https://sputnik.kg/20180912/tim-tazhikstan-abak-zharandar-1041065928.html
ТИМ: учурда Тажикстандын түрмөлөрүндө 36 кыргызстандык отурат
ТИМ: учурда Тажикстандын түрмөлөрүндө 36 кыргызстандык отурат
Sputnik Кыргызстан
Абдылдаев ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 970 чакырым экенин айтып, анын 519 чакырымы толугу менен такталганын белгиледи. 12.09.2018, Sputnik Кыргызстан
2018-09-12T10:35+0600
2018-09-12T10:35+0600
2021-12-15T22:11+0600
https://sputnik.kg/img/103797/61/1037976178_0:270:5184:3186_1920x0_80_0_0_eb5cbdd39baaff38c77a2ac0e8eb5ef0.jpg
тажикстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2018
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103797/61/1037976178_288:0:4896:3456_1920x0_80_0_0_b54a592346a19d2bdc2bab5e88e8a27a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
азия, дүйнөдө, коом, жаңылыктар, тажикстан, эрлан абдылдаев, кыргызстан
азия, дүйнөдө, коом, жаңылыктар, тажикстан, эрлан абдылдаев, кыргызстан
ТИМ: учурда Тажикстандын түрмөлөрүндө 36 кыргызстандык отурат
10:35 12.09.2018 (Жаңыртылды: 22:11 15.12.2021) Абдылдаев ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 970 чакырым экенин айтып, анын 519 чакырымы толугу менен такталганын белгиледи.
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынында 10-сентябрга алынган маалымат боюнча учурда Тажикстандагы абактарда Кыргызстандын 36 жараны отурганын билдирди.
Депутаттар "2018-жылдын 1-февралында Душанбе шаарында кол коюлган кыргыз өкмөтү менен тажик өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстандын жарандарынын Тажикстандын аймагында жана Тажикстандын жарандарынын Кыргызстандын аймагында болуу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамдын долбоорун карап жатышат. Бул долбоор биринчи окууга киргизилет.
Талкуу учурунда депутат Руслан Казакбаев эки мамлекеттин жарандарынын бири-бирине кирип чыгышын каттоого алуунун канчалык кажети бар экенине кызыгып, аны таптакыр алып салса болор-болбосу боюнча суроо салды.
Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев депутаттын сунушун колдой турганын айтты.
Абдылдаев ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 970 чакырым экенин айтып, анын 519 чакырымы толугу менен бекитилгенин белгиледи. Калган чек араны тактоо боюнча жолугушуулар болуп жатканын, эң башкы маселе укуктук негизге барып такалып жатканын айтты. Айрым чек ара тилкелери боюнча кыргыз менен тажик тараптын пикирлери ар башка. Эгер укуктук негиз жаатында бир пикир жаралса, калган чек аранын 40 пайызынын чечилишине өбөлгө болорун кошумчалады.