлгөнүн айтып өттү.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 4
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-октябрда, 2017-жылы октябрь айында каза болгон Темир Жумакадыровдун ата-энеси жана жубайы менен жолугушту

Жээнбеков Темир Жумакадыров жөнүндө эскерүүлөрү менен бөлүшүп, премьер-министр кезинде аны менен тыгыз байланышта иштешкенин белгиледи.

"Биз улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча көп иштештик, коррупцияга каршы күрөшүү маселелерин жана өлкөдө жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды талкуулачубуз. Ал ата-эненин жакшы тарбиясын көргөн абийирдүү, акылы курч, мээримдүү адам эле. Өлкө үчүн иштегенге умтулчу", — деди президент.

Өлкө башчы Темир Жумакадыровго ыйгарылган Жаматтык коопсуздук келишим уюмунун II даражадагы Ардак белгисин анын ата-энеси менен жубайына тапшырды.

Маектешүүнүн жүрүшүндө маркумдун жубайы күйөөсүнүн ишин улантуу максатында анын ысымындагы коомдук фонд түзүлгөнүн айтып өттү.

Ал эми мамлекет башчы фонддун бардык демилгелерин колдой турганын жана алар үчүн ар дайым эшиги ачык экенин белгиледи.

Вице-премьерлик кызматты аркалаган Темир Жумакадыров 2017-жылдын 7-октябрында жол кырсыгынан каза болгон.

Тема боюнча

Сүйүктүүңөрдөн ажырабагылачы! Темир Жумакадыровду жубайы ыр менен эскерген видео
Темир Жумакадыровдун аялы Нора Сүйүналиева жолдошунун атынан фонд түптөдү
Белгилер:
жолугушуу, Темир Жумакадыров, Сооронбай Жээнбеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ