Дүйнө чемпионатынын кубогун алып келе жаткан учак Бишкекке коно албай койду

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүСамолет во время посадки в сложных метеоусловиях
Самолет во время посадки в сложных метеоусловиях - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Футбол боюнча дүйнө биринчилиги Россияда үстүбүздөгү жылдын июнь айында башталат

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Аба ырайынын катаалдыгынан улам кечээ футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын кубогун Бишкекке алып келе жаткан учак "Манас" аба майданына коно алган жок. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине өздүк булактардан билдиришти.

Учак Бишкекке эртең менен конуп, дүйнө биринчилигинин кубогу саат 10.30да Hyatt мейманканасында элге көрсөтүлмөк.

Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 11 аэропорт иштейт, бирок көбүнө учак конбойт
Бирок коюу тумандан улам самолет Алматы шаарынын аэропортуна конууга мужбур болду.

Азырынча кубокту көрсөттүү иш-чарасынын мөөнөтү жылдырылды. Ал Бишкекке бир нече сааттан кийин алып келинип, андан ары Тажикстандын Душанбе шаарына жөнөтүлмөкчү.

Бул тур былтыр сентябрь айында Россияда башталган. Кубок дүйнө жүзүндөгү төрт континенттеги 50дөн ашык мамлекетте болуп, 126 миң чакырымды басып өтөт.

Футбол боюнча дүйнө биринчилиги Россияда үстүбүздөгү жылдын июнь айында башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0