БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков мэриянын "Бишкек токой паркы" долбоорун жактырып, аны ишке ашыруу планын иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу калаа башчысы Албек Ибраимов Facebook баракчасына жазды.
Долбоор 27-февралда өкмөт үйүндө көрсөтүлгөн.
"Талкуунун жыйынтыгында премьер долбоорду жактырып, мэрияга аны ишке ашыруу үчүн деталдуу планды иштеп чыгууну тапшырды", — деп жазган мэр.
Ибраимов "Бишкек токой паркы" шаардын жашылдандыруу аймагын кеңейтүү экенин кошумчалаган. Ал жакын арада шаардыктарга кошумча маалымат берилерин айтты.