Темир Сариев 55 жашта. Тайманбас, эмгекчил саясатчы тууралуу 10 факты

Жазылуу
Темир Сариев Кыргызстандын эгемендүү тарыхындагы барандуу саясатчылардын катарын толуктайт. Алгач ишкер катары өзүн көрсөтүп, кийин жаңы кылымдын башында саясатка келген мурдагы өкмөт башчы бүгүн 55 жашка чыкты.

Кыргыз саясатындагы маанилүү тепкичтердин баарын басып өткөн Темир Сариев депутаттык, министрлик жана премьер-министрлик кызматтарды аркалап, өткөн жылы президенттик шайлоодо да күчүн сынаган. Sputnik Кыргызстан агенттиги белгилүү саясатчы тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

© Фото / из личного архива Темира СариеваТемир Сариев 1963-жылы 17-июнда Чүй облусунун Сокулук районунун Төш-Булак айылында төрөлгөн
Экс-премьер-министр Темир Сариев (в центре) в школьные годы - Sputnik Кыргызстан
Темир Сариев 1963-жылы 17-июнда Чүй облусунун Сокулук районунун Төш-Булак айылында төрөлгөн

Эмгекчил балалык. Темир Сариев 1963-жылы 17-июнда Чүй облусунун Сокулук районунун Төш-Булак айылында төрөлгөн. Атасы көп жыл колхоздо иштеп, 17 жылдан ашык убакыт айылдык кеңештин төрагасы катары кызмат кылган. Апасы да колхоз иштери менен алектенип, ар дайым талаа жумуштарында жүрчү. Андыктан болочоктогу саясатчы 10 бир тууганы менен бирге жаштайынан эле эмгекке жакын болуп чоңоёт. Алгач короо карап, чөп чаап, койдун кезегин кайтарып үй иштери менен алек болсо, кийин бой жеткенде сакманчы болуп, кырманда буудай, арпа сапырып иштейт.

© Фото / из личного архива Темира СариеваАскердик кызматын 1981-1983-жылдары Украинада өтөйт. Алгач алты айлык окууну аяктап, сержант чинине ээ болот. Андан соң аскердик бөлүккө которулуп, мөөнөтүн Харьков облусундагы Чугуев шаарында аяктайт
Дембельский альбом — Темир Сариев - Sputnik Кыргызстан
Аскердик кызматын 1981-1983-жылдары Украинада өтөйт. Алгач алты айлык окууну аяктап, сержант чинине ээ болот. Андан соң аскердик бөлүккө которулуп, мөөнөтүн Харьков облусундагы Чугуев шаарында аяктайт

Тайманбастыкка үйрөткөн спорт. Темир Сариев 1970-жылдан тарта Фрунзе шаарындагы Крупская атындагы спорттук интернаттан билим ала баштайт. "Спорттук интернат эң негизгиси тартипти үйрөттү. Ал жерде бардык нерсенин убакыт-сааты жазылып, эреже менен жашачубуз. Албетте, биринчи тарбия үй-бүлө жана чөйрөдөн. Ошол эле убакта мектептин тарбиясы да абдан маанилүү. Спорт мага курчтукту, тайманбастыкты жана чечкиндүүлүктү берди. Тактикалык жактан атаандашыңдын сырын билүүгө, өзүңө болгон ишенимдин күчтөнүүсүнө түрткү болду" деп баса белгилейт саясатчы. Ал интернатты 17 жашында аяктайт.

Мурдагы пермьер-министр Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Темир Сариевдин айылга каты. Элдин баары ийменген чоң эне менен азаптуу арпа
Актерлуктан тапкан алгачкы маяна. Темир Сариевдин бала кезинде Чыңгыз Айтматовдун "Атадан калган туяк" чыгармасы боюнча тартылган телефильмде кичинекей Авланбектин ролун ойногонун көпчүлүк билет. Тасма тартылган 1972-жылы Сариев 3-класста окучу. Жалпысынан үч ай киного тартылган жаш актер эмгек акысы катары 182 рубль алат. Маянасын толугу менен энесине алып барып берет. Ошентип мектепке даярданган бир туугандардын баары ошол акчага бир сыйра кийинишет.

Украинадагы жоокер. Темир Сариев аскердик кызматын 1981-1983-жылдары Украинада өтөйт. Советтик армиянын аскердик эрежесине ылайык алгач алты айлык окууну аяктап, сержант чинине ээ болот. Андан соң аскердик бөлүккө которулуп, мөөнөтүн Харьков облусундагы Чугуев шаарында аяктайт. Ал жерде Сариев батальондун старшиналыгына чейин көтөрүлөт.

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевТемир Сариев жаштайынан эле саясатка кызыккан. Максаты — карапайым үй-бүлөдөн чыккан адам деле илими-билими, жөндөмү жана мүнөзү менен чоң ийгиликтерге жетише аларын далилдөө болчу
Ботанический сад им. Э.Гареева в городе Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Темир Сариев жаштайынан эле саясатка кызыккан. Максаты — карапайым үй-бүлөдөн чыккан адам деле илими-билими, жөндөмү жана мүнөзү менен чоң ийгиликтерге жетише аларын далилдөө болчу

26 жаштагы жетекчи. Аскерден келген соң эмгек жолун Аламүдүн тери фабрикасында экспедиторлуктан баштайт. Ал жерде комсомолдук комитетти да башкарып калат. Коомдук иштерге активдүү катышкан жаш жигитти партия жетекчилиги байкап, мамлекеттик кызматка чакырат. 1987-жылы Аламүдүн райком комсомолунун эмгек жаштары бөлүмүнө барып, кийинчерээк бөлүм башчысы кызматын да аркалайт. Бул мезгилде СССР айтылуу "Кайра куруу" саясатын жүргүзүп жаткандыктан партия ишкерликти өнүктүрүү боюнча эксперименталдык жолдорду издей баштаган эле. Сариев Аламүдүн райкомунун КПКсында уюштуруу бөлүмүндө үйрөтүүчү, Аламүдүн райондук аткаруу комитетинде аппарат жетекчиси жана төраганын орун басары кызматтарын аркалайт. 26 жаштагы Сариев 1990-жылдын аягында арызын жазып өз ыктыяры менен жумушун тапшырат.

Известный политик Бекмамат Осмонов - Sputnik Кыргызстан
Ыр жазган, эл башкарган. Чыгаан саясатчы Бекмамат Осмонов тууралуу 6 факты
Бизнеске аралашуу. Сариев 1991-жылы Кыргыз товар-сырье биржасын негиздеп, аны 1995-жылга чейин башкарат. Биржа ошол убакта өлкөдөгү эң ири акционердик коом болуп, ага 350дөн ашык брокердик контора кирген. 1991-жылы экономикалык кризис күчөп, көптөгөн ишканалар бири-бири менен байланышын жоготуп, товарлар сатылбай калган эле. Сариев баштаган биржа КМШдагы бардык биржалар менен байланыш түзүп, завод-фабрикаларга, фермерлерге регионалдык соода жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн түзгөн. 1995-жылы "Тотон" каржы-өнөр жай фирмасынын директору болот.

Саясатка келиши. Темир Сариев жаштайынан эле саясатка кызыккан. Максаты — карапайым үй-бүлөдөн чыккан адам деле илими-билими, жөндөмү жана мүнөзү менен чоң ийгиликтерге жетише аларын далилдөө болчу. 2000 жана 2005-жылдары Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты болот.

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүСариев Кыргызстандагы эки революцияда тең эл алдында жүргөн саясатчылардын бири. 2010-жылдагы революцияда оппозициянын уюштуруу тобуна кирген
Беспорядки в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Сариев Кыргызстандагы эки революцияда тең эл алдында жүргөн саясатчылардын бири. 2010-жылдагы революцияда оппозициянын уюштуруу тобуна кирген

Эл менен. Сариев Кыргызстандагы эки революцияда тең эл алдында жүргөн саясатчылардын бири. 2010-жылдагы революцияда оппозициянын уюштуруу тобуна кирет. Сариевди күч кызматкерлери 7-апрель күнү аэропорттон камакка алып, суракка алып барышат. Элден корккон бийлик оппозиционерлер менен сүйлөшүүгө аргасыз болот. Ошол кездеги башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев Темир Сариев менен Иса Өмүркуловду сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Ак үйгө алып барат. Ал жерде мурдагы өкмөт башчы Данияр Үсөновго жолугуп, өзүнүн негизги үч талабын коёт. Алар ок атууну токтотуу, чатырлардагы снайперлерди алуу жана камактагы оппозициянын башчыларын чыгаруу болчу. Андан соң Сариев биринчилерден болуп ок атылып жаткан аянтка чыгып, революциянын аягына чейин эл менен болот.

Залкар кыргыз илимпоз-агартуучусу, коомдук ишмери Ишеналы Арабаевдин эстелиги - Sputnik Кыргызстан
"Алиппенин" автору. Ленинге кат жазган Ишеналы Арабаев тууралуу 7 факты
Үй-бүлөсү. Саясатчынын жубайы Айжан Сариева кесиби боюнча англис тили боюнча мугалим. Ал бир топ жыл Бишкектеги мектептерде сабак берген. Сариев бир уул менен бир кыздын атасы. Кызы Айгерим Борбор Азиядагы Америка университетин аяктап, азыр жеке ишкердик менен алектенет. Уулу Бекболот мектеп окуучусу.

Күн сайын машыгат. Темир Сариев дале болсо спорт менен алектенип келет. Азыр дене тарбиясы жана сергек жашоо үчүн күн сайын эртең менен бир саатка чукул машыгат. Андан сырткары, бассейнге барып сууда сүзөт. Дем алыш күндөрү достору менен тоого чыгат. "Спорт менен машыгып турсаң ишке жөндөмдүү болуп, көп нерсени көтөрө аласың" деп айтат. Саясатчы III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0