Билип туруп ымыркайына ВИЧ жугузган... Дарыгердин агынан жарылган маеги

© AP Photo / Dan BaliltyЫмыркай көтөрүп турган аял. Архив
Ымыркай көтөрүп турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2007-жылы Ноокат районундагы ооруканадагы ВИЧ-инфекция жуктуруп алган наристелердин тагдыры эмне болду? Айыккыс илдетке чалдыккан дарыгерлер медициналык мекемелерде ишин уланта алабы? Буларга жоопту Республикалык "СПИД" борборунун директору Улан Кадырбековдон алдык.

Бүгүнкү күндө өлкөдө расмий маалымат боюнча ВИЧ-инфекцияга кабылган 6,5 миң киши жашайт. Ар кыл божомолдорго ылайык, 2020-жылы бул көрсөткүч 5-6 эсеге өсүшү ыктымал. Соңку 20 жылда ВИЧ/СПИДден 1481 бейтап каза тапкан.

© Sputnik / Жоомарт УраимовРеспубликалык "СПИД" борборунун директору Улан Кадырбеков: өз саламаттыгына кайдыгер кароо — биздин өлкөдөгү көп кездешүүчү көрүнүш. Клиникалык белгилери болбосо түшүнүктүү, бирок симптомдору даана байкалып турса, аларды көз жаздымда калтырууга болбойт
Директор Республиканского центра СПИД Улан Кадырбеков - Sputnik Кыргызстан
Республикалык "СПИД" борборунун директору Улан Кадырбеков: өз саламаттыгына кайдыгер кароо — биздин өлкөдөгү көп кездешүүчү көрүнүш. Клиникалык белгилери болбосо түшүнүктүү, бирок симптомдору даана байкалып турса, аларды көз жаздымда калтырууга болбойт

— Алгачкы ВИЧ-инфекциясы бар бейтап Кыргызстанда 1996-жылы катталыптыр, ал киши азыр арабыздабы?

— Аябай татаал суроо, чындыгын айтайын, мен билбейт экенмин.

— Көңүлүңүздө калган бейтаптын баянын айтып бере аласызбы?

— Ар бир окуя жүрөк титиретет. ВИЧ таптакыр эле жашынып, аныкталбаган учурлар катуу түйшөлтөт. Азыр мен кеп кыла турган кыз көп жылдан бери ден соолугунан жабыркап келет. Диагноздору ВИЧке тест кылууну каңкуулайт.

Адегенде наристе кайдан-жайдан эле пневмонияга кабылды, андан соң денесине бүдүрлөр чыкты, кийин таптакыр калтырап чыкты. Кызды ажал тооруп, фельдшер ата-энесине ВИЧке анализ тапшырууга кеңеш берет. Жыйынтыгы ошондой болуп чыкты.

Өз саламаттыгына кайдыгер кароо — биздин өлкөдөгү көп кездешүүчү көрүнүш. Клиникалык белгилери болбосо түшүнүктүү, бирок симптомдору даана байкалып турса, аларды көз жаздымда калтырууга болбойт.

— Наристе кыз кандайча жуктуруп алыптыр?

— Илдетке түштүктөгү ооруканада кабылган.

— Ноокаттагы ооруканада бул ооруну жуктуруп алган балдар азыр эмне болду?

Ресторанда эт жеп жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тукумсуз болуп каласың! Кыргызстандыктар оңой жуктуруп алчу 5 дарт
— Дартка чалдыккан балдардын көпчүлүгү азыр өспүрүм куракка келип калды. Алардын көбү өздөрүнүн ВИЧ-макамынан кабардар эмес, ата-энеси аларга бул туурасында айтуудан айбыгат. А бирок аларда эмнеге биз күн сайын дары ичип турушубуз керек деген суроолор туулбай койбойт…

1996-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда ВИЧтен 86 бала чарчап калды. Бейтаптардын баар эле дары иче беришпейт, көпчүлүк дарылануудан (АРВ) баш тартат, айрымдар балдардын ден соолугунун абалын аныктабай жүрө берип, өтө кеч билишет.

Быйыл бизде ВИЧке кабылган балдарды коомго аралаштырууга көмөк болчу иш-чара өтөт. Ага ар кыл өлкөлөрдөн адистер катышат. Алар биздин педиатр, психолог жана ата-энелерди окутмакчы.

ВИЧке чалдыккан балдар үчүн бул балдар лагери сымал болот. Биз Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан өспүрүмдөрдү чакырдык. Форумдун негизги мааниси — балдарды бул диагноз менен кантип жашоо керектигин үйрөтүп, лидерлик сапаттарын калыптандырууга багыттоо.

Иш-чаранын мааниси чоң экенин түшүндүрөйүн. Дүйнөдө узак жылдар бою ВИЧтин кооптулугу тууралуу айтылып келген, эми анын жемишин көрүп жатабыз. Азыркы тапта да инфекция айыккыс бойдон калууда, бирок бүгүнкү күндө жүргүзүлгөн дарылоо вирусту ооздуктай алат.

© Sputnik / Табылды КадырбековУлан Кадырбеков: узак жылдар бою ВИЧтин кооптулугу тууралуу айтылып келген, эми анын жемишин көрүп жатабыз. Азыркы тапта да инфекция айыккыс бойдон калууда, бирок бүгүнкү күндө жүргүзүлгөн дарылоо вирусту ооздуктай алат
Директор Республиканского центра СПИД Улан Кадырбеков - Sputnik Кыргызстан
Улан Кадырбеков: узак жылдар бою ВИЧтин кооптулугу тууралуу айтылып келген, эми анын жемишин көрүп жатабыз. Азыркы тапта да инфекция айыккыс бойдон калууда, бирок бүгүнкү күндө жүргүзүлгөн дарылоо вирусту ооздуктай алат

— Маекти баштаар алдында ВИЧ-инфекциясын алып жүргөн кызды операция кылуудан баш тартылган учурдан кеп салдыңыз…

— Ал бейтап сокур ичегиси катуу кармап ооруканага түшөт. Врачтар ал кыздын ВИЧ макамы бар экендигин билип, чочулап, аны операция кылуудан баш тартышкан… Алар ажал тооруп турган адамды эшикке чыгарып коймой болушкан, ошол сааттарда ар бир мүнөт кымбат эле. Укканда үрөйүм учту. Ооруканага чалып, дарыгерлер менен урушууга чейин бардым.

Оорукананын коридорундагы кызы менен аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эки кызы менен ВИЧке кабылган келин: күйөөм бизди адам болбойт деп...
Врачтар эреже боюнча андай кылууга акылары жок, операция эки кат мээлей менен жүргүзүлөт. Коомго сиңип калган стигма (куугунтуктоо) өтө күчтүү. Биздин милдет бир жагынан коомдогу көнүмүш пикирлер менен күрөшүү болуп саналат.

Бир ирет ВИЧ-инфекциясы бар киши сак саламат экендиги тууралуу тастыктама берүүбүздү өтүнөт. Ишке орношууну каалаган компания ушул документти талап кылыптыр. Мындай тастыктама ал иштей турган жерде эмес, медициналык мекемелерде, күч органдарында гана талап кылынат. Биз аны укугун коргоо үчүн бейөкмөт уюмга жөнөттүк.

— Врачтардын чочулашына негиз жок беле же иш убагында доктурлар ВИЧ жугузуп алган учур болгонбу?

— Менин хирург кесиптешим ВИЧ экенин билгенден кийин көз алдыбызда соолуп баратты. ВИЧ-макамын уккан соң баары өтө жаман стресске кабылат. Анын көз жашын көрүп, жанында чыдап тура албайсың. Операция жасоодон четтеп калуу врач катары ага абдан оор тийди. Кантип жугузуп алганын тактоо мүмкүн эмес эле. Ал иштей берди, бирок башка кызматта, кеңеш берүү жаатында гана иш улай алды. Эгер баарын түшүнүп билген медициналык кызматкердин кабыл алышы ушундай оор болсо, бул темадан оолак карапайым адамдар тууралуу эмне дей алабыз?..

— Врач мындай учурда өзү ВИЧ алып жүрүүчү экендигин бейтаптарына айтууга тийишпи?

— Жок, ал эч кандай кооптуулук жаратпайт, ал эми анын ВИЧ макамын ачыктоо – кылмыш жоопкерчилигине тартылчу иш.

© Sputnik / Жоомарт УраимовДарыгер: кош бойлуулардын жүз пайызы ВИЧ-анализ тапшырат, вирус аныкталып калса, болочок энелер АРВ-терапиядан өтүшөт. Ал жогорку интенсивдүүлүгү менен инфекциянын балага берилишине бөгөт коет
Директор Республиканского центра СПИД Улан Кадырбеков - Sputnik Кыргызстан
Дарыгер: кош бойлуулардын жүз пайызы ВИЧ-анализ тапшырат, вирус аныкталып калса, болочок энелер АРВ-терапиядан өтүшөт. Ал жогорку интенсивдүүлүгү менен инфекциянын балага берилишине бөгөт коет

— ВИЧ энеден балага өтүшү көп учурайбы?

— Кош бойлуулардын жүз пайызы ВИЧ-анализ тапшырат, вирус аныкталып калса, болочок энелер АРВ-терапиядан өтүшөт. Ал жогорку интенсивдүүлүгү менен инфекциянын балага берилишине бөгөт коет. Төрөлгөндөн кийин ымыркай эрте диагностикадан өткөрүлөт, илдет аныкталып калса, ага дары жазылат.

2017-жылдагы маалыматтар боюнча эки гана ымыркайдан ВИЧ чыккан. Бир баланын энеси диний көз караштан улам АРВ дары-дармектеринен баш тарткан. Ымыркай да ВИЧ-инфекция менен төрөлгөнү турулуу иш эмеспи. Энеден балага жуккан экинчи учурда ал аял дарыны өтө кеч иче баштаган. ВИЧ менен жашаган аял да дени сак баланы төрөөгө бардык мүмкүнчүлүгү бар, башкысы дары ичип турушу шарт.

— Аял өз ымыркайына жугузбай кое алмак да, ээ? Кетенчиктеп койдубу?

— Ооба, мындай кадамды түшүнүү кыйын. Күч менен дары иче албайт экенбиз. Ал бейтап менен адистер иштеп, дары ичүүнүн маанисин түшүндүрүшкөн, бирок баары бир анын диний көз карашы муну кабыл албай койду.

— Азыр ВИЧти кайсы жол менен жугузуп алуу көп учурайт?

Похоронные церемонии жертв смертельной стрельбы в Монреале - Sputnik Кыргызстан
ВИЧ болгон баланын энеси: уулумду угуп кудалар кызыма салган сөйкөсүн чечип кетишти
— Ийне аркылуу жугузуп алууга караганда жыныстык жол басымдуулук кылат. Башта жугузуп алуу белгилүү бир топ ичинде гана катталчу, бүгүн жагдай башкача өңүт алууда, маңзатты баары колдонбойт, ал эми жыныстык катнашка баары барат…

Өткөндө эле биздин борборго бир жигит келди, жапжаш, жакшы үй-бүлөдөн. Эмне себептен анализ тапшырганы эсимде жок, ал деле маанилүү эмес. Анализдин жыйынтыгы аны бүлгүнгө салды, анализдердин тууралыгынан шектенип, кайра дагы бир ирет текшердик. 24 жашта, ВИЧке чалдыкты.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ВИЧ инфекциясына кабылган 6,5 миң киши бар. Биздин башкы милдет — инфекцияны жугузуп алгандардын баарын аныктап, вирустун андан ары өтүшүп кетишин токтотуп калуу.

© Sputnik / Табылды КадырбековКадырбеков: вирустун өнүгүү ыргагын болжоо кыйын. 2017-жылы жугузуп алуулардын саны 790ду түздү. Адистер бул көрсөткүч дагы өсөт дешет
Директор Республиканского центра СПИД Улан Кадырбеков - Sputnik Кыргызстан
Кадырбеков: вирустун өнүгүү ыргагын болжоо кыйын. 2017-жылы жугузуп алуулардын саны 790ду түздү. Адистер бул көрсөткүч дагы өсөт дешет

— ВИЧке тапшырылган тесттер туура эмес жыйынтык көрсөткөн учур болду беле?

— Жок. Оң да, терс да анализдердин жалган чыгышы дээрлик мүмкүн эмес. Заманбап технологиялар тестти өтө тактык менен жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Эгер кандайдыр шек туулса, анализдерди кайра жүргүзүүгө болот, бирок алар деле биринчи тестирлөөнүн жыйынтыгын тастыктайт.

— Кыргызстанда ВИЧ менен жабыркаган адам билип туруп айланасындагыларга жуктурган учурлар катталды беле?

— Бизде атайын жуктуруу үчүн жаза беренеси бар, бирок Кыргызстанда бул берене колдонулган ишти уга элекмин.

Украина жана Казактанда мындай бир-эки учур катталган.

— Жакынкы эки-үч жылда вирустун өнүгүшү тууралуу кандай божомолдор бар? Расмий маалыматтар боюнча 6,5 миң киши катталганы менен аныгында бул көрсөткүч алда канча жогору деген маалыматтар ЖМКга чыгып калат.

— Вирустун өнүгүү ыргагын болжоо кыйын. 2017-жылы жугузуп алуулардын саны 790ду түздү. Адистер бул көрсөткүч дагы өсөт дешет. Канча адам ВИЧ менен жашап жатканы боюнча так маалымат жок. Вирусту жугузуп алган бейтаптардын 90 пайызын аныктап, аларды АРВ-терапиядан өткөрүүнү көздөйбүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0