Депутат Турускулов талкуу жараткан сүрөтүнүн чоо-жайын айтты

© Фото / пресс-служба ЖК"Республика — Ата-Журт" фракциясынын жаңы шайланган лидери Жыргалбек Турускулов. Архив
Республика — Ата-Журт фракциясынын жаңы шайланган лидери Жыргалбек Турускулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери интернетте тараган сүрөт 14 жыл мурун тартылганын ачыктады

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. "Республика — Ата-Журт" фракциясынын жаңы шайланган лидери Жыргалбек Турускулов коомчулукта талкуу жараткан сүрөтүнүн чоо-жайын айтып берди.

Эске сала кетсек, социалдык тармактарда эл өкүлүнө окшогон адамдын атылган тоо текенин мүйүзүнөн кармап түшкөн сүрөтү тарап, сынга кабылган. Депутат сүрөткө тартылган киши өзү экенин тастыктады.

"Сүрөт 14 жыл мурун тартылган. Ал убакта мен аңчылыкка кызыгып жүрчүмүн. Албетте, мылтыкка жана аңчылык кылууга уруксат берүүчү тиешелүү документтерим бар болчу. Белгилей кетчү жагдай, мен аңчылыкка мораторий киргизүү боюнча демилгенин авторлорунун биримин", — деди Турускулов.

Кыргызстандагы жоголуп бара жаткан жаныбарлардын сүрөттөрүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн көрүңүздөр.

Жаңылыктар түрмөгү
0