Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровШахтерский город Сулюкта в Баткенской области
Шахтерский город Сулюкта в Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Бейшемби күнү республиканын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жете турганын Кыргызгидромет маалымдады.

Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +18…+23 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +23…+28, Ысык-Көл облусунда жана Нарын аймагында +17…+22 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкекте күн ачык болсо, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы Бишкекте +21…+23, ордолуу Ошто +16…+18 градус болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0