Тойду жаңыча өткөрүүнүн сценарийине сынак жарыяланды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүЦыганская свадьба
Цыганская свадьба - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тойду өткөрүү боюнча сунушталган сценарийди 11 кишиден турган калыстар тобу тандамакчы

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Кыргыз тойлорун жаңы үлгүдө өткөрүү боюнча сценарийге Маданият, маалымат жана туризм министрлиги конкурс жарыялады. Бул туурасында аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

"Көптөгөн тойлор байлыгын даңазалоо, обу жок мактануу менен коштолууда. Айрым учурларда той ээлери насыя алып, аны жаба албай, карызга батып жатканы да жашыруун болбой калды. Буга байланыштуу тойлорду жөнөкөйлөштүрүү жана ысырапчылыкка бөгөт коюу максатында аталган конкурс жарыяланды", — деп билдиришти министрликтен.

Төмөндө министрлик жарыяланган конкурстун максаты менен шарттарын толук беребиз.

Конкурстун максаты:

— Тойлорду өткөрүүнүн дүйнөлүк мыкты тажрыйбалары менен улуттук салттарды жана жөрөлгөлөрдү шайкеш келтирүү;

— Ысырапчылыкка бөгөт коюу;

— Сырттан алынган, сапатсыз кийим-кечектерди, буюмдарды кийитке, белекке таратуу адатынан, кыскасы, ашыкча чыгымдардан арылуу;

КР эл артисти, мурунку маданият министри Түгөлбай Казаков тегерек стол учурунда - Sputnik Кыргызстан
Түгөлбай Казаков: тойдун убактысын үч саат кылып кыскартуу керек
— Тойлордо тамак-аш тартуунун жаңы жол-жобосун иштеп чыгуу (ар башка азыктарды, суусундуктарды жана ичимдиктерди тынымсыз керектөөнүн артынан саламаттыкка зыяны тийип жатканын медиктер айтып жатышат);

Той өткөрүүнүн жаңы маданиятын калыптандыруу (тамадалардын ролу, ырчы-бийчилердин биринин артынан биринин катышуусу ж.б.у.с.).

Өткөрүү тартиби:

— Конкурска каалоочулардын бардыгы катыша алат;

— Сценарийлер мамлекеттик же расмий тилде кабыл алынат;

— Сценарийлерде үйлөнүү үлпөтүн, маарекелерди, тушоо кесүү, сүннөт тойлорду өткөрүүнүн жаңы жол-жоболору камтылууга тийиш;

Сценарийди аталган министрликтин маданиятты, искусствону жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү башкармалыгынын iskusstvo_art@mail.ru дарегине жазып, (0312) 621194, 623497 телефон номерлерине чалышы керектиги айтылган.

Жогорку Кеңештин жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тойдун чыгымын чектөөчү мыйзамды депутаттар эмнеге колдобой койгону ачыкталды
Эмгектер 2018-жылдын 1-майынан тарат 15-сентябрь саат 12.00гө чейин кабыл алынат.

1-орун үчүн 100 000, 2-орун үчүн 70 000, 3-орун үчүн 30 миң сом каралган.

Сынакты өткөрүү үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан 11ден кем эмес адамдан турган калыстар тобу түзүлөт. Ага министр Султан Жумагулов жетекчилик кылат.

Буга чейин Sputnik Кыргызстан "Насыя жана той — жүрөк оорутпай кантип той берсе болот" аттуу тегерек стол өткөрүп, анда бир топ пикирлер айтылган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0