20:48 21 Аяк оона 2018
Түз эфир
  • USD68.8080
  • EUR81.1487
  • RUB1.0386
Абак. Архив

ТИМ: учурда Тажикстандын түрмөлөрүндө 36 кыргызстандык отурат

© AFP 2018 / JOEL SAGET
Коом
Кыскача шилтеме алуу
109 0 0

Абдылдаев ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 970 чакырым экенин айтып, анын 519 чакырымы толугу менен такталганын белгиледи.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынында 10-сентябрга алынган маалымат боюнча учурда Тажикстандагы абактарда Кыргызстандын 36 жараны отурганын билдирди.

Депутаттар "2018-жылдын 1-февралында Душанбе шаарында кол коюлган кыргыз өкмөтү менен тажик өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстандын жарандарынын Тажикстандын аймагында жана Тажикстандын жарандарынын Кыргызстандын аймагында болуу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамдын долбоорун карап жатышат. Бул долбоор биринчи окууга киргизилет.

Талкуу учурунда депутат Руслан Казакбаев эки мамлекеттин жарандарынын бири-бирине кирип чыгышын каттоого алуунун канчалык кажети бар экенине кызыгып, аны таптакыр алып салса болор-болбосу боюнча суроо салды.

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев депутаттын сунушун колдой турганын айтты.

Абдылдаев ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 970 чакырым экенин айтып, анын 519 чакырымы толугу менен бекитилгенин белгиледи. Калган чек араны тактоо боюнча жолугушуулар болуп жатканын, эң башкы маселе укуктук негизге барып такалып жатканын айтты. Айрым чек ара тилкелери боюнча кыргыз менен тажик тараптын пикирлери ар башка. Эгер укуктук негиз жаатында бир пикир жаралса, калган чек аранын 40 пайызынын чечилишине өбөлгө болорун кошумчалады.

Тема боюнча

Жунусов: Түркияда төрт кыргызстандык абакта отурат
Белгилер:
чек ара, Эрлан Абдылдаев, Тажикстан, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ