Абылгазиев бир жумадан соң РИИБде бычакталган кыздын окуясына көңүл бөлдү

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев милициянын бөлүмүндө бычакталган кыздын окуясына көңүлүн бурду
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев милициянын бөлүмүндө бычакталган кыздын окуясына көңүлүн бурду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр ала качуунун кыргыз элинин салтына жана маданиятына эч кандай тиешеси жок экенин айтты.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев милициянын бөлүмүндө бычакталган кыздын окуясына көңүлүн бурду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев милициянын бөлүмүндө бычакталган кыздын окуясына көңүлүн бурду
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев милициянын бөлүмүндө бычакталган кыздын окуясына көңүлүн бурду - Sputnik Кыргызстан
1/3
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев милициянын бөлүмүндө бычакталган кыздын окуясына көңүлүн бурду
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевДүйшөмбү күнү өкмөт башчы ала качуу менен турмушка чыккан аялдардын маселесине арналган жыйын өткөрүп, 19 жаштагы кыздын өлүмү боюнча маалымат алды
Дүйшөмбү күнү өкмөт башчы ала качуу менен турмушка чыккан аялдардын маселесине арналган жыйын өткөрүп, 19 жаштагы кыздын өлүмү боюнча маалымат алды - Sputnik Кыргызстан
2/3
Дүйшөмбү күнү өкмөт башчы ала качуу менен турмушка чыккан аялдардын маселесине арналган жыйын өткөрүп, 19 жаштагы кыздын өлүмү боюнча маалымат алды
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевАбылгазиев бул көрүнүш элди мыкаачылардан коргойт деген милиция бөлүмүндө болуп жатышы мамлекетке көлөкө түшүрүп жатканын баса белгиледи.
Абылгазиев бул көрүнүш элди мыкаачылардан коргойт деген милиция бөлүмүндө болуп жатышы мамлекетке көлөкө түшүрүп жатканын баса белгиледи. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Абылгазиев бул көрүнүш элди мыкаачылардан коргойт деген милиция бөлүмүндө болуп жатышы мамлекетке көлөкө түшүрүп жатканын баса белгиледи.
1/3
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев милициянын бөлүмүндө бычакталган кыздын окуясына көңүлүн бурду
2/3
Дүйшөмбү күнү өкмөт башчы ала качуу менен турмушка чыккан аялдардын маселесине арналган жыйын өткөрүп, 19 жаштагы кыздын өлүмү боюнча маалымат алды
3/3
Абылгазиев бул көрүнүш элди мыкаачылардан коргойт деген милиция бөлүмүндө болуп жатышы мамлекетке көлөкө түшүрүп жатканын баса белгиледи.

штаб-квартире ООН в Нью-Йорке. - Sputnik Кыргызстан
Милиция бөлүмүндө бычакталган кыз боюнча окуя БУУнун дагы көңүлүн бурду
Эскерте кетсек, 28-майдын түнүндө 29 жаштагы киши Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө ала качып алган кызын бычактап, кийин өзүнө да кол салган. Кыз алган жараатынан улам каза болуп, эркек киши ооруканага түшкөн.

Дүйшөмбү күнү өкмөт башчы ала качуу менен турмушка чыккан аялдардын маселесине арналган жыйын өткөрүп, 19 жаштагы кыздын өлүмү боюнча маалымат алды.

Абылгазиев бул көрүнүш элди мыкаачылардан коргойт деген милиция бөлүмүндө болуп жатышы мамлекетке көлөкө түшүрүп жатканын баса белгиледи.

"Эгерде адам укугун сактай албасак, анда кайсы өнүгүү тууралуу кеп кылууга мүмкүн? Күчтөп никеге туруу кылмышка түздөн-түз катыштыгы бар жактардын гана күнөөсү эмес, жалпы коомдун өнүгүүсү үчүн тоскоолдук келтирүүчү фундаменталдуу адам укугун бузуу болуп саналат. Бурулайдын кайгылуу окуясы коомдун "салтка айланган" ала качуу көрүнүшүнө карата мамилесин түп-тамырынан карай өзгөртүүгө чакырык болуусу керек. Бул көрүнүштүн кыргыз элинин салтына жана маданиятына эч кандай тиешеси жок", — деп белгиледи өкмөт башчы.

Абылгазиев укук коргоо органдары аялдарга жана балдарга карата зомбулук көрсөтүүгө байланышкан кылмыш иштерин биринчи кезекте жана тыкыр кароосу зарылдыгын баса белгиледи.

"Күчтөп турмушка берүү, ошондой эле кыз ала качуу токтотулушу керек. Күнөөлүүлөр тараптардын элдешүүсүнөн көз карандысыз түрдө реалдуу жаза мөөнөтүн алуусу тийиш. Коомдо аялды никеге күчтөп тургузуу максатында ала качуу окуяларына жол берилбеши керек", — деди премьер-министр.

Кеңешменин жүрүшүндө өкмөт башчыга учурда Башкы прокуратура тарабынан ички иштер органдарынын кызматкерлерине карата кызматтык милдеттерин аткаруудагы адам өлүмүнө алып келген шалаакылык фактысы боюнча кылмыш иши козголгону маалымдалды.

Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Милиция бөлүмүндө кызды бычактаган киши эки айга тергөө абагына камалат
Премьер-министр ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге кол алдындагылардын аракеттерин көзөмөлдөбөгөн ички иштер органдарынын кызматтык адамдарына карата атайын кадрдык чечимдерди көрүүнү тапшырды.

Абылгазиев укук бузуулардын алдын алуу маселелерин жөнгө салган ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо жана талдоо жүргүзүү, мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүүгө милдеттендирди.

Мындан тышкары, Ички иштер министрлигине кылмыш иштерин ар тараптуу, толук жана акыйкат тергөөнү камсыздоо, ошондой эле үй-бүлө жана жашы жете электерге карата кылмыш жоопкерчилигин күчтөндүрүү боюнча сунуштарды 2018-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө өкмөткө киргизүү тапшырылды.

Тармактык министрликтерге жана ведомстволорго никеге туруу үчүн ала качуунун алдын алуу максатында туруктуу негизде маалыматтык иштерди жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Кеңешменин жыйынтыгында аялдарга жана балдарга карата зомбулук көрсөтүү маселесин өкмөттүн адам укуктары боюнча Координациялык кеңешинде кароо чечими кабыл алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0