10:21 14 Бештин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8447
  • EUR79.5147
  • RUB1.0542
Ак үйдүн алдына Ош базарындагы өрттөн жабыркаган соодагерлер менен Тогуз-Торо районундагы Макмал алтын комбинатындагы Джи Эл Макмал Девелопинг фабрикасынын курулуштарын өрттөгөн деп камалган жарандардын жакындары митингге чыкты.

Ак үйдүн алдына 200дөн ашык адам митингге чыкты. Сүрөт

© Фото / Сергей Аладьев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
201 0 0

Жалпы жонунан Жогорку Кеңештин имаратынын алдына 200дөн ашык адам чогулган

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Ак үйдүн алдына "Ош" базарындагы өрттөн жабыркаган соодагерлер менен Тогуз-Торо районундагы "Макмал" алтын комбинатындагы "Джи Эл Макмал Девелопинг" фабрикасынын курулуштарын өрттөгөн деп камалган жарандардын жакындары митингге чыкты.

Нааразычылык акциясына чыккан соодагерлер базарды кайра калыбына келтирүү, алган насыянын үстөгүн азайтуу талабын коюшту. Тилсиз жоодон жабыркаган он адам Жогорку Кеңештин төрагасынын кабыл алуусунда болуп, көйгөйлөрүн айткандыгы кабарланды.

  • Митинг у здания Жогорку Кенеша в Бишкеке
    Ак үйдүн алдына "Ош" базарындагы өрттөн жабыркаган соодагерлер менен Тогуз-Торо районундагы "Макмал" алтын комбинатындагы "Джи Эл Макмал Девелопинг" фабрикасынын курулуштарын өрттөгөн деп камалган жарандардын жакындары митингге чыкты.
    © Фото / Сергей Аладьев
  • Митинг у здания Жогорку Кенеша в Бишкеке
    Нааразычылык акциясына чыккан соодагерлер базарды кайра калыбына келтирүү, алган насыянын үстөгүн азайтуу талабын коюшту.
    © Фото / Сергей Аладьев
1 / 2
© Фото / Сергей Аладьев
Ак үйдүн алдына "Ош" базарындагы өрттөн жабыркаган соодагерлер менен Тогуз-Торо районундагы "Макмал" алтын комбинатындагы "Джи Эл Макмал Девелопинг" фабрикасынын курулуштарын өрттөгөн деп камалган жарандардын жакындары митингге чыкты.

Эске сала кетсек, кырсык 13-апрелге караган түнү болгон. Өрттүн очогу Киев менен Кулиев көчөлөрүнүн кесилишине жакын "Берекет" базарында жайгашкан. ӨКМ базар атайылап өрттөлгөнүн айтып, милиция кылмыш ишин козгогон. 5400 чарчы метр аянтты жалмаган өрт 16 сааттан кийин толук өчүрүлүп, сатуучулардын товарлары күйүп кеткен.

Алардан сырткары, митингге Тогуз-Торо районунун 100гө жакын тургуну дагы чыкты. Элет жеринен келгендер кытайлык ишкананы толук жаап, камакта жаткандарды боштондукка чыгарууну суранууда.

11-апрелде "Макмал" алтын комбинатынын алдына миңге жакын тургун чогулуп, кытайлык "Джи Эл Макмал Девелопинг" фабирикасынын курулуштарын өрттөп жиберген.

Жалпы жонунан Жогорку Кеңештин имаратынын алдына 200дөн ашык адам чогулган. Коомдук тартипти милиция кызматкерлери көзмөлдөөдө.

Тема боюнча

"Макмалдагы" митинг: өрттөн улам фабрика эмнеден кол жууду
"Макмалдагы" өрт. Милиция кылмыш ишин козгоду
Уюлгуган кара түтүн, жаалданган эл. "Макмалдагы" өрттүн видеосу
Белгилер:
митинг, Ак үй, Бишкек
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ