12:54 22 Тогуздун айы 2018
Түз эфир
  • USD69.3251
  • EUR79.3703
  • RUB1.0533
Бөлмөдө отурган кыз. Архив

Милиция: баласын депкир менен сабап өлтүргөн келин сойкулук менен алектенген

© AFP 2018 / STRINGER
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Депкир менен сабалган бала (14)
251801

Келиндин сойкулук менен алектенгендиги боюнча тиешелүү далилдер топтолгон.

ОШ, 16-май — Sputnik. Ош шаарында үч жаштагы баласын депкир менен сабап өлтүргөн 24 жаштагы келин буга чейин сойкулук менен алектенип келген. Бул тууралуу шаардык милициянын тергөө бөлүмүнүн башчысы Сыргак Айткурманов Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, уулун өлтүргөн энеге карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөө учурунда ал буга чейин сойкулук менен алектенип келгендиги аныкталган.

"24 жаштагы келин буга чейин денесин сатып иштечү экен. Тергөө иштеринин жүрүшүндө тиешелүү далилдер топтолду. Бирок ал келин сойкулук менен алектенгени боюнча шаардык милициянын каттоосуна алынган эмес", — деди Айткурманов.

Ал эми Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Мурат Боронов билдиргендей, учурда калаада сойкукана уюштурууга байланыштуу үч фактынын негизинде кылмыш иш козголду.

"Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Шектүү жайлар, суткага берилүүчү батирлер дагы текшерилет. Сойкулукка каршы күрөш күн санап күчөтүлүүдө", — деди Боронов.

Эскерте кетсек, Ош шаарында өз апасы тарабынан депкир менен сабалган 3 жаштагы бала эс-учун жоготуп, 4-февралга караган түнү ооруканага түшкөн. Бала өзүнө келбей ооруканада чарчап калган. Баланын сөөгүн алуудан апасынын жакындары баш тарткандыктан Ош шаарындагы борбордук көрүстөндө жерге берилген. Кийин баланын апасын Ош шаардык соту тарабынан 13 жылга эркинен ажыратылган.

Тема:
Депкир менен сабалган бала (14)

Тема боюнча

Ош: Үч жашар баласын депкир менен сабап өлтүргөн аял 13 жылга эркинен ажыратылды
Белгилер:
сойкулук, эне, депкир, Ош
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ