Москвадан анча алыс эмес жерде кыргыз айылы салынууда. Чоо-жайы

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүСтроительство домов для пострадавших от оползней в Чечне
Строительство домов для пострадавших от оползней в Чечне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул аймакта бир жарым жылдан бери курулуш иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Москва шаарынан эки сааттык жерде "Ала-Тоо-1" деп аталган кыргыз айылы салынууда. Бул тууралуу курулуш компаниясынын жетекчи орун басары Гүлмира Казыбекова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Тула облусунун Пахомов поселкасы жактагы 50 гектар жерди былтыр январда кыргызстандыктар сатып алган.

"Бул жерде бир жарым жылдан бери курулуш жүрүүдө. Бүгүнкү күнү бардык 600 жер тилкеси сатылды. Анын ичинен 40 киши салынган үйлөрдө жашап жатат. Жарык бар, айылдын жарымы салынгандан кийин газ тартып келебиз", — деди Казыбекова.

Куруучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктардын кайсы тармакта арбыныраак иштери анык болду
Анын айтымында, жер тилкесинин бир сотыхы 25 миң рублдан башталып, бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү каралган.

"Кыштак Москва шаарынан 120 чакырым алыс. Машина менен борбор шаарга бир саатта, электричка менен эки саатта жетип барса болот. Жакын жерлерде завод жана фабрикалар бар, ал жерлерге мекендештер кийин жумушка кире алышат. Ошондой эле бала бакча орун алган. Ал жакка кыргызстандыктар балдарын бере алышат", — деди ал.

Ал ортодо Москвадагы кыргыздардын "Паритет" кыймылсыз мүлк агенттигинин жетекчиси Нургүл Каимова "Ала-Тоо-1" жаңы конушу кыргызстандыктар байырлаган алгачкы айыл эместигин белгиледи.

"Ушул эле поселоктон эки чакырым алыс жерде "Кыргыз айылы" конушу бар. Ал жерде 25тей үй-бүлө жашап жатат. Бул эки айылдан тышкары дагы "Манас айылы" деген үчүнчү айылдын долбоору бар. Поселок Москвадан 80 чакырым алыстыкта жайгашып, 120дан ашык жер тилкеси сатылды", — деди ал.

Президент РУз Шавкат Мирзиёев посетил село в Джизакской области - Sputnik Кыргызстан
Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев кичи мекени Манас айылына барды. Видео
Каимова бул поселоктон жерди Кыргызстандын паспорту менен сатып алууга болорун баса белгилеп, каалоочулар үчүн жеңил болорун кошумчалады.

Учурда акыркы расмий маалыматтар боюнча чет жакта 717 миң кыргызстандык иштеп жүрөт. Алардын басымдуу бөлүгү Россияда тейлөө тармагында, курулушта жана соода кылып иштейт.

КР Улуттук банкынын маалыматына ылайык, 2017-жылы мигранттар мекенине 2 миллиард 88 миллион доллар которгон. Анын 90 пайызы Россиядан которулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0