09:53 21 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Sputnik агенттигинин коммуникация жана коом менен байланыш директору Петр Лидов-Петровский. Архив

SputnikPro: Кыргызстанга Россиянын алдыңкы медиа менеджерлери келет

© Sputnik / Кирилл Каллиников
Коом
Кыскача шилтеме алуу
65 0 0

Жолугушуу мастер-класс форматында өтөт.

БИШКЕК, 3-окт. —Sputnik. Sputnik эл аралык маалымат агенттиги менен радиосу SputnikPro билим берүү долбоорунун алкагында мамлекеттик уюмдардын маалымат катчылары менен коммерциялык уюмдардын PR адистерине Россиянын алдыңкы медиа менеджерлери менен жолугуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.

Жолугушуу мастер-класс форматында өтүп, Sputnik агенттигинин коммуникация жана коом менен байланыш директору Петр Лидов-Петровский жана "Россия Сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин мамлекеттик интернет-долбоорлор дирекциясынын жетекчи орун басары Ирина Кедровская өз тажрыйбалары менен бөлүшөт.

Открытие спортивного ньюсрума РИА Новости
© Sputnik / Владимир Песня
"Россия Сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин мамлекеттик интернет-долбоорлор дирекциясынын жетекчи орун басары Ирина Кедровская

Петр Лидов-Петровский 13 жыл бою Philip Morris International компаниясынын Россиядагы, Швейцариядагы, Индонезиядагы, Гонконгдогу, Пакистандагы өкүлчүлүктөрүндө иштеген. Ошондой эле "Эн+Менеджмент" ЖЧКсында коомчулук менен байланыш директору болуп эмгектенген. 2009-жылдын июнь айынан тарта "МегаФон" компаниясында коомчулук менен байланыш директору болуп иштеген. Ал маалымат кызматтарынын иши, жана PR материалдарды даярдоонун жол-жобосун айтып берет.

Ирина Кедровская маалымат кызматтары менен PR бөлүмдөрү ЖМКлардын көңүлүн буруу үчүн кандай форматтарды колдоно алары тууралуу маалымат берет.

Кедровская эмгек жолун "Независимая газета" басылмасынан баштаган. Андан сырткары, "Известия" гезитинде Родионов басма үйүндө, РИА Новости маалымат агенттигинде иштеген. Анын жетекчилиги алдында даярдалган долбоорлор бир катар сыйлыктарга татыган.

SputnikPro — бул Россиянын мыкты медиа менеджерлеринин жана алдыңкы адистеринин презентация жана мастер-класстары. Алар өз тажрыйбаларын журналисттер, маалымат катчылар, жогорку курстун студенттери менен бөлүшөт. Белгилей кетсек, SputnikPro долбоору 2018-жылы жазында башталып, Белоруссиянын, Грузиянын, Азербайжандын жана Армениянын медиа коомчулугунун жогорку баасын алган. Бардык окутуулар бекер жүргүзүлөт. Ага катышкандар өздөрүнүн кесипкөйлүгүн көрсөтсө Sputnik агенттигинде иштеп калууга мүмкүнчүлүк алат.

Тема боюнча

Sputnik журналисттер үчүн билим берүү программасын баштады
Белгилер:
SputnikPro, мастер-класс

ЭҢ МААНИЛҮҮ