17:44 22 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.5001
  • RUB1.1635
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары (211)
131500

Кырчын жайлоосундагы этно шаарчага тигилген Асел Рысмендееванын кыргыз үйү "Эң эски боз үй" номинациясын жеңип алды. Ошондой эле Түркияда өтө турган Көчмөндөрдүн дүйнөлүк IV оюндарына катышууга жолдомо берилди.

Аталган кыргыз турак жайынын ээси бул боз үй 1898-жылы жасалганын айтууда. Учурда аны төртүнчү муун колдонуп жатат. Алар Ысык-Көл районуна караштуу Кашат айылынын тургундары.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы эски боз үйдүн тарых-таржымалы тууралуу ээси Асел Рысмендеева менен маектешти.

— Бул боз үйдүн 120 жыл мурда жасалганын кантип далилдеп жатасыздар?

— Муну биздин бабабыз, башкача айтканда чоң атабыз Рысменденин атасы Чоду жасаган. Чоң атабыз 1952-жылы 75 жашында дүйнөдөн өткөн. Чоду бабабыз жылкычы болгондуктан ушул боз үйү менен көчүп-конуп жашачу экен. Негизи жайыты ушул Кырчын жайлоосу жана Ак-Суу капчыгайы болгон. Бул ыңгайлуу кийиз, туурдуктарын кошуп бир атка эле тыпыйтып артып кетсе болот. Чоң атабыздын айтуусуна таянып 1898-жылга таандык экенин эсептедик. Сыртта турган сандык да боз үй менен тең жасалган экен. Сынактын эксперттери келип сандыктын эски экенин жыгачтын дабышынан билип жатышат. 

Владелица юрты, которой 120 лет Асел Рысмендеева у древнего жилища кыргызов
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
III Всемирные игры кочевников. Номинация самая старая юрта

— Ошол күндөн ушул күнгө чейин кийиздери да эч нерсе болгон эмеспи?

— Мунун ууктары турпан талдан, керегеси эчки талдан жасалган. Кереге тарткычы нукура өзүнүкү, ал убакта топоздун, жылкынын куйругунан жасашкан экен. Бирок кийиз, туурдуктарын экинчи дүйнөлүк согуштун алдында жаңылашыптыр. Андан бери деле 80 жылдын жүзү болбодубу. Энелерибиз кийизди мыктап жасаганы үчүн ушул убакка чейин сакталып келди да. Аябай катуу, бир жерин тигейин десең ийне араң өтөт. Эми айрым жерлери жыртыла баштады, аны жамап коюп атам.

— Дагы бир жагдай, 1916-жылдагы Үркүндө кыргыздар Кытайга качканда бул боз үй каякта сакталганы мага кызык болуп жатат…

— Жогоруда айткандай жарым саатта бузуп-жыйнап, бир эле атка жүктөп кете турган ыңгайлуу боз үй болгондуктан Кытайга чейин артып барып кайра алып келген экен. Жолдон тиге калып жарым күн, бир түн жатып эс алып кайра жыйнап жолун улап кете беришкен дешет. 

Владелица юрты, которой 120 лет Асел Рысмендеева у древнего жилища кыргызов
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
III Всемирные игры кочевников. Номинация самая старая юрта

— Учурда кандай жерде сактап жатасыздар?

— Суу өтпөгөн, астынан ным тартпаган кургак, көлөкө жерге сактайбыз. Күнгө да койбош керек. Асты-үстүнө шамал тийип турушу үчүн сарайдын ичине зымга байлап, асып коёбуз. Атабыз тебеленди жерге койдурчу эмес. Жыртылган жерин жамап, сыныгын оңдоп сактап келе жатабыз.

— Ушул боз үй менен жайлоого да чыгып жүрдүңүздөрбү?

— Мен бул үйгө 1980-жылы келин болуп келгем. Ошондо кайната-кайненем пенсия курагында эле. Жайлоого чыкпай калышкан, жайкысын бактын арасына тигип коюп салкында отурушчу. Тоого чыкканда алып барып тигип алышчу. Биз да кийин жайлоого чыкпай калдык. Ал эми чоң атабыз өмүр бою жылкы багып ушул боз үй менен жайлоодон түшчү эмес экен. Каркыра жактагы Челек жайлоосунда Казакстанга өтүп кеткен "Рысменденин жайыты" бар болчу. Ал киши 83 жашында дүйнө салды, бирок 82 жашына чейин алдан-күчтөн тайбай аттан түшкөн эмес. Рысменденин Салыбай жана Алыбай деген эки уулу болгон. Биздин атабыз Салыбай да эки уулдуу болгон, биз кичүүсүбүз. Ошондуктан боз үй бизде калган. 

Владелица юрты, которой 120 лет Асел Рысмендеева у древнего жилища кыргызов
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
III Всемирные игры кочевников. Номинация самая старая юрта

— Бул боз үйдү 2016-жылы да Көчмөндөр оюндарына алып келдиңиздер беле?

— Жок, анда эски экен деп киргизбей коюшкан. Биз деле анча маани берген эмеспиз. Быйыл бул эч кимде жок, тарыхый мурас болуп жатпайбы деп ойлонуп, алып келүүнү чечтик. "Кыргыз жолу" коомунун ордосуна тиккенбиз. Анан эле кызыккандар көп болуп, сага окшоп көп журналисттер келип жатат. Эл да куурчактай болгон жаңы боз үйлөргө көңүл бурбай, эски үйдүн тарыхына кызыгып, таң калып карашууда.

Ал эми боз үйлөр сынагында "Эң эски боз үй" номинациясын жеңип 30 миң сом алдык. Мындан сырткары, Түркияда өтчү кийинки Көчмөндөр оюндарына жолдомо беришти.

Тема:
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары (211)

Тема боюнча

Түркия 2020-жылы өтө турган Көчмөндөр оюндарында кыргыз логотибин колдонот
Алдыда баратабыз! Көчмөндөр оюндарында Кыргызстан 100 медаль утту
Көчмөндөрдүн улуу балбаны аныкталып, 1 млн. сом жана аргымак тартууланды
Чет элдиктер Көчмөндөр оюндары жөнүндө кандай ойдо? Видео
Белгилер:
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Боз үй, үркүн

ЭҢ МААНИЛҮҮ