02:43 22 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Ош облусундагы Ак-Буура чек ара заставасын жетектеген 30 жаштагы капитан Элдияр Орозов

Чек арачы Элдияр Орозов: бири-бирибизди көрүп дароо автоматты октодук...

© Фото / из личного архива Элдияра Орозова
Коом
Кыскача шилтеме алуу
122340

Бүгүн, 28-май, чек арачылардын кесиптик майрамы. Элди сырткы коркунучтардан коргоп, өлкөнүн бүтүндүгүн көздүн карегиндей сактаган азаматтар күнү-түнү кызматта.

Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Ош облусундагы "Ак-Буура" чек ара заставасын жетектеген 30 жаштагы капитан Элдияр Орозов менен маек курду.

— Сиз бул жоопкерчиликтүү кесипти кандайча аркалап калдыңыз?

— Жаш кезимден эле аскер формасын кийип чек арачы болууну эңсеп жүрчүмүн. Мектепти бүткөндөн кийин жарандык милдетимди аткарып аскерде кызмат өтөп, кийин келишимдик негизде иштеп калдым. Андан соң борбор калаадагы жогорку аскердик окуу жайын аяктап, ошондон бери ушул тармакта эмгектенип келем.

Начальник пограничной заставы Ак-Буура, капитан Элдияр Орозов с сослуживцами
© Фото / из личного архива Элдияра Орозова
"Ак-Буура" чек ара заставасынын башчысы Элдияр Орозов кесиптештери менен

— Жаңы жоокер болуп келген учур эсиңизде болсо керек. Ошондон бери аскер кызматкерлерине мамиле өзгөрдүбү?

— Чек арада 2006-жылдан бери иштейм. Андан бери Жалал-Абад, Ала-Бука чек ара башкармалыктарында эмгектенгем. Учурда Ак-Буура заставасын жетектегениме эки жыл болуп калды. Чындыгында бул анчалык деле узак убакыт эмес, бирок бир топ өзгөрүүлөр болду. Жоокерлер үчүн 12 жыл мурун азыркыдай шарт жок болчу. Тамак-аш, кийим-кече жагынан тиешелүү деңгээлде көңүл бурулчу эмес. Бир өтүктү кызмат өтөп бүткөнгө чейин кийүү керек эле. Азыр болсо андай эмес. Жатакана менен ашкана заманбап стилде жасалган, формалар да өз убагында жаңыланып турат. Мурда айылдарды кыдырып жаштарды аскерге чакырышса, азыр болсо жаштар өздөрү кызмат өтөөгө кызыкдар болуп калды.

— Сиздер кайтарган аймакта кезинде Өзбекстан менен такталбаган тилкелер бар эле, азыр абал кандай?

— "Ак-Буура" чек ара заставасына караган жерлерди эки өлкө биргеликте тактап бүткөн. Мурдагыдай көйгөйлөр жаралбай калды. Өзбекстандык кесиптештер менен мамилебиз түз, тыгыз иштешип келебиз.

Начальник пограничной заставы Ак-Буура, капитан Элдияр Орозов
© Фото / из личного архива Элдияра Орозова
Элдияр Орозов 12 жылдан бери аскер кызматында эмгектенип келет

— Жумушта кандай кыйынчылыктар болот?

— Кыйынчылыктар болбой койбойт да, анча-мынча ысык-суугуна чыдайбыз. Чек арачылар элге окшоп жакшылык, жамандыктарга өз убагында бара албай калат. Көйгөйүбүз ошол, эмгек өргүү алганда гана атайын убакыт бөлүп катташкан туугандарыбызга конокко жөнөп калабыз.

— Чек арадан кетип, башка иш менен алектенүү оюңузга келгендир?

— Жок, кесиптештерим арасында жакшы айлык издеп же үй-бүлөлүк шартка байланыштуу жумуштан кеткендер болду. Бирок мен анте алган жокмун. Өзүң сүйгөн кесипти аркалгандан кийин майын чыгара иштеп, жакшы жыйынтык көрсөтүүгө аракет жасайт экенсиң.

— Кызмат өтөп жаткандар менен да иштешүү оңойго турбаса керек?

— Албетте оңой эмес, кызмат өтөгөндөрдүн арасында атасы же апасы жоктор же жүрүм-туруму начар балдар бар. Алардын айрымдары көнө албай, өз өмүрүнө кол салып ийген учурлар болот. Мындай көрүнүштөрдү алдын алуу максатында чоң иштер аткарылат.

Начальник пограничной заставы Ак-Буура, капитан Элдияр Орозов с семьей
© Фото / из личного архива Элдияра Орозова
Чек арачы жубайы экөө бир уулу менен эки кызын тарбиялап өстүрүүдө

— Өмүрүңүзгө кооптуулук жараткан окуялардын бирин эстей аласызбы?

— 2007-жылы жазында эки жоокер, бир сержант болуп күндөгүдөй нөөмөткө чыкканбыз. Ошондо Өзбекстандын аскер кызматкерлери биздин аймакта куралчан жүрүшүптүр. Анда коңшу өлкө менен чек ара тилкелери толук тактала элек болчу. Биз шак эле автоматты октоп, атууга даярдандык. Ошол учурда бүт жашоом көз алдыман чубап өттү. Ата-энем менен жакындарымды көрөмбү деген да ой келди. Себеби эки тарап тең ок чыгарууга даяр турганбыз. Кудай жалгап, застава жетекчилери сүйлөшүү иштерин жүргүзө калып тынч тарап кеткенбиз.

— Мындай кооптуу жагдайлардан алыс болуш үчүн чек арачылар дипломат болушу керекпи деп ойлойм, кандай дейсиз?

— Чындыгында эле адамдын тилин таба билүү чоң чеберчилик. Чек арага жакын жерлерде башка улуттун өкүлдөрү көбүрөөк жашаган айылдар болот. Сен алардын каада-салтын, үрп-адатын түшүнүп, жакшы мамиле түзө билишиң керек. Ошондо гана жакшы жыйынтыктар болот. Андан сырткары, биз чет элдик коноктор үчүн элдин жүзүбүз. Меймандар чек арадан өтүп баратып эң алгач биз менен учурашат. Чек арачынын кийими тыкан, сүйлөгөн сөзү орундуу болгону жакшы.

Тема боюнча

Эки баласы товар менен кошо күйүп кетти... Өрт өчүрүүчү Садыралиев менен маек
Куткаруучу Турсунбеков: жарылган учактагы үч кишинин сөөгүн беш саат чогулттук
Белгилер:
маек, кесип, чек арачы, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ