14:16 24 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8492
  • EUR77.8085
  • RUB1.0831
Чоң Чүй каналы. Архивдик сүрөт

6 жашар баланы издөө үчүн Чоң Чүй каналындагы суу 40 пайызга азайтылды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
137 0 0

Бөбөктү бүгүн ӨКМдин куткаруучулары менен суучулдарды кошкондо 70 киши издеп жатат.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Чоң Чүй каналына түшүп кетти деген алты жашар баланы издөөнү улантуу үчүн тиешелүү тараптар түндө каналдагы сууну жасалма жол менен азайтты. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Кечээ Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлиги менен сүйлөшүү жүрүп, баланы издөө иштери улантыла тургандыктан Чоң Чүй каналындагы суунун нугу азайтылды. Бүгүн таңкы жетиден тарта ӨКМдин куткаруучулары менен суучулдарды кошкондо 70 киши издеп жатат", — деп билдиришти ӨКМден.

Чүй облустук суу башкармалыгынын башчысы Руслан Девяткулов суунун көлөмү 40 пайызга азайтылганын билдирди.

"Түндө саат 00.00дөн тарта суунун деңгээлин азайттык. Бул убакта Ала-Арча суусунун агымы буулду жана Аламүдүн районундагы чакан ГЭСтерге буруп турдук. Бүгүн түшкү саат 12.00дө Чоң Чүй каналына суу кайрадан коё берилди. Биз сууну көпкө кармай албайбыз. Себеби дыйкандардын эгинине суу жетпей калат", — деди Девяткулов.

Эске салсак, 13-июлда алты жашар Миша Чоң Чүй каналына түшүп кетип, издөө башталган.

Бөбөктү бир нече күндөн бери ата-энеси, туугандары, ӨКМдин куткаруучулары менен жай жарандар, ыктыярчылар издеп таппай жатат.

Тема боюнча

Көрсөңөр айтып койгулачы? Чоң Чүй каналынан изделип жаткан 6 жашар баланын сүрөтү
Чоң Чүй каналынан изделген бөбөк. Жеринен тартылган видео
Белгилер:
ыктыярчылар, издөө, бала, Суу, Чоң Чүй каналы

ЭҢ МААНИЛҮҮ