16:48 23 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7882
  • EUR77.2311
  • RUB1.0638
Мал сойуучу жай. Архив

Өзгөндө ЕАЭБдин стандартына туура келген мал союучу жай ачылмакчы

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
ЕАЭБдеги Кыргызстан (186)
307 0 0

Касапкана сентябрь айында пайдаланууга берилери күтүлүүдө.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Ош облусунун Өзгөн районундагы Баш-Дөбө айылында ЕАЭБдин стандартына туура келген мал союучу жай курулуп жатат. Бул туурасында аталган цехтин өкүлү Касымжан Маматов журналисттерге айтып берди.

Анын айтымында, бул жерден чыккан продукция ЕАЭБдин талаптарына жооп бергендиктен, аталган биримдикке кирген өлкөлөргө экспорттолот.

"Бул үчүн Россиядан атайын жабдууларды алып келдик. Учурда аталган өлкөдөн келе турган адистерди күтүп жатабыз, себеби сатып алган аппараттарды алар өздөрү орнотуп берет. Бул жайга жалпысынан 15 миллион сом жумшалса, анын 11 миллиону Айыл банктан 6 пайыз менен насыяга алынды", — деди ал.

Калган акчаны жеке ишкер өзү тапкан. Ал касапкана сентябрь айында пайдаланууга берилерин кошумчалады.

"Цех ишке киргенден кийин күнүнө 40 ири жана 80 майда жандык союлат. 40 киши туруктуу иш менен камсыз болот. Мамлекет алты пайыздык насыя берип, бизге абдан жакшы көмөк көрсөттү", — деди Маматов.

Замандын талабына жооп берген касапкананы куруу долбоору Бишкекте даярдалган. Жалпы аянты 500 чарчы метрди түзөт.

Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан (186)

Тема боюнча

Кытайдан шабдалы деп аткезчилик жол менен канаттуунун эти келди
Өкмөт: Разаков катышкан ЕАЭБ жыйынында эконом класстагы үйлөр боюнча сөз болду
Белгилер:
жабдуу, Евразиялык экономикалык биримдик, Өзгөн

ЭҢ МААНИЛҮҮ