Соцтармак кызыктары: эшек минген Феруза, "Бишкектеги ужасты" айткан кыздар

© AFP / Raul ARBOLEDAРегиональный конкурс ослов в Моникире
Региональный конкурс ослов в Моникире - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги артта калган аптада интернет айдыңына чыккан кызыктуу сүрөт, видеолор топтомун сунуштайт.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Узаган жумада өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков эмгек өргүүгө чыгып, эс алуудагы сүрөттөрүн жарыялап талкууга түштү. Ал эми жигиттердин Ферузага арнаган ыры социалдык тармакты күлкүгө бөлөдү.

1. Президенттин эс алуусу. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бир жумалык эмгек өргүүсүн Ысык-Көлдө өткөрдү. Кечээ ал жактагы эс алуу ирмемдери жарыяланды. Бул сүрөттөн анын касиеттүү көлгө суктанып турганын көрүүгө болот. Мындан башка дагы сүрөттөрдү көргүңүз келсе, бул жакка баш багыңыз

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевӨлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бир жумалык эмгек өргүүсүн Ысык-Көлдө өткөрдү
Отпуск президента КР Сооронбая Жээнбекова на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бир жумалык эмгек өргүүсүн Ысык-Көлдө өткөрдү

2. Ферузаааа… Кыргызстандык жигиттер россиялык рэпер Матрангдын "Медуза" ырына пародия чыгарып аткарышты. Бул аз убакыттын ичинде эле соцтармакка жайылып кетти. Алар ырды эшек минип, кой айдаган Феруза аттуу айылдык кызга арнаган.

3. Булбулча сайраган апа. Жигиттерди айтып бүткүчө бул апа өнөрүн көрсөтүп боорду эзди. Тойго келип жөн эле ырдабай булбулча сайрап рэп айткан. Мындай өнөрү менен эмнеге ушул убакка чейин жылдызы жанбай жүргөнүнө таң каласың. "Эл ичи — өнөр кенчи" деп бекеринен айтылып калбагынын далилдеди көрүнөт.

4. Айтамын гана Бишкектеги ужасты. Бул кыздар болсо Мирбек Атабековдун "Мурас" ырына пародия жаратышыптыр. Анда өлкөдө жыл башынан бери болгон окуяларды айтып ырдашкан. 9 миң сомдук көчөт, 600 долларлык аттиштер жана Сапар Исаковдун отставкасы да камтылган. Угуп көрсөңүз бул кыздардын үнү деле Мирбектин үнүнөн калышпайт экен.

5. Фермер эженин бийи. Ишемби күнү Ысык-Көлдүн Темировка айылында "Карагатфест" фестивалы өттү. Ал күнү жергиликтүү фермерлер мөмө-жемишин жарманкеге алып чыгышты. Иш-чара ыр-бий менен коштолуп, дыйкандар бир чер жазышты көрүнөт. Ага төмөндөгү видео далил боло алат.

6. Көк бөрүчүлөрдүн даярдыгы. Кыргызстандын көк бөрү боюнча улуттук курама командасы Чолпон-Атада Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарына даярданууда. Машыгуулар 1-августта башталган. Намыска жарачу жигиттерге күч-кубат берсин!

Жаңылыктар түрмөгү
0