05:23 14 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8482
  • EUR78.0693
  • RUB1.1166
Өмүрү көрбөгөн кыргыз элине келип, анын салт-санаасын, нарк-насилин сиңирип, кыргыз болгон кытай кызы Тамара Саспаева

Нике кайып... Кыргызга турмушка чыгып өмүрүн арнаган кытай кыздын баяны

© Фото / из личного архива Тамары Саспаевой
Коом
Кыскача шилтеме алуу
224111

Тамара Кытайдан кыргызча бир сөз билбей, күйөөсүн ээрчип келген. Алгач кайын-журту, туугандары учурашабыз деп келип, улам бири үйүнө отко киргизип чакырып, жоолук салганына, күндө эт-кымыз беришкенине жаш келин көпкө таңгалып да, көнө албай да жүрдү.

Киндик каны тамган жерде жашап жүргөндө кийин кыргыздын атактуу жазуучусу, аңгеме чеберинин балпайган кемпири, кыргыздын байбичеси болом деп үч уктаса да түшүнө кирген эмес.

Бүгүн биз залкар адамы Аман Саспаевге өз өмүрүн арнап, өмүрү көрбөгөн кыргыз элине келип, анын салт-санаасын, нарк-насилин сиңирип, кыргыз болгон кытай кызы Тамара Саспаева туурасында айтып берүүнү эп көрдүк. 

Жительница Каракола, родом из Китая Тамара Саспаева в молодости
© Фото / из личного архива Тамары Саспаевой
Улуу жазуучу Аман Саспаевдин жубайы Тамара Саспаева жаш кезинде. Болочок келинчеги менен жазуучу Үрүмчүдө типографиядф иштеп жүргөндө таанышкан

Атасы кытай, энеси украин…

— Атам кытай болсо, энем украин кызы эле. 4-класска чейин орус тилинде окуп, 11-классты кытай тилинде бүттүм. Биз Үрүмчүдө турганда Аман типографиянын редактору эле. Атам ошол мекемеде ашпозчу, энем санитарка болуп иштечү. Жумуштан эрте келгенде энеме жардам берип калчумун. Аман ошол жерден мени байкап калган экен.

19 жашта элем, курбум экөөбүз бий аянтчасына бардык. Экинчи музыка башталганда бир жакшынакай жигит келип, бийге чакырып калды. Өзүн кытаймын деп тааныштырып, улам эле мени бийге чакырып, башкалар менен бийлегенге мүмкүндүк бербеди. Ошондон кийин экөөбүз жакшы таанышып калдык. Ата-энем кызыбыз советтик киши менен жакшы мамиледе болуп жүрөт, алып кетип калат деп кабатырланышкан. Бул маселе мени ойлонткон жок. Экөөбүз көбүнчө уйгур тилинде сүйлөшчү элек. 

Муж жительницы Каракола, родом из Китая Тамары Саспаевой
© Фото / из личного архива Тамары Саспаевой
Тамара апа: 19 жашта элем, курбум экөөбүз бий аянтчасына бардык. Бир жакшынакай жигит келип, бийге чакырып калды. Өзүн кытаймын деп тааныштырып, улам эле мени бийге чакырып, башкалар менен бийлегенге мүмкүндүк бербеди.

"…1959-жылы иштеген жерге үйлөнүү үлпөтүн уюштуруп, той өткөрдүк. Анда ал 30дан ашкан куракта болчу. Жаман жашаган жокпуз, жакшы жашадык. Бирок Аман "оңчул" деп куугунтукка кабылганда өз кесиби менен иштебей, башка жумуштарга жиберилди. Шахтыда эмгектенген күнү да болду, теңтуштарынын бир тобу түрмөдө өлдү. Анан паспорт жасатып, ошол жасалма документ менен бир канча үй-бүлө Кыргызстанга келдик", — деп эскерди Тамара Саспаева.

Биз менен болгон маегинде чек арада чарчап калган чүрпөсү, кыргыз жерин адеп аттагандагы сезимдери туурасында айтып берип отурду.

"Кызым Сиязхан жети ай кезинде чарчап калган. Биз Кыргызстанга алгач Түгөлбай Сыдыкбековдун үйүнө келдик. Анан Караколдо жылдык. Кайындарым, Амандын туугандары учурашабыз деп келип, улам бири үйүнө отко киргизип, жоолук салып, күндө эт-кымыз менен сыйлашты. Бул мен үчүн өмүрүмдө көрбөгөн таңгалычтуу салттар эле. Кийин ал салттар менен туулуп, ошол салттар менен чоңойгондой болуп, баары өз болуп, жан дүйнөмө сиңип кетпедиби", — деди ал. 

Жительница Каракола, родом из Китая Тамара Саспаева с мужем
© Фото / из личного архива Тамары Саспаевой
Тамара апа кыргыз тилин билчү эмес. Уйгурча, кытайча, орусча жакшы сүйлөп, казакчаны түшүнчү экен. Кыргыз жерин аттап, жоолукту алдына байлап, көлдүктөрдүн салты боюнча сакалдууларга күн сайын жүгүнүп, бешбармак жасаганды өздөштүрөт.

Бир ооз кыргызча билбей келген келин…

Тамара кыргыз тилин билчү эмес. Уйгурча, кытайча, орусча жакшы сүйлөп, казакчаны түшүнчү экен. Кыргыз жерин аттап, жоолукту алдына байлап, көлдүктөрдүн салты боюнча сакалдууларга күн сайын жүгүнүп, бешбармак жасаганды өздөштүрөт. Өзү жакшы көргөн лагманды айылдагыларга үйрөтүп, кийин ал жашаган аймактын кыз-келиндердин көбү лагмандын камырын созулта чоюп, ар түркүн чөптөрдү кошуп, түрдүү тамактарды жасаганды өздөштүрүп кеткен. Орусча анча-мынча билгендер менен сүйлөшүп, бир жарым жыл дегенде кыргыз тилин да таптак билип алат.

Күйөөсү гезитте иштеп жүргөндө, Москвада эки жыл окуганда, кийин чыгармачылык менен алектенгенде да, тоскоол болбой, анын Караколдо жашап, иштешине шарттарды түзүп берет. 

Жительница Каракола, родом из Китая Тамара Саспаева с сыном
© Фото / из личного архива Тамары Саспаевой
Аман Саспаев жубайы экөө Артуш, Мурат, Турган, Арзы, Аруун, Кундуз деген уул-кыздуу болушкан

Нике кайып…

Тамара кайын журтун мекендеп, балдарын багып, совхоздо калат. Кырманда, кызылча отоодо, кой туутта ар бир советтик аял сыяктуу иштебеген жумушу калган эмес. Артуш, Мурат, Турган, Арзы, Аруун, Кундуз деген уул-кыздуу болушат.

Нике кайып деген сөз эске түшөт. Аман Саспаев аны асырап, өстүргөн атасы эки жерге куда түшүп, бирине калың бергенине карабай, Тамарага үйлөнгөн экен.

Тема боюнча

Роза Айтматованын ыймандай сыры. Сагыныч, атак-даңк жана арман
Өз жеримде өлгүм келет. Мекенине келип кор болгон качкын президенттин тагдыры
Паралимпиадачы Эсен Калиев: тагдыр экен, уулумду жалгыз тарбиялайм
Белгилер:
аңгеме, үй-бүлө, жигит, жазуучу, каада-салт, кыз-келиндер, Кытай, Ысык-Көл

ЭҢ МААНИЛҮҮ