УКМК: экстремизм жана терроризмди каржылоо үчүн сырттан акча келген учурлар бар

© Фото / пресс-служба МВДЭкстремизм өңүтүндөгү адабияттар. Архив
Экстремизм өңүтүндөгү адабияттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
УКМКнын төрага орун басары кайсы уюмдар коркунуч жаратарын айтты.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрага орун басары Асылбек Кожобеков парламентте депутат Руслан Казакбаевдин суроосуна жооп берип жатып, Кыргызстанда экстремизм жана терроризмди каржылоо боюнча чет жактан акча которулган учурлар бар экенин айтып, бул жаатта иштер аткарылып жатканын билдирди.

Жогоку Кеңештин жалпы жыйынында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Абдылдаев: Кытайдын визасын алуу ишкерлер үчүн оор бойдон калууда
Эл өкүлдөрү бүгүн "Астана шаарында 2017-жылдын 9-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясын ратификациялоо жөнүндө" мыйзамдын долбоорун талкууга алышты.

Казакбаев Кыргызстанда экстремизмдин кандай түрлөрү жана кайсы формасы өзгөчө коркунуч туудуруп жатканына кызыкты.

Кожобеков болсо учурда өлкө аймагында диний экстремизм жаатындагы уюмдар бар экенин, анын ичинде "Хизб ут Тахрир", "Акрамийлар", "Таблиги жамааттан" бөлүнүп чыккан "Якын инкар" экстремисттик уюмдардан кокунуч жаралып жатканын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0