00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
18:57
2 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
Борьба с отходами через ремесло и прикладное искусство
12:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Келишимдерди банктык коштоо деген эмне? Кыргызстанда бул инструмент кандай иштейт?
13:04
21 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
1924-жылы Кыргыз элинин мамлекеттүлүгүнүн кайра калыбына келиши
13:31
24 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө баалардын жана тарифтердин өсүшү байкалган — Кыргызстанда бул баалар канчага өстү?
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
On air
16:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санарип акчалар банктык системаны алсыратабы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стимул
Мекенинде ийгиликтүү ишкерге айланган мурдагы мигрант
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Ачык кеп
ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө баалардын жана тарифтердин өсүшү байкалган — Кыргызстанда бул баалар канчага өстү?
23:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бүгүн Бишкекте балдарга арналган эки күндүк улуттук форум башталат

© Sputnik / Табылды КадырбековТоп ойноп жаткан балдар. Архив
Топ ойноп жаткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда эки миллиондон ашык бала жашайт, бул калктын дээрлик 40 пайызын түзөт.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Борбор калаада бүгүн, эртең "Балдарды эрте өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жана кесипкөйлөштүрүүнүн келечектери" аталышындагы улуттук I форум өтөт. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондусунан кабарлашты.

Иш-чара Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ), "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду жана Ага Хан фонду менен өнөктөштүктө кыргыз өкмөтүнүн колдоосу алдында өтүп жатат.

"Иш-чара балдарды эрте өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн алга илгерилетүүгө жана эрте өнүктүрүү боюнча адистерди кесипкөйлөштүрүүгө багытталган. Кенже балалык мезгилди (7 жашка чейин) адистер өнүгүүнүн бардык аспектилериндеги укмуштуудай өзгөрүүлөрдүн аркасында "сыйкырдуу" деп аташат. Кенже курактагы балдардын ар тараптан өнүгүшүнүн процессинде чечүүчү ролду чоң кишилер ойнойт, алар өнүктүрүүчү чөйрөнү түзөт", — деп айтылган маалыматта.

Дал туулгандан тартып 3 жашка чейинки куракта балдар дене бой, когнитивдик (акыл-эс), эмоциялык жана социалдык жактан алда канча интенсивдүү өнүгөт. Бул куракта баланын мээси бир топ активдүү өсөт жана өнүгөт.

Быт в селе - Sputnik Кыргызстан
Япония Кыргызстандагы эне-баланын ден соолугуна кам көрмөкчү
"Кыргызстанда эки миллиондон ашык бала жашайт, бул калктын дээрлик 40 пайызын түзөт. Инвестициялар өтө маанилүү. Кенже курактагы баланы өнүктүрүүгө жумшалган ар бир доллар болжол менен жети долларлык киреше берет. Бул кайтарым билим берүү жана саламаттык сактоо жаатындагы натыйжаларды жакшыртуунун, кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүүнүн эсебинен алынат. Ал ошондой эле улуу курактагы калктын ар жылдагы жекече кирешесин дээрлик 25 пайызга жакшырта алат", — деп айткан ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо.

Форум эки күнгө созулмакчы.

Буга чейин Кыргызстан Борбор Азия боюнча балдар өлүмү эң аз өлкө экендиги маалымдалган. https://sputnik.kg/Kyrgyzstan/20180220/1037825587/borbor-aziya-boyuncha-baldar-olumu-kyrgyzstanda-az.html

Жаңылыктар түрмөгү
0