Москвадагы кыргыздар жарамазан айтып, чогулган акчаны оорулууларга беришти

© Фото / Толкунбай АкматовБлаготворительный жарамазан кыргызстанцев в Москве
Благотворительный жарамазан кыргызстанцев в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москвадагы активисттер 29-майда кыргыздар иштеген кафе, чайкана, медициналык борбор жана башка мекемелерди кыдырып жарамазан айтышкан.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Москвада иштеп жүргөн кыргызстандык активисттер жарамазан айтып чогулган каражатты кайрымдуулукка жумшады. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине KG-ROSS коомунун мүчөсү Толкунбай Акматов билдирди.

Анын айтымында, жарамазандан чогулган акча дарылануусуна көп каражат талап кылынган кыргызстандык үч бейтапка берилет.

"Кечээ, 29-майда 15ге чукул киши Москвадагы кыргыздар иштеген кафе, чайкана, медициналык борбор жана башка мекемелерди кыдырып жарамазан айттык. Дагы көбүнө бара албай калдык. Мекендештерибиз жакшы кабыл алып колунан келишинче акчасын берип жатышты. Натыйжада, 52 100 рубль чогулду. Бул акча боорун алмаштыруу үчүн жардам сураган бир кыз менен келинге жана көзүнө операция жасалып жаткан наристеге бөлүнүп берилет. Муну аз болсо да муктаждарга жардам көрсөтүү үчүн уюштурдук", — деди Акматов.

© Фото / Толкунбай АкматовМосквада иштеп жүргөн кыргызстандык активисттер жарамазан айтып чогулган каражатты кайрымдуулукка жумшады.
Москвада иштеп жүргөн кыргызстандык активисттер жарамазан айтып чогулган каражатты кайрымдуулукка жумшады. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Москвада иштеп жүргөн кыргызстандык активисттер жарамазан айтып чогулган каражатты кайрымдуулукка жумшады.
© Фото / Толкунбай АкматовЖарамазандан чогулган акча дарылануусуна көп каражат талап кылынган кыргызстандык үч бейтапка берилет.
Жарамазандан чогулган акча дарылануусуна көп каражат талап кылынган кыргызстандык үч бейтапка берилет. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Жарамазандан чогулган акча дарылануусуна көп каражат талап кылынган кыргызстандык үч бейтапка берилет.
© Фото / Толкунбай АкматовБылтыр да орозо айында ушул сыяктуу кайрымдуулук жарамазанын айтышып, андан түшкөн каржататты мээ рагына кабылган өспүрүмгө беришкен.
Былтыр да орозо айында ушул сыяктуу кайрымдуулук жарамазанын айтышып, андан түшкөн каржататты мээ рагына кабылган өспүрүмгө беришкен. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Былтыр да орозо айында ушул сыяктуу кайрымдуулук жарамазанын айтышып, андан түшкөн каржататты мээ рагына кабылган өспүрүмгө беришкен.
1/3
Москвада иштеп жүргөн кыргызстандык активисттер жарамазан айтып чогулган каражатты кайрымдуулукка жумшады.
2/3
Жарамазандан чогулган акча дарылануусуна көп каражат талап кылынган кыргызстандык үч бейтапка берилет.
3/3
Былтыр да орозо айында ушул сыяктуу кайрымдуулук жарамазанын айтышып, андан түшкөн каржататты мээ рагына кабылган өспүрүмгө беришкен.

Эскерте кетсек, былтыр да орозо айында ушул сыяктуу кайрымдуулук жарамазанын айтышып, андан түшкөн каржататты мээ рагына кабылган өспүрүмгө беришкен.

Орозо айында ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) убактысын 2018-жылдын орозо календарынан караңыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0