00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Мамлекеттик башкаруу академиясы: илимий потенциал жана санариптик трансформация
09:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Академия наук сможет тратить заработанные деньги: беседа об инновациях в научной сфере
10:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстан жумушчу күчүнүн жетишсиздигине туш болууда — бийлик бул боюнча кандай чараларды көрүүдө?
11:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Наука как госстратегия: китайский путь к технологическому лидерству — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кант диабети жүрөк кан-тамыр системасын кандайча талкалайт? Кардиолог менен маек
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Диплом или навыки: проректор СКФУ — о том, каким должно быть образование сегодня
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Балдарды туура тарбиялайлы: Сөгүнүүнүн адам жашоосуна тийгизген таасири
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Вырубки не будет: что «зашито» в загадочных бирках на деревьях бульвара Эркиндик
18:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стопкадр
Документалдык кинонун бүгүнкү абалы: билим берүүдө көйгөйлөр жана жетишкендиктер
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Максимальный репост
Безопасная весна: Джумадиль Шералиев об усилении патрулей в парках и зонах отдыха Бишкека
20:06
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кант диабети жүрөк кан-тамыр системасын кандайча талкалайт? Кардиолог менен маек
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Атыр себинбей эле койгулачы! Маршруткадагылар кыжырды кайнатканда

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота общественного транспорта в Бишкеке
Работа общественного транспорта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысыктын күнү коомдук транспортко, айрыкча маршруткага эч кимдин деле түшкүсү келбесе керек. Айла жок астыңда унааң болбосо жумуштарды бүтүрүш керек да. Троллейбус, автобус болсо борбордук көчөлөрдө эле жүрбөсө жаңы конуштарга жетпей калган. Айтор, элдин күнү маршруткаларга түшкөн.

Дал ушул маршрутка ичинде үйгө жеткиче эмнени гана көрбөйсүң. Айрыкча аптаптуу ысыкта тыгылып, думугуп дегендей… Алыс жерге бара турган болсоң шоруңдун эле катканы. Sputnik Кыргызстан агенттиги маршруткадагылардын кыжырга тийген учурларын тизмектейт.

Празднование нового года в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жаактан ары чапкым келет! Маршруткага түшкөндө "өнөрүңөрдү" үйгө таштай келгилечи
Атыр-жыттуулар. Жайдын аптабында коомдук транспортко атыр себинип киргендер аман эле болсун. Сасыбай жыттуу болуп жүргөн жакшы деңизчи, бирок ченеми менен себиниш керек да. Сиздин атырыңыз менен башка жыттар аралашканда жүрөгүң айланып, терезеден секирип кеткидей эле болосуң. Ал эми "жыт-пыты" бар кишилердин жанына туруп калсаң өлдүң дей бер. Дем албай гана үйгө жетиш керек. Кичине жуунуп тазаланып алып чыкпайбы?!

Какшангандар. Мындай адамдар маршруткага түшөрү менен какшанып, наалынып башташат. Орун бар жогун карабай эле жаштарды жамандап баштаганда жан кашаят. Өзү кичи автобус болсо, айдоочу 30-40 кишини тыгып алса, жаштар эмне чымчык беле ар кай жерге конуп алгандай.

Телефон менен бакырып сүйлөшкөндөр. Өзүнүн менчик унаасында кетип бара жаткандай телефон менен жомок айтышып, анысы аз келгенсип бакырып сүйлөшкөндөр да жинге тиет. Айланасында адам отурганы менен иши жок. Кокус жанына отуруп калсаң кошо жашап жүргөн немедей эле анын турмушу менен таанышып каласың. Ал түшкөндө маршрутканын ичи кадимкидей эле мемирей түшөт.

Адыраңдаган айдоочулар. Маршрутка айдоочуларынын баары кыжырды кайнатпайт. Арасында сылык-сыпаа сүйлөп, унаасынын ичин таза кармагандары деле бар. Бирок калп эле "калып калбасын" деген шылтоо менен жүргүнчүнү жыйып алган айдоочулар жанды кашайтып ийет. Анчалык элге күйсө бат-баттан катташпайбы. Кийи райондордо эл топтолмоюн келбей көздү акыйтышат го. Аларга жүргүнчүлөр 10 сом көрүнүп калса керек. 20 киши батчу унаага 30-40ты тыгып алып адыраңдап айдаганда Кудайлап атып үйгө жетесиң. Тамеки чеккендерди ишинен айдагың келет, айла жок.

Просмотр матча ЧМ-2018 по футболу между сборными России и Египта - Sputnik Кыргызстан
Үнүң өч, адамды уктатасыңбы! Футбол күйөрмандары кыжырды кайнатканда
Мастар. Маршруткага мас адам түшсө да бир азап. Эзилген неме болсо андан да жаман. Бабырап сүйлөп ар кимге тийишип айласын кетирет. Аба жетпей араң баратканда анын жытынан арга кетип башка маршруткага, акча болсо таксиге түшкөнгө туура келет. Бир орундан кыймылдагысы келбегендер болсо эптеп көздү жуумп, мурунду жаап кете беришет.

Жамбашын көтөрө албагандар. Улгайган же балалуу адам болсо да мейли дейсиң, жапжаш туруп унаанын артына отуруп алып "буйрук" бергендерчи. Түшчү жериңе жакындап калганда астыга жыла берсе болот да, жок лимузинде бараткансып так ошол аялдамага жеткенде баарын тебелеп тепсеп, түртүп, далактап чыгыш керек. Жамбашың көтөрүлбөй калса дагы эмне болуптур. Арыктар го билинбейт, толуктардыкы жаман. Көлөмүн билип туруп артка өтпөй эле коюшса.

Жаңылыктар түрмөгү
0